(жомок)
Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет.
— Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле.
Балдары атасынын айтканын туура көрүп жолго камына башташты. Кемпир байкуш үкөктө калган талканын кагып, балдарына азык камдады. Абышка болсо колундагы мал-мүлкүн үч баласына бөлүп берди. Улуу баласы дароо эле короодогу жалгыз эчкини алам деди. Ортоңкусу болсо бакчада турган эки казды кармап, кабына тыкты. Ошону менен абышка-кемпирдин байлыгы түгөндү. Кичүү уулу ак көңүл, боорукер бала болгондуктан ата-энесин кыйнагысы келбей эки жагын каранды. Анан жүктүн кырында илинип турган атасынын эски, кайыш курун көрүп ошону колуна алды.
