Показаны сообщения с ярлыком А.Осмонов. Показать все сообщения
Показаны сообщения с ярлыком А.Осмонов. Показать все сообщения

3.24.2015

Алыкул Осмоновдун ырлары толукталды



Алыкул Осмоновдун блогубуздагы баракчасы төмөндөгү дагы 45 ыры менен толукталды:

МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ

Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез… бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.

Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI. 1946, Чолпон-Ата.



КЕЧИРЕГӨР

Окуу — намыс, окуу — көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты эң жакшыга, бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын, —
Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым,
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

2.15.2015

Алыкулдун ырлары



ОТУЗ ЖАШ

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!

8.18.2014

Ата-Журттун жолун чалып кетиптир


Келерки жылдын март айында айтылуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Жакында акындын жердештеринин демилгеси менен мааракеге даярдык көрүү максатында Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд түзүлдү. Мына ошол даярдык көрүү иштеринин жүрүшү тууралуу коомдук фонддун теңтөрагасы, “Дордой-Капитал” майда кредит берүү уюмунун төрагасы, алыкул иликтөөчү Шаршенбай АЖЫБЕКОВ менен маектештик.