3.24.2015

Алыкул Осмоновдун ырлары толукталды



Алыкул Осмоновдун блогубуздагы баракчасы төмөндөгү дагы 45 ыры менен толукталды:

МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ

Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез… бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.

Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI. 1946, Чолпон-Ата.



КЕЧИРЕГӨР

Окуу — намыс, окуу — көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты эң жакшыга, бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын, —
Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым,
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

3.19.2015

Эне тилди барктайлы же «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын аткарылышындагы көйгөйлөр жөнүндө



Ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» эки жолу мыйзам кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенттери мамлекеттик тилдиөнүктүрүү боюнча 5-6 Жарлыкка кол коюп, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү мамлекеттик тилдиөнүктүрүү боюнча үч жолу мамлекеттик программа кабыл алып, 10го жакынӨкмөттүн токтому чыгарылган. Кабыл алынган расмий документтердин баардыгы мамлекеттик тилдинөнүгүп-өсүшүнө кандайдыр бир деӊгээлде түрткү болгон. Бирок КыргызӨкмөтү тарабынан кабыл алынган мамлекеттик программанын бири да толук кандуу ишке ашпай, эмес кагаз жүзүндө калганын ачык эле айтып коюшубуз керек.

3.18.2015

Алым Токтомушев. «Эски дептер»

Блогдон.
Бул макала 2008-жылдын акыркы айларында “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланыптыр. Аны кыргыздын чоң акындарынын бириЖолдошбек Зарлыкбеков башка чоң акыны Алым Токтомушевдин жаңы китеби тууралуу жазыптыр. Анда Алым агай тирүү эле. Бул макала мындан дээрлик 6 жыл мурда жазылганы менен, ал мына бүгүн жаралгандай таасирин калтырат.




* * *

Алым Токтомушев. Бул ысымдын чагылышында сталиндик, брежневдик, горбачевдук, ельцин-акаевдик жана азыркы замандын, галстук тагынгандар айткандай, саясый-экономикалык жана маданий турмуштун балта менен өчүрө алгыс калем тарыхы бар. Жазды, ага баарыбыз — тирүүлөр күбө болуп турбайбызбы. Мындай көтөрүңкү сөз ар кимдин эле тагдыр шыбагасына буюра бербейт. Жазыптыр — бир колхоз эмес, бир өлкөнүн кою түгөнө жаздаган заман башыбыздан өттү, ошол тарыхый мерчемде Токтомушев кыргыздын кыбыр эткен турмушуна акыл парасатын, алтымыш жыл өнөбоюна ширелген нарк-насилин, жеке пендечиликтен өйдө турган пейил-уркун, билимин жумшап, улутуна кызмат кылды. Батыш апабыздан тарта баарын жазды. Оруста сөз бар: «Мыктыбызды өлгөндөн кийин мактап жатып калабыз» деген, ал өнөкөт кыргызда өтө күч. Мындай пафос сөздөрдү кагаз бетине түшүрбөйт элем, Алыкенин (бүт журт, бүт редакция Токтомушевди Алыке деп сый сөз менен тергешет) өз баскан жол — тайгак жол, тар кечүүсү, талант тагдыры айттырууга мажбурлайт. Анткендиги, Алыке жаштайынын эле кыргыздын борбор очогунда — адабият эмне, маданият эмне? — ээлеген кызматы, жасаган акыл эмгеги менен акыры чылк кадырга жеткен кадырлуу адамыбыз.

1916-жыл: Азияда беш түрк



1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын бир бөлүгүн түзгөн Жетисуудагы көтөрүлүштө Осмон мамлекетинен келген беш түрктүн ролу тууралуу маалымат берген эмгек 1999-жылы Стамбул шаарындагы “Өтүкен” басмаканасынан «Азияда беш түрк» деген аталышта китеп болуп басылып чыккан. Аны араб арибинен латын арибине Юсуф Гедикли которгон. Эмгектин автору Адил Хикмет 1914-жылы Орто Азияга келген беш түрктүн бири болгон. Ал сапарын карыткан соӊ, Орто Азияда күбө болгон окуяларды, көргөн-билгендерин Түркиянын «Cumhuriyet» (“Жумурият”) аттуу гезитинин 1928-жылдын 16-июнунан 16-октябрына чейинки сандарына араб ариби менен жарыялап турган. Мына ушул гезитке чыккан маалыматтардын дээрлик бардыгы бир канча жылдан кийин жогорудагы аталыш менен жарыкка чыккан.

3.17.2015

Анаит Татевосян



1979-жылы 7-августта Ереван шаарында туулган. Азыркы армян адабияттынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, акын-котормочу. Учурда Армян-Славян университетинин филология факультетинде эмгектенет.


Ырлары


* * *

Бул жерде мен ушинтип миң жылдарды карытам,
Меймандарды узатып, таңды тосом, зарыгам.
Ойгономун айнекке тийген жамгыр үнүнөн,
Эшикте күз, мунарык, убакытка үңүлөм.
Түшпү, өңбү, түн же күн, билбейм эмне экенин,
Көлөкөдөй тамдардан өтүп минтип кетемин.


Нурбеков — алгачкы диссидент, анык аристократ



Эрдик жана каармандык дегендин ар кандай түрлөрү бар го. Жоо жаракты шайланып, эл четинде, жоо бетинде жүрмөк бар — бул бир эрдик. Экинчи эрдик — ойдун, пикирдин эрдиги, баатырларча айтылган батыл сөздүн эрдиги. Биз сөз кылганы турган Кубанычбек Нурбековдун эрдиги — ошондой эрдиктердин биринен эле. Кыргыздан чыккан эң алгачкы диссидент, укук боюнча эң алгачкы илимдин доктору, эгемендик, улуттук көз карандысыздык дегенди сөз кылмак түгүл, ойлогондон корккон кезде айтып да, жазып да чыккан профессионал юрист, чыныгы атуул мына ушул киши болчу.

3.12.2015

Рысбек Маткасымов: “Акындын ыр дептерин 40 жылга жакын убактан бери сактап келдим…”



2013-жылы кыргыз тилдүү гезиттердин бирине поэзиянын жарык жылдызы, 35 жашында ааламдан өткөн чыгаан акын Тургунбай Эргешовдун уулу, акындын “Сүйүнчү” деп аталган китебин чыгарган Ураанбек Чокмоев менен болгон маегим жарыялангандан кийин мага Оштун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Рысбек Маткасымов телефон чалып, анда акындын ырлары жазылган чоң дептери бардыгын, аны 37 жыл бою көз карегиндей сактап келатканын айтып, Ураанбектин телефон номурун сурап, ата мурасын колуна тапшыруу ниети бар экенин айтты. Арадан бир топ айлар өтүп, Рыспек ага Бишкекке атайын келип, Ураанбектин колуна менин көзүмчө сыртына “Даңаза” деп жазылган көк тыштуу чакмак дептерди тапшырды. Акындын уулунун да, Рысбек аганын да көзүнөн кубанычтын көз жаштары акканына күбө болдум. Дептерде Тургунбай Эргешовдун 1976-жылдары жазылган ырлары бар экен.