«Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келатат!»
Фридрих ГЕГЕЛЬ
(2-маек. 1-маекти бул жерден окуй аласыздар)
– Биз эгемен өлкөгө ээ болдук деген күндөн бери мамлекетти мамлекеттик ишмерлер башкарган бактыга туш келбей койдук. Өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгү жалаӊ саясатчылардын колуна тийип келатат. Тунгуч ажобуз Аскар Акаев илимпоз болгону менен бара-бара саясатчыга айланып кетти эле, кийинки президент К.Бакиев андан ашып өткөнүн көрдүк. Алмазбек Атамбаев болсо башынан эле саясатчы-бизнесмен экени белгилүү. Дегеле сиз илимпоз катары айтсаӊыз, мамлекеттик ишмер (государственник) деген термин менен саясатчынын айырмасы асман-жердей экени элибизге анчалык чоӊмааниге ээ эмес үчүн эл башы болор инсанатка жарыбай келаткан жокпузбу?
