Адам баласы бул дүйнөдөгү маалыматтын 80 пайызын көз менен алат экен. Тилекке каршы, кыргыз эли өз тарыхына, өз тагдырына, өз келечегине башканын эмес, өзүнүн көзү менен караган учурлар чанда эле кездешет. Айрыкча өлкөбүз өз алдынча жолго түшкөндөн бери кыргызды кимиси каякка гана сүйрөгөн жок? Тарыхчыларыбыздын айрымдары “40 кыздан тараган экенбиз” деп араб илимпоздорунун атайын жазып кеткен идеологиясын кадимкидей актаса – балдарыбыз боз үйдөн чыккан көчмөндөр терс каарманга айланып, орустун жалгыз баатырынан боо түшүп кырылган мультфильмдерди көрүп чоңоюуда. Улут кызыкчылыгынан дин догмасын жогору койгондор өлкөнүн кызыл туусун жерип, кара туунун алдында кимди болбосун курман кылууга даяр турса – дагы бир жагынан ашынган либералдардын түрткүсү менен “жан элим, ишенем сага, жан жерим, ишенем сага” деп, жөнөкөй эле сөздүн төркүнүн түшүнбөгөн массалык маданияттын кокуйлары далай жаштардын аң-сезимин ээлеп калды.
