Показаны сообщения с ярлыком А.Токтомушев. Показать все сообщения
Показаны сообщения с ярлыком А.Токтомушев. Показать все сообщения

3.18.2015

Алым Токтомушев. «Эски дептер»

Блогдон.
Бул макала 2008-жылдын акыркы айларында “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланыптыр. Аны кыргыздын чоң акындарынын бириЖолдошбек Зарлыкбеков башка чоң акыны Алым Токтомушевдин жаңы китеби тууралуу жазыптыр. Анда Алым агай тирүү эле. Бул макала мындан дээрлик 6 жыл мурда жазылганы менен, ал мына бүгүн жаралгандай таасирин калтырат.




* * *

Алым Токтомушев. Бул ысымдын чагылышында сталиндик, брежневдик, горбачевдук, ельцин-акаевдик жана азыркы замандын, галстук тагынгандар айткандай, саясый-экономикалык жана маданий турмуштун балта менен өчүрө алгыс калем тарыхы бар. Жазды, ага баарыбыз — тирүүлөр күбө болуп турбайбызбы. Мындай көтөрүңкү сөз ар кимдин эле тагдыр шыбагасына буюра бербейт. Жазыптыр — бир колхоз эмес, бир өлкөнүн кою түгөнө жаздаган заман башыбыздан өттү, ошол тарыхый мерчемде Токтомушев кыргыздын кыбыр эткен турмушуна акыл парасатын, алтымыш жыл өнөбоюна ширелген нарк-насилин, жеке пендечиликтен өйдө турган пейил-уркун, билимин жумшап, улутуна кызмат кылды. Батыш апабыздан тарта баарын жазды. Оруста сөз бар: «Мыктыбызды өлгөндөн кийин мактап жатып калабыз» деген, ал өнөкөт кыргызда өтө күч. Мындай пафос сөздөрдү кагаз бетине түшүрбөйт элем, Алыкенин (бүт журт, бүт редакция Токтомушевди Алыке деп сый сөз менен тергешет) өз баскан жол — тайгак жол, тар кечүүсү, талант тагдыры айттырууга мажбурлайт. Анткендиги, Алыке жаштайынын эле кыргыздын борбор очогунда — адабият эмне, маданият эмне? — ээлеген кызматы, жасаган акыл эмгеги менен акыры чылк кадырга жеткен кадырлуу адамыбыз.