Союз учурунда дөө-шаа актерлор менен иштешип калган белгилүү режиссер Замир Эралиев менен белгилүү адамдардын кызыктуу тагдырлары тууралуу маек куруп келебиз. Бүгүн кыргыздын дагы бир залкары Сүймөнкул Чокморов тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Сγймѳнкул менен алгачкы жолугушуу
1970-жылдар эле мен Москвадан жаңы кайтып келгем. Ошол учурда «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильми тартылып жаткан учур экен. Бул фильмге менин жеңем Гүлсүн Мамашева да роль жараткан. Тайкем Бообек Ибраев фильмдин режиссеру Болот Шамшиев менен тааныштырды. Ал мени жардамчы катары дароо эле 2-3 күндөн кийин жумушка алды. Сүймөнкул байке менен алгач ошондо тааныштым. Менин таңгалганым: байке мени өмүр бою таанып жүргөн адамындай кабыл алып, жанына алып алды. Съемка 8-9 айга созулду. Биз алты ай «Жууку» деген жайлоодо чогуу бир үйдө жашадык. Съемка болбогон бош күндөрүн Сүймөнкул байке табигаттын кучагында сүрөт тартуу менен өткөрчү. Бир күнү «Жаш режиссер» деп менин да портретимди тартты. Ошондо качандыр бир сиз тууралуу фильм тартам десем ишенбегендей күлүмсүрөгөн. Тагдыр экен. Арадан 16 жыл өткөндөн кийин 1986-жылы «Сүймөнкул Чокморов» деген документалдуу фильм тарттым. Ал 50 минуталык фильмди тартуу, баш-аягы бир жылдай убакытка созулду. Мунун баарына кайран кыргыздын чыгаанынын айыкпас дартка кабылып калганы себепкер эле.