Өткөн кылымдын 89-жылынын март айынын кайсы бир күнүндө жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйүнүн ар бир эшигинин туткасын катары менен тарткылап, ким-бирөөнү издеп жүргөндөй түрү бар.
— Ассалом алейкум, Эрнис аба! — дедим кадимки көлдүктөрчө.
— Алейкума ассалом! — деп жалт карады.
— Баатыр, сен да бул жакта белең? — деп мени карай мантая басты. Кол алышып учураштык. Адегенде костюмунун жан чөнтөгүндөгү карала бет аарчысын сууруп чыгып, оң колуна дайындай кармап, кайнап аткан кара казандын капкагын алгандай — сол колу менен башындагы кара шляпасын алганда төбөсүндө думугуп турган көк буу топтошкон аарыдай дуу деп көтөрүлгөндө Эрнис абанын ак алмадай кара жээк кашка башы «ө-өх!» деп эс ала түшкөндөй болду. Төбөсүнөн жаагына жаба берип куушуп куюлган терин оң колунда камдуу кармап турган кара чаар бет аарчысы менен шыпырып алып салды. Эрнис аба жайы-кышы балбаалап тердеп жүрөт. Оронуп чулганып, жылтыр көзүнөн жаш куюлуп, чүчкүрүп-бышкырып, эзели сасык тумоону жөө тумандай ээрчитип, жүдөп-какап жүргөнүн көргөн жан эмесмин. Учурашсаң колу жылуу. Тамакка, ичкиликке, ишке болгон табити ар качандан бир качан мыкты. Үч ай ташкөчүк болуп үйдөн чыкпай олтуруп килейген роман жазат же которот. Ойду омкоруп, тоону томкоргон соң, өзүнүн сөзү менен айтканда «үч ай үй бетин көрбөй сайрандап ичип кетет». Ичкенде да кенен басып, мол ичкенди жактырат. Капыл-тапыл булуң-буйткадан жолугуп калганда: «Келиңиз аба, бир аз шайтан башын сындыралы деп жаттык эле» деп чакырып калсаң: кайкы мурдун кытмыр тырыштырып: «Нече кишисиңер?» деген суроосун узатып, баланча кишибиз деген жоопту уккандан кийин кооптонуп нече бөтөлкөңөр бар деп тактайт. Бир же эки деген жоопту укса чалкасынан кетет. «Мунуңар болбойт, баатырлар, төрт кишиге бир бөтөлкө арак да аракпы?! Бөтөлкөңөр бошогондон кийин үчөөң үч жакка басып кетсеңер, чала жан калган мен шордуунун убалы кимге? Бир бөтөлкө чала жан кылат, эңсетет, шорлотот. Алсаңар үчтү же төрттү алгыла. Төрт киши бирди бөлө тартканда дене-бой жибийт, экинчиси — ыракатка бөлөйт, үчүнчүсү — эңсөөнү басат, төртүнчүсү — толбогон жерди толтурат»…

