2.28.2015

Кусейин Эсенкожоев. “Үчүнчү шар”



(фантастикалык аңгеме)

Жолдоштор! Мен өзүмдүн кесибимдин орчундуу жерлерин сиздерге айткым келет. Албетте, сиздер бул менин кесибимди билгенден кийин, сиздер да меники сыяктуу кесиптерди ойлоп жана маанилүү жыйынтыкка келүүңүздөрдү күтөмүн.

Мен бир күнү асманда калкып жүргөн жаандын бууларын, абада сызып учуп жүргөн канаттуу куштардын учушун байкап, алардын асманда көтөрүлүп учуп жүргөндүгүнүн себептерин таба албай, көпкө ойлонуп жүрдүм. Бирок көп убакыттар өтсө да, алардын асманда көтөрүлүп, абада калкып жүргөндүгүн чече албадым. Менин мындай окуянын чындыгына жетүүдөгү максатым чоң эле. Мен ага тажрыйба кылуунун натыйжасы менен гана ал максатка жетеримди билдим. Ал максатты иш жүзүнө аткаруу үчүн бир топ чоң окуяларды өткөрүү керек болду.

Менин белгилүү оюма жардамдаш бир буюм табылса, ошол буюм аркылуу гана астымдагы чечилбеген максатты чечеримди билдим.. Асманда дүйнөнүн боштугунан орун алып, жер шарын тегерете курчап турган абадан жеңил бир буюм табуу эле. Ал буюмду сураштырып жана тажрыйба кылып гана таптым. Ал табылган буюм асманда калкып жүргөн калың абанын бир түрү болучу. Ал водород газы эле. Бул водород газы суу составынын үчтөн эки бөлүгүн ээлеп, жалпы абадан 14,5 эсе жеңил экендиги белгилүү.

Менин тилеген буюмум табылгандан кийин, баягы чечилбеген максатым да чечилди. Мен ал водород газын бир шарга толтуруп, оозун бууп, көккө коё бердим. Ал шарым жогорулагандан жогорулап, алыстай берди. Мен, мындай жеңил газ аркылуу шардын жогорулап учушунан булуттардын жогоруда көтөрүлүп жүрүшүн билдим.

Мен экинчи шар жасап, ал шарга белгилүү оордукту көтөртүүгө ойлодум. Бир күнү экинчи шарымды жасап бүтүп, өзүмдүн багып жүргөн бир итиме жакшылап үй жасап, терезе салып, тамак камдап, абанын суюк катмарында кислороддун жетишсиздигин эске түшүрүп, иттин дем алууга керектүү абасын даярдап, газга толгон шар менен бирге чиркештирип, асманды көздөй учуруп коё бердим. Ит белгилүү ыраактыкка чейин терезеден башын чыгарып барды да, алыстаган санын карааны жоголуп, кайда кеткени белгисиз болду.

Мен үчүнчү шар жасап, өзүм учууну туура таптым. Өзүм түшүүчү үчүнчү шарды абдан мыктап жасадым да, ага үй жасап, жолго алып жүрүүчү шаймандарымды жана азык-түлүктөрдү алып, белгисиз, калың аба боштугуна жол тартууну ойлондум. Акырында ал да орундалды. Абага көтөрүлүп уча баштадым. Шар көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, жерден алыстагандан алыстай берди. Жердеги кыбыраган жан-жаныбарлар кичирейгенден кичирейди, алар барган сайын бопбоз болгон гана мейкин талаадай көзгө үлпүлдөп көрүндү. Бир аздан кийин эч нерсе көрүнбөй, белгисиз бир караңгы түнгө кезиге баштадым. Кайда жылып бара жатканын сезе албадым, аны токтото да албадым. Себеби, ал шарды белгилүү жакка башкаруучу менде тетик болбоду. Шардагы газды чыгарайын. Дейм, бирок корком, себеби, газды чыгаргандай кийин токтоосуз барып жерге тиеримди билемин. Кармоого эчтеке жок. Жалгыз гана кармалбаган абанын ичинде шар менен мен учуп бара жаткансыйм. Жер шарын тегерете курчаган абанын арасында кетип бара жаткан жандын бири мен гана болсом керек.

Күн нурун тосо албаган суюк аба менин дем алышыма да суюктук кылгансып, демим кысылып, башым каңгырай баштады. Бирок мен жолго чыкканымда, абанын сейрек болушун эске алып, өзүм менен бирге белгилүү дем алдыруучу коюу абадан запас кылып алган элем. Мен ошол запас аба менен дем алып келе жатам. Кыбыраган жан, шырп эткен дабыш жок.

Эч жылчыксыз караңгылыктын арасында гана келе жатамын, келген жолум ушу го дегенсип, үйүмдүн терезесинен башымды чыгарып ылдый карайм. Бирок миң карасам да көзүмө караңгылыктан башка эч нерсе көрүнбөйт. Күндүн ачык-бүркөгү да белгисиз. Учсуз, түпсүз узак жолдун кайсы жагын көздөй шардын көтөрүлүп бара жатканы белгисиз. Жерден кабар алгым келди. Кат жаздым да, нандын ичине салып ыргытып жибердим. Ал каттын мааниси мындай эле.


АСМАНДАН АЛЫСКА КАТ

«Мен бир шар жасап, ал аркылуу көтөрүлүп, жогоруга учтум эле. Бирок менин шарымда кемчиликтер болгондуктан жана өзүмдүн болжогон жериме бара албай, белгисиз жолго түшүп, суюк абанын арасында гана жогорулап кетип бара жатам. Жарык шооласы да жок, караңгылык, менден башка эч бир жандын бардыгы сезилбейт. Ал караңгылыкты сөз менен айтып, көз менен болжолдоор эмес.

Мен 25-майда асманга учтум эле, ошондон бери нече сутка болгондугун да билбейм, себеби, мага күндүн чыкканы жана батканы билинбейт. Андыктан жер менен байланышуу үчүн кат жазып таштоого туура келди. Ким билет, бул катым кургак жергеби, же сууга түшөбү? Мейли эмне болсо да, тобокелге салып, бул катты жазып, атымды коюп, нандын арасына тоголоктоп салып, ыргытып олтурамын, менин азыркы кыскача абалым ушул» — деп жазып, кол койдум.

Мына мен шар менен дагы эле көтөрүлгөндөн көтөрүлүп учуп бара жаткан сыяктанам. Жерди көздөй ыргыткан катымдан гана үмүт кылгансыйм. Бирок ал каттын кетишине бир топ убакыттар болсо да, мен жакка эч кабары сезилбейт. Шарды жарып жибергим келет, кайрадан сабыр кылам.

Аңгыча, калың караңгылыктын арасынан кулагыма бир дабыш пайда болду. Бул сапар тарткандан бери дабыш укканым ушул гана. Кулака чалынган бул дабыш санааны эчен түргө бөлдү. Ал дабыш негедир уламдан-улам жакындай бергенсиди. Дабыш катураак угула баштады. Алыстан угулган дабышты белгилеп ажырата билүүгө болбоду. Жерге ыргыткан катымдан бир жардам келе жатабы деген ойго да батым. Бирок абанын жогорку катмарына менден башка ким келмек эле деген ойго чөгөмүн. Бир нерсе көзгө көрүнөр бекен деп, үйүмдүн терезесинен баш багып, көзүмдү ачып, айланамды карайм. Үн чыгарайын дейм, корком. Дагы бир кырсыкка учурабагай элем деген ойго кетем.

Калың караңгылыкты жаңырткан үн жакындай берди. Бул эмненин үнү экен дегенсип, ага мен кулагымды тосуп тыңшадым. Ал үн кез-кездерде. арсылдап үргөнсүп кетет. Мен ал үндү экинчи учурган шардагы ит болбосун деп болжодум. Кулагымды салып дабышты тыңшайм. Ал дабыш чыны менен иттики экени жакындаган сайын айкындалды. Бирок, ал чыккан иттин үнүнөн канча алыстыкта келе жаткандыгымды билбейм, караңгыдагы абадан көп эле алыстыктан угулгандыгы белгилүү иш. Менин итим го деген үмүт менен итти атынан чакыра баштадым, ит ого бетер дабышын күчөттү. Муңдуу үн менен улуп, тааныгансып кыңшылай баштагансыды. Итимдин артынан барган сайын чакырып, калың караңгылыктын тынчын алгандай болом. Итим да мени белгисиз жерден учураткандай болуп, кубангансып улугандан улуду.

Аңгыча жогорулап бара жаткан шарым бир буюмга урунган сыяктанды. Итимдин дабышы жогору жактан чыкканы ачык айкындалды. Бир аздан кийин шарым кайрадан жогору көтөрүлгөндөй болуп сезилди. Иттин шары үйүмдөн чыккан чырактын жарыгы менен көрүнө түшүп, ылдыйлап бара жаткан сыяктанып, шардын газы азайып, куушурулуп бара жатат.

Терезеден колумду чыгарып, ылдыйлап кетип бара жаткан шарды кармай калдым. Кармаган шарымды өйдө тарттым да, андагы итти өз үйүмө чыгарып алып, шарды коё бердим. Ал жарылып калган экен. Шуулдаган бойдон жерди көздөй түшүп кетти. Итим кайдан жолуктуң дегендей мага эркелеп, кыңшылады, итке тамак бердим. Ит мени сагынгандай, көзүн балбылдатып, мага карап жалактады. Мен жарайсың деген ой менен башынан сыладым. Менин ички сырымды ал билбей, анын ички сырын мен билбей, сүйлөшүп, акылдашпагандыгыбызга экөөбүз тең бууругабыз.

Итиме кездешкенден кийин менде да чоң кубаныч пайда болду. Себеби, менден бир топ күндөр мурун кеткен итиме кездештим. Эми эли-журтума деле кездешемин деген үмүт мени бир кубанычка салгандай болот. Албетте, мындай чоң кубанычта ойдун, санаанын кайда кеткенин билбей, болуп жаткан окуяны күнүмдүк дептериме унутпас үчүн жазып да барамын.

Шар кылкылдап жогорулаганынан токтолгон сыяктуу болуп сезилди. Шардын ылдыйлашы мени дагы кубандырды. Бирок бул шардын жарылгандыгынан ылдыйлаганыбы, же болбосо ит экөөбүздүн салмагыбыздан болгон ишпи, айтор белгисиз. Чындыгында салмактын басышынан болуп чыкты. Жаш жүрөк кабына батпай, алып учкандай болду. Итти ким билет. Ал айбан го, билеби, билбейби, бирок ал да кубанычта экендиги сезилет.

Бир маалда калың караңгылык суюлгансып, ылдыйлаган сайын жарыктын шооласы көзгө элестей баштады.

Шардын ылдыйлаганы ыкчамдаган сыяктуу, уламдан-улам караңгылык азайып, жарык көбөйө берди. Бир маалда күндүн көзүн көрдүк. Биз менен амандашкансып, жарык нурун бизге чачырата тийгендей болду. Бир калың булуттун үстүндө болдук. Андан ылдыйладык, калың булут күндүн көзүн калкалады. Бир маалда жаркылдаган чагылгандуу калың жаанга кездеше түштүк. Жер көрүнбөй калды, күн жаап жатат. Ит да чыдай албай кыңшылап, шардын бат түшүшүн күтүп жойполоктойт. Жер, ай,.. ой-тиричилик, жер деген ичтеги күнгүрөнгөн дабыш менен мен дагы терезеден башымды чыгарып карап турам.

Бир маалда, мунарланып тоо чокулары көрүнүп, мурда көрбөгөн, чокусун ак кар каптаган бийик тоого кездешүүчүдөй жакындап кирип келе жатабыз. Бир аздан кийин шар, эки жагы жалама кызыл чополуу жардын бооруна жакындай баштады. Шарыбыз бир гана көк чөптүү тектирчеге барып, конуп калды.


***

Алды зоо, үстү аска, жолсуз туюк капчыгайдын арасында бир кичине тектирчеде, коркок коён өңдөнүп, итим экөөбүз алдыбызда таштан ташка урунуп, көбүрүп агып жаткан сууну карап коёбуз да олтурабыз. Жан сактап, жашап турган жар боорундагы тектирчебиздин чоңдугу чейрек гектардай гана жер. Биз турган мындай белгисиз жер жана агып жаткан суу карта боюнча кайсы жерде экени да сиздерге белгисиз. Беттешкен маңдай жагыбыз — жалама капчыгай. Туура жагыбыз болсо, бодурлуу аска таштар, үңүрөйгөн үңкүрлөр. Мындан башка көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөйт.

Асмандан айдын шооласы — асмандап көк тиреген зоодон ашып келип, нурун чачыратат. Күндүз күн да түшкө жакындаганда гана асман тиреген зоонун башынан ашып келип тийип, түш оогон ченде маңдай жагыбыздагы чоң зоого жашырынат да кетет. Мындан башка эч нерсе көрүнбөйт. Шар менен кошо түшкөн азык-түлүгүбүз да түгөнүүгө жакындады. Азык табууга дарман да жок. Өзүбүз жашап турган чейрек гектар түзөң тектирчеде бизге тамак болуу үчүн эч нерсе көрүнбөйт. Жалгыз гана көзгө жагымдуу көк чөп, андан башка эч нерсе жок. Мындай турмуш өтпөс жерден кантип кутуларымды да билбейм. Шар менен учуп, дагы башка жакка кетели деген үмүт болот. Бирок шарыбыз — жашап турган жерибизге конордо, жогор жакта бир чоң борчукка урунуп жарылган. Мына азыр биздин дарман ушул гана абалда турат. Эптеп жол таап, түшүп кетемби деген ойго батам да, жол карайм.

Албетте, мынча асман тиреген бийик зоо болсо жана алды жакта көбүгүн чачып агып жаткан чоң суудан, көзгө чоочун жерден кандайча жол тапмакчымын. Кандайча жол болмокчу. Жол жасап, ылдый түшүүгө же жогору. чыгууга колдонула турган белгилүү курал жок. Жалгыз тана-шар менен көтөрүлүүгө керек болчу, майда курал бар. Мындан башка ырымга курал жок. Санаа көптү ойлотот, акыл жетпейт. Итим да кантип кутулабыз дегендей болуп кыңшылайт да, ички сырын мага айткансыйт. Бирок ал — айбан, мен — адам, экөөбүздүн ортобузда акыл алмаштыруучу тил жок. Эртеден кечке аракет кылгансып, жашоо турмушун ойлойм да олтурам. Итим да менин оюма көз салуучудай, алыска көз жиберип маңдай жагыбыздагы асман тиреп, көз мелжиткен бийик зоону тиктеп, бир нерсени көргөндөй болот да, арс-арс үрүп, шыйпаңдап тим болот. Мен да көк тиреген зоонун боорундагы арсак бодурлардын арасына көз жиберип, бир нерсе көрүнөбү деген үмүттө болом. Бирок, менин ал үмүтүм орундабагансып, көзүмө эчтеке чалынбайт да, үмүт үзөм.

Биздин күнүмдүк бактыбызга жаралгансыган биз турган тектирченин күн чыгыш жагындагы зооканын боорунан жылжып агып жаткан кичине булактан суу ичем да, үнөмдүк менен тамак жейм. Кагырап каткан сухарды сууга бир кесимден салып, бир маал наар аламын да, итиме да бир маал наар алдырып, тамак берем. Шардагы үйүмө түнкүсүн кирип жатсам да, күндүзгүсүн бул арадан кутулуу аракетинде болом.

Бирок мага жардам берүүчү бирөө да болбоду. Ойлоном, санаага түшөм, кутулуу жолун таба албайм. Таң атат, күн батат, мен күн сайын аракетте болом. Албетте, канчалык аракеттенбейин, канчалык ойлонбоюн, мен ал жерден оңойлук менен кутулбай турганмын. Менде курал да жок, жалгыз гана бир бычагым бар. Анын кыры менен оттук ташты чактым. От кыпыны пайда болду. Аны пахтага тутанттым. Бирок күйүү буюму болбогондуктан, мен от аркылуу курал жасоо максатымды да таштадым. Мына мындай кырсыктар менден кетпей турган болду. Күндөр өтүп жатты, азыгым да азайды. Мен эчен аракет кылсам да, эчен акыл ойлоп, ой жүгүртсөм да, бул кыйынчылыктан кутулуунун амалын таба албадым. Жашап турган жерибизге эч бир адамзат барбаган. Жалгыз гана учкан канаттуулар бир аз коно калып, кайта учуп кетишет.

Мына ушундай абалда турушубузга он күн болуп калды. Он күндүн ичинде табияттын туткунунан бошонуп чыгуу акылын таба албадым. Эчен капага түшөм. Бир күнү ойлой-ойлой акыл таптым. Итимди кандай да болсо ушул зоодон чыгаруу максат болду. Бир күнү турган зоонун боорундагы тектирченин батыш жак жээгинен оңтойлуураак, суунун жээгине түшүүчү бир изди итке көргөзүп, эмне болсоң ошол бол деп, итимди кол шилтеп, божомол жаңдоолор менен жолго түшүрдүм, ит да менин сөзүмдү түшүнгөнсүп, зоонун боорундагы жолчо менен тырбалаңдап тырышып, бутунун тырмактарын ташка мадагансып жүрүп олтуруп, суунун боюна эптеп жетип, мени карап үрүп-үрүп, узак жолго түштүм дегендей жок болду.

Мен да бир нерсени унуткансып, итке карап ойлонуп кала бердим. Менин ал оюм болсо, кат жазып туруп, иттин мойнуна байлап, белгисиз жолго салуу эле. Бирок бул оюмду унутканмын.

Аскалуу зоонун боорунда мен гана жалгыз калдым. Итимдин кеткенине бир топ күндөр болуп калды. Бирок эчен күндөр өтсө да, иттен кабар жок. Тоонун башынан кылайып алтын нурун жерге сепкенсип, күлүңдөгөн күн мага таң калкандай болот да, төрт саат чамасында мен турган жерге нурун чачып, асмак тиреген тоонун ар жагына жашырынат.

Кантип кутулсам деген ой бул арада мени басат да турат. Мына ушундай абалда ойго батып, санаага чумулуп, алды жагымдагы агып жаткан азоо сууга көзүмдү жиберип отурдум. Аңгыча маңдай жагымдагы чоң зоонун этек жагынан арбаңдап качып бара жаткан бугунун артынан түшүп, тынымсыз созулуп бара жаткан көзгө чоочун бир айбан көрүндү.

Бул кандай айбан экендиги азырынча белгисиз. Баягы бугуну кууган айбан, арылап узай түштү да, көзгө илээшпей жок болду. Мына менин биринчи айбан көрүшүм.

Бир күнү азыгымды эсептесем, орто эсеп менен 10 күнгө гана жетерлик калыптыр.

Мен азыгымды түгөткөндөн кийин эмне кылмакчымын, кандайча айла болмокчу. Чөп жеп тамактанамбы, же тамак бүтүп, чын эле өлүм коркунучунда каламбы. Кантем, мен бул даражага эмне туш келдим? Жарамсыз шар жасап, асмандап калың катмарланган абага эмнеге учтум? — дейм да, өзүмдү өзүм кылмыштуу деп ойлоймун.

Мына ушинтип оор абалда жаш жандын айласын таба албай турганымда жогору жагымдан иттин дабышы угулгандай болду. Сүйүнүч кирди. Бир маалда жогору жагымда шагырап кулаган майда таш аралаш кумдун шыгырап эшилип жаткандыгы көзүмө көрүнө түштү. Аңгыча, жогору жактан эрбең-сербең көзгө илээшип, бир нерсе көрүнүп, ылдый карай кулап келе жатты. Бул кандайдыр бир жактан бир нерсенин запкысы тийип, кулаган жапайы айбан болуп чыкты. Ал айбанга жакындап барып, аркайган эки мүйүзүнөн тарттым. Ал тоо эчкинин токтолгон текеси болгондон кийин менин алым жетпеди, аны ордунан кыймылдата албадым. Бирок эптеп жатып жылдырып, көк чөптүү жерге алып келдим.

Мен бул кийикке таң калдым да, бирөө аттыбы, эмне кылды экен дегенсип, ар жак бер жагын карадым. Анын арткы бутунун санынан шүүшүн кан чыгып жаткандыгын байкап, акырын колум менен кармап көрдүм. Анын бутунун сынгандыгы сезилди. Бул мен үчүн азык болот деп сүйүндүм. Аны союп, этин катыра баштадым. Азык да табылды. Өткөндөгү иттин үнү эмнегедир угулбай калышына таң калам.

Бир күнү өткөндөгү окуяны ойго салып, өзүмдүн турган аянтчамдын суу жак чекесине келдим да, бир чоң таштын үстүнө чыгып, айлана-тегерегиме көз жиберип карап турдум. Бир маалда ар жактагы асканын боорунан, бир чоң үңкүрдүн оозунан бир нерсе башын чыгарып мени карайт да, кыйшайып өңүлгөндөй болот. Бул эмне балакети болду деп чочуп, баягыга көз сала баштадым. Бирок анын эмне экендигин билбедим, себеби, анын жалгыз гана башынан башка эч бир денеси көрүнбөдү. Айла куруп, жүрөктү коркунуч басты. Мен чоң таштын түбүнө барып жаттым да, уйкуга кеттим.

Күн бүркөк, жер караңгы, зоонун бооруна уюлгуп келип тийген ышкырган карандай шамал. Мени коркунуч баскан, шамалга муңумду айткансып, кара таштын үстүндө олтурам. Аңгыча, замбирегин аткансып, чагылган жаркылдап, нөшөрлөп төккөн кара жамгыр куйду да турду. Асты жакта арыштап, таштан ташка тийип, экиленип агып жаткан суу бул арада кызыл кочкул болуп жатты. Менин жанымдагы жылжып агып жаткан кичине тунук булакча да кызыл кочкул болуп ашып-ташып, шарылдап, аскадан түшүп, алды жактагы чоң сууга кошулат да, белгисиз узак жолуна түшкөндөй болот. Менин турган аянтчама жогорку жактагы зоодон шаркырап куюп жаткан жамгырдын суулары мени эчен коркунучка түшүрдү. Бир маалда аянтчамдын суу жак чекесинин бир бөлүгү күп деп көчүп, алдыдагы агып жаткан сууга түшкөндөй болду. Мени коркунуч үстүнө коркунуч басты.

Төгүп жаткан жаан бир аз токтолгонсуп, себелей баштады. Мен да бир аз эсимди жыйып, чоң кара таштын далдаасынан башымды чыгарып, түнкү болуп жаткан табият окуяларын байкадым.

Мен эртеси, урап сууга кеткен аянтчамдын бир бөлүгүн байкап карасам, тең жарымы ураган бойдон сууга кеткен экен.

Мага жардам кылар итимдин менден бөлүнүп кеткендигине 23—24 күн чамаларында болсо да, ушул күнгө чейин кайрылып бир белги берүүгө жарабагандыгынан айбандын эссиздигине, акылсыздыгына капа болом. Менин аз убакытка жетүүчү белгисиз жерден кулап келген тоо текенин эти да түгөнүп калды. Ал тоо текенин этин эсептеп келгенде араң гана 7—8 күнгө жетерлик. Менин азыркы учурум, азыркы күн көрүүм азырынча ушул гана болду. Менин бул белгисиз жерге келип түшкөндүгүмө мына бүгүн эки ай үч күн болгон экен, ошончо убакыттар өтсө да менин ойлогон оюм, кылган аракеттерим мен үчүн пайдасыз болуп чыкты.

Менде белгилүү курал-жабдык болсо, мындай табияттын туткунунан кутуларыма шек болбос эле. Бирок менде куралдын болбогондугу, жердин тарлыгы — дүйнө жарыгын бүгүн көрөм, эртең көрөм менен гана «жашоодон» үмүт үзүп, айла табылбай амал бүтө тургандай болду. Эки ай үч күндөн бери менин алым кетип, жардамдашар нерсе жок, күн бүткөнсүп көрүнөт.

Мен эмне үчүн мындай окуяга туш келдим экен? — деп ойлоймун.

Менин абалым ушундай болду. Бир күнү болгондорду санап, күндөр алга жылып, азык азайганын ойлоп олтуруп, оор уйкуга кетип да калыпмын. Бир маалда күшүлдөп, колумду жалаган бир нерсени сездим. Кандайдыр, уйкудан ойгонуп, көзүмдү ачтым. Маңдайымда, көзү мага карап кадалган бир нерсе турат, бул кандай нерсе, билбейм, чочуган бойдон чындап, маңдайымдагы арсайган жүндүү айбанга көзүмдү жибердим. Ал мага белгилүү аюу болуп чыкты!

Мен анын кайдан келгенин биле албай, кантейин, экинчи кайгыга үчүнчү кайгы кошулуп, маңдайымдагы апсайган жырткычтан кантип кутуларымды билбедим. Ал мага көз жиберип, ырсайган жырткыч тишин арсайтып, алдыңкы эки колундагы тырмактарын чыгарып, жүнүн сапсайтып, белгисиз жактан пайда болгон менин денеме ырайымсыз кара тумшугун матыруучудай, тырмагын денеге кадачудай болуп, бетимди көздөй оозун араандай ачып турду. Мен калпагымды чүмкөй кийип, күнөөлүү немедей, башымды ташка төшөп, дармансыз эмне кылар амалын таба албай туруп калдым.

Ачуулуу, зоо жаңырткан үн менен аюу бир бакырды да, чапчып алды. «Ай, өмүр, кантесиң?»— деген ой-санаа жүгүрүп, акылым айраң, эсим дал болду.

Кандайдыр, калың кайгыга батып, аюунун чапчыганда кийимден өтүп денеге матырылган уулуу тырмагы мени бир азапка салуучудай болот. Капалуу түр менен башымды көтөрүүгө аракеттендим. Бирок аюу али бул арадан кете элек экен. Менин эки-үч айдан берки жашап, күн көрүп турган аянтчамды бүт шимшилеп кыдырып чыкты. 6—7 күнгө жетерлик кургатып койгон тоо текенин эти чоң таштын түбүндө эле.

Аны аюунун жыттуу мурду чалып калдыбы. Менин өмүрлүк үмүт кылып, жан сактоочу азыгымды барып жей баштады. Кантейин, дарман кылар эчтекем жок. Кол кыска, ал жырткычка каршы турууга кубатым жетпейт. Жашоонун акыркы күнү, акыркы түнү деген ой менен асманды карап, көзүмдөгү мончоктогон жашты кылгырттым да кыймылсыз жаттым. Бир маалда, менин азыктарымды жеп бүткөндөн кийин, аюу кайрылып мени көздөй бет алды. Мен көзүмдү жумдум да, демимди ичке тартып, кыймылсыз абалга келе түшүп, сулк жатып калдым. Акырындык менен мени көздөй басып келип, бир нече ирет кулак, мурдумдан бери жыттагылап, ысык канга тумшугун малуучудай болуп туруп калды. Эмне кылар айламды таба албай калдым. Айла кетти, акыркы гана амалды колдонуп көрбөсөм боло турган көрүнбөдү. Андыктан, курумдагы бычагымды алып, колума камдай кармап, калыбымдай чардаңдап жата бердим. Жок, болбоду, кайрадан мурду-башымды жыттагылай баштады.

Кандайдыр колума кармаган бычак менен бет жагына уруп калдым. Чаңырып алды да, менден бөлүнө түшүп, жалама зоо боорундагы бир из менен тырмышып жүрүп олтурду да, баягы, белгисиз айбан башын чыгарган үңкүргө кирди да кетти. Мен дармансыз жаш өмүр өтүп, күн бүттү го деген санаа менен ал-күчсүз темтеңдеп турдум да, аюунун калтырган тарпына бардым. Мен 6—7 күнгө жетет деген тоо текенин катырылган бир саны бул учурда бир күнгө да жетерлик калбаптыр. Эми айла куруду, ал кетти, көз тунарды.

Менин наар татпаганыма бүгүн эки күн болду. Мына, менин 6—7 күнгө жетерлик тамагымды аюу жеп кеткенден кийин мен тамак бетин көрбөдүм.

Кеч кирип, асмандан жылдыздар бирин-серин көрүнө баштаган убагы. Айла кеткендей болуп, маңдай жагымдагы мага беттешкен зоого муңумду айткансып, көзүмдү бирде ачып, бирде жумуп коём да, ачкалыктын айынан «кантем» деген сөздүн түбүнө жетип, чече албастан олтура бердим. Анын үстүнө, өткөндө аюунун тырмагы арка жагымды жараланткан. Бул да экинчи жагынан кошул-ташыл болот. Бир маалда негедир, колумду жумшак тили менен жалаган бир нерседен чочугансып, көзүмдү ачтым.

Мен ал арада калың уйкуга кирип калган экемин. Карасам маңдайымда бетме-бет өзүмдүн итим турат. Таанымал дабышы менен үн чыгарып кыңшылап, куйругун шыйпаңдатты да, сагынычтуу үн менен ташка жөлөнүп жаткан мага эркелей кетти. Мен кандайча келгендигине аябай таң калдым, көзүмдү чоң ачсам, асмандан тийген айдын ачык нуру мени сүйгөндөй болду.

Бир аздан кийин итимдин үстүндөгү артылуу таңылчакты түшүрүп, аны ачып карай баштадым. Таңылчактын ооз жагына салынган эки барак кагаз колума келип урунду. Мен ал кагазды айдын жарыгына салып, андагы болгон сөздү окууга кириштим. Бирок ай жарыгын кат окууга жетишерлик жеткире албады. Мен ал эки барак кагазга жазылган жазуунун башындагы «Уулум» деген гана сөздү араңдан зорго окудум. «Уулум» деген сөздү окугандан кийин калган сөздөрдүн жана каттын кайдан келгендиги белгилүү болду. Катты бүктөп, чөнтөгүмө салдым да, таңылчакты кайрадан оодара баштадым. Ал 5 килограмм салмагындагы таңылчакта төмөндөгүдөн буюмдар бар экен: 1 килограммдай таттуу нан, 1 килограммдай момпосуй жана калганы ошол сыяктуу тамак болуп чыкты.

Таң атты мен эки баракка жазылган катты окуй баштадым. Анын кыскача мазмуну мындай экен:

УУЛУМ!

«Сенин шар жасап, асманга көтөрүлгөнүңө бүгүн 92 күн болот. Мына ошол 92-күндөн бери сенин кайда экениңди биле албадык. Сенден мурун көккө учурган итиң бүгүн келди. Биз бир аз балам келер бекен, аман бекен деген ойдо болдук. Бирок, итиң жаман карып тартып, арыктап калыптыр. Ал келер замат кыңшылап жиберди, чыдатпай койду, акырында анча-мынча азык артып, кайда барар экен деп коё бердик.

Билбейбиз, сага барар бекен же башкага барар бекен. Ошентсе да, иттин аман келишинен улам балама барар деген үмүттө болобуз. Ким билет, балам, өлүүсүнбү, тирүүсүңбү? Кайда экениң белгилүү болсо, биз жактан жардам болор эле. Бирок айбан кыңшылагандан башка эч белги бере албады. Ошондой болгондон кийин мына азыр узатып, кат жазып олтурабыз» деп, каттын аягына «атаңдан» деп коюптур.

Мына бул катты окуганымдан кийин, иттин үйгө баргандыгы сезилди. Үй менен кабарлашкан итим келгенден кийин, мындан ары жашоо бар экендигин сездим. Бирок итин менден ажырап, жол тартып кеткенине бүгүн 29 күн болду. Ошол 29 күн ичинде алыс жол басып келгени айкындалды.

Мен итти бир аз күн эс алдырып, аны кайта жиберүүнү ойлодум. Мен ал максатыма кириштим. 4 күн болот дегенде итимди кайта жиберүүгө кириштим. Кат жазмак болдум. Бирок, менде кагаз, калем сыяктуудан эч нерсе жок эле. Бир айла таап, көк чөп менен үйдөн келген каттын аркасына жаздым. Ал көк чөп менен жазган жазуумдун кээ бир жерлери билинбей да калды.

Ал катты мындай деп жаздым эле:

БАЛАҢДАН КАТ

«Мен болсом, эки жагы аска, алды күрүлдөгөн чоң суулуу зоонун боорунда, бөтөнчө бир кичине тектирчеде турам. Азырынча күн көрүү бар. Бирок ал кичине тектирчени суу алып кетсе, же урап көчкү жүрсө, анда жашоо деген жок болот. Мен шар менен учуп жогоруга чыккандан кийин, ал шар менен ылдыйлап отуруп, азыркы турган жериме келип туш болдум. Менин бул жерде жашап турушума үч айдан ашты. Бул жашаган жердин кайсы жер экендиги жана мен кайсы жерде экенимди биле албайм. Бирок иттин барып келишине караганда, баарыбыз эле бир материктин үстүндө турат окшойбуз. Себеби, башка материк болуп суу, деңиз, көл аркылуу барса, иттин түшүп өтөр кемеси болбогондон кийин, силерге кайдан барып келсин. Кыскасы иттин барары менен бир жардамыңарды көргөзгүлө!

Кат жазуучу балаңар»,—дедим.

Катты чүпүрөккө ороп, иттин мойнуна бекем байлап туруп, жолуна түшүрдүм. Итим да мени менен коштошкондой болду. Ит суунун жээгине түшөр замат мени карап бир, эки үч үргөн сыяктуу болду да, көздөн кайым болду.

Менде андай үмүт болгондон кийин, көп капарыма албай, иттин экинчи келишин күтүп жүрө бердим. Бирок, кутулуу аракетинде болом. Ошондой болсо да, үйдөн жардам күтүүгө туура келди. Мендеги бир коркунуч — өткөндөгү аюу жана жаан эле. Мен андай убактылуу жоодон коргонуунун аракетин кыла баштадым. Бирок менде курал болбогондуктан, канча аракеттенсем да, натыйжасыз чыга берүүчү болду. Натыйжасыз болсо да, менин көпчүлүк эрмегим — эмгектенүүдөн башка эч кандай бошко өткөн убактым болбоду, көбүнчө өткөндөгү келген аюунун жолун бекитүүнүн аракетинде болдум. Анын жолуна таш коюп тосо баштадым.

Экинчи жумушум, өзүмдүн жашаган аянтчамдын орто ченинен агып жаткан булактын кырына таш тизе баштадым. Себеби, күн катуу жааган учурларда, суу көбөйгөндө арыктын кырусунан ашып, аянтчамды бүт каптап кетпестей кылдым.

Бир күнү, «ай, аска-зоо, адыр-тоо, сенден качан кутулуп, кол берип коштошор экенмин» деген ойго чумуп, эки жагымды карап, алыс жактарды абайлап, эчен укмуштуу зоолордун бооруна көз жиберип олтурат элем. Бир маалда турган аянтчамдын ар жак жанындагы бир борчуктун төбө жагында, мага көз жиберип олтурган көзгө чоочун, түрлөрү башка айбандар олтурушат. Алар мени карагандай болушат. Мен аларга көз жиберип тигиле карадым. Булардын көз карашы, көзгө чоочундугу, мага бир келип беттешүүчүдөй көрүнөт. Үн чыгарып кыйкырайын дейм, андан корком, себеби, адам баласынын үнүн укпагандар менин үнүмдү укса, жетип келип, бир балаа кылбасын дейм. Алар көп, мен жалгыз. Алардын баарынын көзү менден бөлүнбөйт. Мага алардын андай турушу, андай көз жиберип карашы чоң коркунучка алып келет.

Бир маалда зоонун боору менен тырышып, ар бир борчук таштарга жармашып, мени көздөй түшө башташты. «Кандай балаасы дагы туш келди экен!»— деген ойдо болуп, мени коркунуч басты. Бирок менде жалгыз бычагым жана таштан башка колумда эч бир жабдык жок. Жанагы айбандар мага бет алгандан бет алышып, жакындап келишти.

Алардын саны 15тен кем эмес. Алар жакындаган сайын мени коркунуч басат. Азыраак убакыт өтпөй эле, тектирчеге зоодон секирип түшө башташты. Мен аларга каршы күч камдоочудай, эки колума эки таш алып, ордумдан турдум. Алар да мага жакындагандан жакындай берди. Аңгыча 15тей чоочун, адам менен таанышсыз айбандар мени тегеректеди да калды. Кээ бирөөлөрү көздөрүн бакырайтып, жүнүн үрпөйтүшүп, тишин чыгарып ырылдашат. Кээ бирөөлөрү жарып салам дегендей обдулушат. Кичирээктери чоңдору обдулса обдулуп, турса туруп калат. Кээ бирөөлөрү көк, эки-экиден алышып, шибер чөпкө оонап калышат. Кыскасы, булардын көз караштары ар бириники ар башка. Мен алардын ортосунда эки ташты эки колума уучтаган бойдон турдум. Алар мага кантип тийишер айласын таба алышпай, топтолушуп калышат. Мен кантер айламды таба албадым. Анткени, менде курал жок, көзгө чоочун, белгисиз көп жырткычтардын арасында турам.

Аңгыча бирөө ырылдап келип, арка жагыма асыла кетти! Ал асылганын көргөндө калгандары турчубу, жапырт гана талай баштады. Кээ бирөөлөрүнүн тырмактары кийимден өтүп, сөөгүмө жеткендей болот. Кээ бирөөлөрү ырсыйган жырткыч тиши менен тыткылап тиштеп, тартып жатат. Мен эми өлдүм деп, колума кармаган бычагым менен далайын жараланттым.

Мен аларга алымдын жетерлигин чындап сезгендей болдум, себеби, алардын чоңдугу мышыктай эле. Бирок алар өжөр жана жырткыч эмеспи, кийимиме жабышып тыткылай баштады. Мен алардын мойнун бурап, күркүрөп агып жаткан чоң сууну көздөй ыргыта баштадым, ыргыткандарым ачуулуу заар үнү менен чыңырып сууга күп эле түшүп, дымсыз агып кетип жатты. Калгандары мага дагы эле тырмышып жатат.

Мен алардын ичинен үчөөнү уруп жыктым. Бешөөнү сууга ыргыттым. Калган эки-үчөө өтүгүмө, далы-ортомо жабышып жүрүшөт. Дагы калгандары бата алышпай ырылдап, мени тегеренет да турушат. Мени кыйнагандар далы ортомо жабышкандар болду. Алардын ачылуу тырмагы, ырайымсыз тиши кийимден өтүп, денени майыштыргандай болду. Бирок аларды да акырындык менен жайлап жаттым. Бул жырткыч айбандардын денеге матырган тырмагы жана ачылуу кирген тиштери бир топ оорчулукту келтирди.

Мен бул коркунучтан да кутулдум. Бир аз эс алгандай болдум. Итимдин аман-эсен үйгө жетип, бир жардам кылышын тиледим. Аңгыча асмандан куушурулуп келе жаткан бир караан бетме-бет көзүмө чалына түштү. Бул кандай эме дегендей селт этип, баягы караанга көзүм тигиле түштү. Аңгыча ал караан да жакындап кирип келди.

Бул дагы мага кастыгын тиккен канаттуу жырткычтан болуп чыкты. Мен андан кандайча кутуларымды билбей, бир топко ойлоно түштүм да, жанымдагы таштын түбүнө жата калдым.

Таш түбүндө жата калган мага келип тийбестен, ташты тепти да, кайрылып көкөлөп жогоруга чыкты. Ал белгисиз канаттуу жолго түшкөндөй болуп, көзгө илээшпей сызган бойдон жок болду. Мындай эбегейсиз чоң канаттууну биринчи көрүшүм ушул болду. Мен мындай көзгө чоочун эчен айбандарды көргөндөн кийин, мындай жерге жалгыз жан сактап тургандыгыма таң калгандай болдум. Чынында эле бул жерде жалгыз жан сактап турган мен элем. Асмандан орун алгансып дүйнө жүзүн бүт көрүп жана эки зоонун ортосунда жашаган мага таң калгансыган, асманда жайнаган миң-миллион жылдыздар турат. Ай да он бешине толгонсуп, капчыгайлуу эки зоонун боорунда кичине тектирчедеги жерде жан сактап турган мага негедир кандай жан элең деген сыяктуу жарык нурун чачыратып, бийик зоонун башынан чыгып келди. Мен да санаага батып, өзүмө өзүм таң калгандай болуп, жерден таш алдым да, алды жагымда күркүрөп, тынымсыз агып жаткан сууга ыргытып, эрмек кылгандай болом.

Кез-кезде эки оттук ташты бири-бирине уруштуруп, от чыгарып жаркылдатам. Албетте, менин бир нече айлар, күндөр бою эрмек кылуучу эч нерсем да болбоду. Ал гана эмес, адам жүзүн жана өз жүзүмдү да көрө албайм Кезек-кезек гана агып жаткан булактын тунук жерине барып, суудан өз өңүмдү карайм. Бирок ал суу аркылуу көргөн өз өңүм өзүмө чоочун көрүнгөндөй болот. Албетте, менин өңүмдүн өзгөрүшү да эп боло турган иштердин бири эле, себеби, менин чачым өскөн, кийимим жыртылган жана башка табияттын шарты, аба ырайы менин өнүмдү өзгөртүп жиберүүгө себепкер болууга тийиш.

Мен ушундай шарттар менен өзгөрсөм өзгөрүлгөн чыгармын деген сыяктандым. Кыскасы таңдын атышы, күндүн батышы бир күнкүсү бир жылдай болуп тура берди, бат эле ушул күндөн кутулсам экен деген үмүттө болом. Албетте, 30 күн чамасында менин итим аман болсо бир кабар жеткирери шек жок иштин бири эле.

Таң аткан бирок күн бүркөк, көзгө сайса көрүнгүс туман менен тунжурайт да турат. Мен андай күндүн бүркөгүнөн катуу коркунучта болом. Себеби, өткөндөгүдөй жашап турган аянтчамдын калган жерлерин жаандын суусу агызып алып кетсе, менин көрүүчү күнүм эмне болмокчу? Мына менин башымды дагы санаа каптай баштады. Кантейин, итимди экинчи жолу үйгө жөнөткөнүмө бүгүн араң гана 15 күн болот. Эгер бир ай чамасында кайрылып келсе, иттин келишине дагы 25 күнчө убакыт керек. «Балким, кырсык болуп, менин итим өлүп калдыбы, эмне болду, анда көрөр күнүм, ичер суум эмне болор экен?» деген терең санаага батып, түнөрүп, тоо башын курчап турган кара булутка муңумду айткандай болуп, көзүмдү балбылдатып жата бердим. Калдайган кара булут мээримсизденгендей, анда-санда жаанын себелетип коюп, нөшөрлөп турду. Чындап каарына алуучудай күркүрөп-шаркырап нөшөрлөгөн кара жамгырын төгө баштады. Мен ордумдан жылып, чоң кара таштын түбүнө барып олтурдум. Айла канча, жаан чындап жааса, мен жашаган аянтчаны бүт бойдон жаандын суусу алып кетүүгө мүмкүн. Эгер бул аянтчаны жаандын суусу эзип, уратып кетсе, менде ал аянтчаны ажыратып калуучу күч жок болчу. Ошондуктан астыдан агып жаткан чоң суунун агымы менен кошо кетүү коркунучу бар эле.

Асманда уюлгуган кара булут көшөрүп, карандай кара жаанды көнөктөп куя берди. Жогору жактан шаркырап түшүп жаткан жаандын суулары менин аянтчама жайыла берди.

Тектирдин ортосунан агып жаткан кичине булак өзүнүн агып жаткан көлөмүнөн бир нече ирет ашып, туптунук булак бул арада кызыл түскө келип мурунку жылжыган ылдамдыгын таштагансып, алды жактагы чоң сууга күрүлдөп түшүп, кошулуп жатат. «Булагым, кантесиң?» дегендей болуп, башымды көтөрүп, агып жаткан булакты улам карап коём. Ал булактын башындагы күнгө олтуруп, бети-кол жууганым, тамак-аш ичкеним ойго келет. Булактын башындагы көк чөптөр кыян менен агып келген кум менен таштын алдында калып жатат. Аларды көргөндө зээним ого бетер кейигендей болот. Мээримсиз нөшөрлөгөн кара жаан эч тынымсыз төктү да турду.

Бир маалда жаткан ташымдын эки саржандай алыстыгынан бир жик ажырап, ураган бойдон сууга күп дей түштү. Аянтчамдан айрылдым, жалгыз гана жаандан коргологон ташымдын тегереги калды. Чоң суу үстүнө урап барып түшкөн көчкүнү толкундана түшүп, тосуп алгандай болду. Мен жаткан таштын алдынан мурунку аянтчанын баарында суунун чеке бели көрүнүүчү эмес эле, азыр болсо, көбүктөгөн чоң суунун бер жак чекеси да көрүнүп калды. Кантейин, муң ичке жыйылгансып, мурунку кичинекей чейрек гектарча көк мейкиндик жер — бул арада сууга кетип, ал тектирдин ордуна көз мелжиткен аска-зоо болуп калды, жалгыз гана бир боору зоого жабышкан чоң кара таштын түбүндө эки саржандай аянтча калды, калганынын баары тең сууга кетти.

Мурунку, суусунумду кандырып, бети-колумду жууп, эс алып, күн көрдүрүп турган суу, мен турган калканчтуу кара таштын ар жак капталынан тик ылдый шаркырап куюлуп жатат. Кыскасы, миң бир капа жаш башты күчөп басып, кантер айланы билбей, амал курган учур. Эгер эптеп турган кара таш зоодон суурулуп куласа, мен таштын алдында каларыма шек жок.

Бул кара жаан жердин денесин жибитип жаап жатканда зоого жармашкан бөтөнчө кара ташты кулабайт деген да мүмкүн эмес. Чынында бул учурда мен «жашоо» үмүтүмдү үзгөнсүп турган элем.

Узун санаага батып, күндүн кеч киришин да билбей кала турган болдум. Баш көтөрбөй кара таштын түбүнө гана жата бердим. Албетте, таштын айланасындагы эки-үч саржан аянттан башка жер жок. Ошондой коркунучта жатсам да, кандайдыр калың уйкуга кирип кетиптирмин. Кыскасы, уктасам уйкумда тынчым жок. Ойгонсом ойгоомдо тынчым жок болуп жаттым. Мен ошондой калың уйку ичинде күндүзгү көргөнүмдү түшүмдө көрүп, коркунуч менен көзүмдү ачамын. Көзүмдү ачып, баш көтөрүп обдулган жүрөк, коркок көзүм менен алдыда агып жаткан чоң сууга мойнумду созуп, эки жагымды каранамын. Мээримсиз күркүрөгөн чоң суу мага жардам берчүдөй көрүнбөйт, көпкө узабай эле таң атып, күн ачылып калды.

Козголууга дарман жок, кара таштын үңкүрүнөн мойнумду созуп чыгарып, маңдай жактарга көз жиберип жата бердим. Жанымда аз гана тамак бар. Ал тамак итим алып келип берген тамактын калдыгы эле. Жейин десем жүрөгүмө баспайт. Көз тунарат, алыскы жерлерди көрө албайм, жамбашым ооруйт, тура албаймын, турууга жер жок.

Мына ошондой кыйынчылыкта калдым. Алыстан чоң суунун дабышына кошумча дабыш кошулуп, кулагыма бөтөнчө үн пайда боло баштады. Ал үндү айрып тааный албай, таң каламын. Таштын коңулунан башымды чыгарып, эки жакты каранам. Бирок эч нерсе көрүнбөйт.

Кайра тынчтанам да жатам. Жок, болбойт, кайрадан кулагыма чоочун дабыш угулат. Дагы башымды көтөрүп, эки жакты карайм. Жок, эч нерсе көрүнбөйт! Кайрадан кулагым суунун дабышынан бөлүнө түшкөн бөтөнчө дабыш угат. Угулган менен эмне экенин ажырата албайм.

Бир маалда таанымалдуу итимдин дабышы кулагыма угула түштү, башымды көтөрүп, келип кеткен жолун карадым. Чын эле итим калыбындай зоо боору менен тырмышып келе жатат. Итти көргөндө денем чымырап, эсим ооп, көзүм тунарып, көзүмдөн чыккан жашты жеңим менен аарчып, кайрадан карадым. Итим чын эле келе жатат. Итимдин кеткенине бүгүн 20 күн болгон. Аңгыча, тектирченин мурунку кулаган чекесине келди да, бери көздөй жүрүүгө жол таба албады. Мен башымды таштын коңулунан чыгарып, итиме көз жибердим. Итим да көптөн бери көрбөгөнгө жана мурунку аянттын ураганына, бир кенедей аянтчада жашап тургандыгыма боору ооругансып кыңшылап жиберди да, мага жете албай туруп калды. Үстүндө бир таңылчак жүгү бар. Анын көзү менен менин көзүм бетме-бет чагылышты да турду. Ит жол жаман жерде буттарын зоо боорунда бекем матап коркунучтук менен турат.

Кайдандыр белгисиз жактан бир дабыш жаңыдан пайда боло баштады. Мен ал дабыштын аныгына жете албай, кулагымды тосуп туруп калдым. Итим да башын бир чулгуп алып, чыккан үндү көздөй көз жиберип үрө баштады. Жок, дабыштар чындап көтөрүлө баштады. Көз жеткис эки жагы аска-зоолуу капчыгай адаттагысындай ал чыккан үндү да бирге эки кылып экиленте баштады. Мен ал үндүн кайдан чыккандыгын биле албай, бир топко кулак тосуп, акыл бөлүп тыңшагандан тыңшаймын, ит ал үндүн кайда экендигин аныктагандай болот. Иттин бет алып үрүшү көз калкып мелмилдеген зоонун чокусун көздөй багытталат. Аңгыча таштар уран баштады. Мен ал таштын кулашынан чоку жакта бирөө бардыгын аныктадым.

Аңгыча адамдын дабышы кулагыма чалына түштү. Үңкүрдөн башымды чыгарып карай калдым. Менден 20 метрдей алыстыкта, чынжыр аркылуу зоонун баш жагындагылар менен улашкан ящиктин ичинде бир адам мени карап үн салып, сөз айтты.

Ал адамды тааныбайм, белгисиз таштын коңулунан баш чыгарган мени көздөй жылды да: — Амансыңбы, баатыр? — деди. Мен да таштын коңулунан башымды чыгарып амандаштым. Аңгыча мен жашап турган чоң кара таштын коңулуна жакындап келди да, колун сунуп мени көтөрүп ящигине салды. Мен да ал адам менен көрүшүп кучакташтым. Акырындап жылып, итимди да ящикке салып алып, бир нече ай бою жатып табият туткунунан коштошкондой болуп жана менин жанымды алып калган кара таш менен коштошуп, үчөөбүз ящик менен көтөрүлүп тартылган зым аркылуу жогору чыга баштадык, зоонун чокусуна жакындап калдык. Ал чокуда менин зоо боорунан чыгышымды күтүп турган үч адам бар экен. Алар да мени менен учурашты. Мен да катамды мойнума алгандай болуп, итиме карап аны эркелеттим. Албетте мен белгилүү даражага жетердик шар менен учсам, мындай кордукту көрбөс элем. Алар да мага таң калышкандай болушат. Итиме айрыкча кубанышат, айбан болсо да алкыш айтышат. Анан болгон окуяны менден таңыркап сурай башташты. Мен дагы көргөнүмдү, билгенимди айтып бердим. Анан алыскы жолго чыктык.



Мына менин башыман өткөн окуянын бир орчундуу жери.

Комментариев нет:

Отправить комментарий