![]() |
| Молдо Искак Асан уулу (Полот-хан, 1844-1876). Көркөм элес. |
17-апрелде Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарында Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн Молдо Искак Асан уулунун (Полот-хан, 1844-1876) 170 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Деги Полот-хандын тарыхый орду эмнеде?
Кыргыз молдосу – Кокон хандыгынын “Пугачеву” катары карала алабы?
Падышалык Орусияны 1773-75-жылдарда титиреткен Дыйкандар согушунун жолбашчысы, өзүн “Пётр Үчүнчү” деп жарыялап алган дондук казак орус Емелка (орусча — Емелька) Пугачёв (1742-1775) дээрлик бир кылымдан кийин, 1844-жылы Борбордук Азияда ферганалык Асан аттуу кыргыз молдонун үйүндө Искак деген уул төрөлөөрүн, ал дагы туптуура 100 жылдан кийин, 1873-жылы жалган жерден өзүнө хан тукумунун “Полот хан” (“Пулат хан”) деген ысымын ыйгарып алып, көтөрүлүшкө жолбашчылык кылаарын, албетте, алдын ала билбейт эле. Искактын көтөрүлүшү дагы жеңилүүгө учурап, ал дагы падышалык жазалоочу аскерлерге туткундалып, 1876-жылдын 1-мартында Жаңы Маргалаң шаарында дарга асылган. Емелканын болсо башы алынган.
