Показаны сообщения с ярлыком Жеңижок. Показать все сообщения
Показаны сообщения с ярлыком Жеңижок. Показать все сообщения

8.15.2014

Жеңижок менен Эсенамандын айтышы



Таласта төрт дубан эл чакырылган чоң той болот, тойдун ээси Ташкара болуш. Ушул жерде, бир аз чегинүү жасоого туура келип атыры. Анда тестиер Өтө- Жеңижок ушул Ташкаранын жакын тууганы, ата-энесинен эрте ажырап, томолой жетим калып, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп жүрүп калат. Күз айынын бир күнүндө Ташкара чакан той берет. Кара курсактын камын жеп, тестиер Өтө да кемегенин жаныңда от жаккандарга аралашып жургөнүн Ташкара байкап, бир жигитин чакырып: «Тээтиги, Өтөнү, эмне кемегенин жанына жолотосуңар? «Ала» менен ооруп кетиптир го! Оорусу элге жугат, бир көк жетим менен таластык көбөйбөйт да азайбайт, алып барып, мойнуна таш байлап, Кара-Бууранын суусуна салып ийгиле! Жообун мен берем!» дейт. Эки жигит тестиер Өтөнү Кара-Бууранын жээгине алып келип, эми «жайлаганы» калышканда Өтө:
«Жанымды аман койгула, акелер, Аксыдагы таякелериме качып кетейин», деп жалынып жиберет. Эки жигит макул болуп: «Экинчи көзгө көрүнбөгүн!» деп, Аксыга барчу жолду көрсөтүп, качырып ийип, Кара-Бууранын суусуна салып жибердик! деп Ташкарага жооп берип коюшат. Ташкара ишенип, ошол бойдон унутуп да калат. Арадан жылдар өтүп, Жеңижоктун ырчылык атагы Таласка да угула баштайт. Ошентип, жогоруда айтылган, боло турган чоң тонго, Ташкара камынып, төрт дубан элге тойго чакырык кат жиберип, чабарман кабарчыларды чаптырат. Аксыдан болсо Аксынын белгилүү манаптарын, бийлерин: «Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны айтып, анан Жеңижок деген ырчыңарды ала келгиле!» дейт экен. Белгиленген күнү Аксыдан Таласка жогорудагы аты аталган адамдарга кошо далысы жерге тийбеген балбандар, эр сайышка түшчүлөр, эр эңишчүлөр, дубан жарган күлүк, жорголору менен жөнөшөт. Ашуу ашып, Ташкара болуштун айылына жакын калганда Сулайманкул датка: «Жеңижок, балам, туулган жериңе, тууган элиңе келдиң! Ырыңды башта!» дейт.

Ошондо Жеңижок ырын баштайт экен: