(жомок повесть)
Баян башы
Балдар, мен силерге жаңы баянымды айтып берейин. Көңүл салып окугула. Чынбы же жалганбы, илгери-илгери Жер жаңы жаралганда Теңир ата жана Умай эне кошо жаралыптыр. Алар адам баласы жер бетин жаңы басып тиричилик кыла баштагандагы алгачкы адамдар экен. Азыркы элдердин баары ошол экөөнөн көбөйүп, ошол экөөнөн таралыптыр. Ошондуктан, алардын урпактары ал экөөнү атабыз-энебиз дешип, бирин Теңир ата деп, экинчисин Умай эне деп атап калышкан экен.
«Теңир» дегени — баарыбыздын атабыз, баарыбызга тең бирдей ата дегени тура. Ал эми, «Умай эне» дегени — «эң алгачкы», «эң биринчи» эне дегенди туюндурат экен.
Мына ошол үчүн бүгүн да «Теңир ата, колдо» — деп адамдар бата кылып, ошол алгачкы атадан көп жакшылыктарды тиленишет. Ал эми, эненин да, жаңы төрөлгөн баланын да пири, колдоочусу деп -Умай энени айтат экенбиз. Умай эне эң биринчи эне экендигинен улам өзүнөн кийинки бардык энелерди колдоп жүрөт экен. Айрыкча, жаңы төрөр кезде бардык аялдардын оңой көз жарышына жардам берет экен, жаңы ымыркайлардын оорубай-сыркабай торолушуна, тез басып, тез сүйлөп, аман-эсен чоңоюусуна да бир өзү көз салат экен.
Ошол Теңир ата менен Умай эне да эң алгач ирет балалуу болушкан эмеспи. Биринчи төрөлгөн ошол баланы да алар Умай бала деп аташыптыр. Андай болсо, «Умай бала» деген сөз «эң биринчи бала» дегенди түшүнтөт. Бул бала дагы башкаларга окшобогон касиет-кереметтери менен бирге төрөлүптүр. Өзүнөн кийинки бардык балдарды колдоп-жөлөп, ар түрдүү кокустуктардан коргоп, аман-эсен чоңоюп эр жеткенге чейин алар үчүн камкордук көрүп, энеси Умай энеге жардам берип, балдарды тооруп келген түркүн кырсыктарды болтурбай, алдын алып, көчөдө, талаада жалгыз жүргөндө көз салып жүрөт экен.
Бала деген бала да, Умай бала сыртынан билгизбей көз салып, жардам берип, таламын талашып, кырсыктан коргоп, жанында дайыма бирге жүргөнүн билбейт тура.
Бул жомок — баянымда мына ушулар жөнүндө, Умай баланын керемет-касиети, ал бүгүнкү күндө биздин балдарыбызды кантип коргоп-сактап, алардын эң ишенимдүү коргоочусу жана сактоочусу болуп жүргөнү тууралуу кызыктуу окуяларды айтып берейин…