1.21.2017

Сөзгө жан киргизген жазуучу

Көптөн бери, наати жыйырма жылдай болуп калды окшойт, жаш баланын тилиндей ширин, жүрөгүңдү кубанычтай туйлаткан, сөз жанынын сүйүнүчтүү үнү угулуп турган, ошол эле учурда ошол сөз махабатынын эки дүйнө арманынан жаралган сеникиндей анделек жыттуу аңгеме окуй элекмин, Абдиламит. Ошону айтсаң, азыркы кыргыз прозасы булбулу качкан токойдой болуп томсоруп турбайбы. Булбулдун сайрашы түгүл, балапандардын канат кага “апалаган” үнү угулбай калбадыбы. Кырдаал кылычын тартпай койду го, кыязы, ушундан улам болсо керек, тили ширин, маин мүнөз, жылдыз кыял проза тургай, азыр поэзия да сүйлөбөй калды. Тилине тикен сайылган, боору таштан, жүрөгү канжар мизинен жасалган нескара чыгармалар эл безерлеринин эрмеги болуп жатат окшойт.

Адабиятыбыздын гүлдөө мезгилин жараткан Ө.Даникеев менен А.Саспаевдин, А.Жакыпбеков менен А.Стамовдун, М.Гапаров менен К.Жусубалиевдин, жазуучу-агартуучу К.Жусуповдун, булардан кийинки сен арасында жүргөн прозачылардын чыгармалары эмне болот? Аларды бизден башкалар окубай калабы? Анда кыргыз адабияты эмне болот? Бир күнү Индонезия адабиятындай жок болуп кетеби? Абдиламит, мен негедир ушуларды ойлоп жүрүп, анан бүгүн ала салма мезгилдин карыш салган кабагына карабай, сага кат жазууну чечтим.

Абдиламит, бир тилим коондун даамындай таңдайда калчу аңгемелериңди эстеген сайын, мен дагы бир курдай ширин аңгеме жазайын дегем. Көкүрөктө көктөп ал жаныбар гүлүн ачып калган эле. Ооба, жабыркаган көңүл менен тилинип бүткөн жүрөктүн жалаң муңунан жаралган музыканын балбылдаган айыпсыз карегине канжар сайып туруп таштап кеткен, сүрөттүн тили жете алгыс жалгыз тагдыр кайрыгын бир аңгеме кылайын дегем. Болбой койду, болбой койду эмес, жаза албай койдум. Канча бир ирет караңгы түндө туурунан качкан куш болуп, бу дүйнөнү сабалап учуп айлансам да, көкүрөгүм ыйлабай койду. Көзүмдөн таштай муздак жаш тамыза ызаланып туруп кетип жүрдүм. Аңгемеби, же повестпи, айтор бүт бардыгы бар, аягы да, башы да көкүрөктө көктөмдөй ырдап турат. Айрым окуялар дилимде сөз болуп күйүп жүрөт, а бирок жаза албай койдум, жаза албай эмес, жазылбай койду. Мына ушул жазда сегиз жыл болот. Бүт бардыгы дапдаяр, а бирок ошол күндөн ушул күн чечекейди чеч кыла көкүрөккө сайылган найзанын жүрөктө калган сыныгындай кыйнап келет.

Билесиңби, Абдиламит, ошондон бери сенин “Далдалчынын уулундагы” Өсөр чалды эстей берчү болдум. Бечара Далдалчыга кыйын эле болгон экен. Мага да таш тийгендей иш болду. Ошондо өзүмдү бир билдим да Абдиламит, мен байкуш бу дүйнөдөн бакыт, сүйүү, атак дегендерди таба албай, тигил ааламга кайып каалап кетип калгандар жөнүндө гана жаза алат экенмин.

Абдиламит, жакында сенин аңгемелериңди дагы бир жолу окудум. Чынын айтайын, адамдын лапсизи жаман эмеспи, мен кайрадан оолугуп чыксам болобу. Ошо сенин чыгармаларыңдай наристенин жыты жыттанган, турмуш ар дайыма жылмайып турган, анделек даамдуу аңгемелерди ушунчалык бир укмуш кумар менен жазгым келди. Жазганда да жалгыз аяк жол боюнда ак сүтүн берген апасынан ажырап, башын жөлөп буркурап отурган жаш баладай ыйлап туруп, куу казык болгон кусалыгымды бир кандыра жазгым келген. Маңдайыңда сүттөй ак желеги желбиреген аңгемени ошо бойдон жетим баладай муңая жер карап жаза албай койдум. Ошондо сени кайрадан эстедим, дилимдеги дарыянын шоокумун тыңшап отурдум. Көрсө, сенде, “сөз багуу өнөрү” (Ч.Айтматов) өзүң менен кошо жаралып, өзүң менен кошо жанын тытып жетилген тура. Андай сапат сенин көркөм чыгармаларыңдан эле эмес, гезиттик кара макалалар деп коёт эмеспизби, ошондой жазгандарыңдан да көз уялткан күзгүдөй жарк дей түшөт. Биринчи мен окуган студенттик курулуш отрядынын эмгеги, турмушу жөнүндөгү макалаңдагы күн муруту чыга элек маалда “суу жетелеп келатам” деп жазганың ошо 1978-жылдын жай чок кармап турган кезден бери эс-көөдөнүмдө жылаажын болуп келатат.

Сенин кийинки китебиң “Атамды көргөн өлбөсүн…” (2004) деп аталат. Ал көлөмдүү жыйнак “Палван” деген аңгеме менен ачылат. Ошо чыгармаңда сен экөөбүздөн башка эч ким таба алгыс, калем учунан эмес, кайып-талант даарыгандан жаралгандай эки учур бар. Сен ошону азабоюңа таркаган кан тамырыңдын кагышы менен сездиң бекен? Сезген чыгарсың, Абдиламит, ал сенин жүрөгүң ырдап, карегиңе жылдыз ашык болуп турганда жаралган чыгармаң. Сен ошону байкасаң да, непадам байкабай калсаң да көктөмдөй көңүлүңө асел сөз кылып кайра салайын.Аерде базар тамашасынын таманын кызыл кыла кызыткан көз байлама оюну аркылуу палван атыккан Ярмат менен кадимки илбирс жамбаш атка конгон, ошо жамбашына түшкөңдөрдүн бели үзүлүп, далысына жер өтүп, эки көзү көк тешип калчу Сурман палвандын жан-дүйнөлөрү жарыша берилет. Ушул параллелизм аркылуу адам дүйнөсү, адам мүнөзү, психологиясы жана адам тагдыры ачылат. 32 кило деп 16 килолук ташты ойноп жаткан Ярмат палвандын ким экенин көзү азиз Сурман палван анын ташын көтөрө калып эле 32 кило эмес, 16 килолук экенин билип, таза эмес оюнга нааразы боло таштарды таштап жиберет. “Жалганды билбеген наристе” – Сурман палванды жетелеп жүргөн бала да сөзүнүн аягына чыга албай калат.

Экинчиси, Фергананын эзиле бышкан базарына тил бүткөрө сайратып турган коончулардын пул санаткан соодасы. “Коончуларда сүрөтчүнүн жүрөгү бар”. Бүттү, жылдыздын кызындай болгон ушул сүйлөм аңгеменин экинчи күрөө тамырындай эстетикалык күчкө эгедер. Базар турмушунун, көрөр замат жүрөгүңдү туйлаткан базарчылардын жашоо дүйнөсүнүн, жылдыздардын көк асмандан жерге түшкүсүн келтирген коон пирамидаларынын өзүңдөн көзүңдү, көзүңдөн карегиңди талашкан бир керемет көрүнүшүнүн, жер менен күндөн, аба менен суудан жаралган күз жытынын касиеттүү ааламы мен мисал келтирген сенин төрт сөзүңдүн тилинен асылдыктан жаралган асел болуп таамп турат. Сенин каарманың – коончулардын анделек жыттуу кепесинде ширин-ширин аңгемелерди жазгысы келген өспүрүм жездесине “балдарга коон ала кетеличи, мазар басып барат”, — десе, анысы: “Ноокат, о-уу, каякта жатат. Олор коон жебесе кысыр калбайт”, — деп маанайга чаба сүйлөп жөнөп берет. Өзү болсо колун бооруна алып, аларга ыйман-ызаат төгүп турган базарчынын “көрүң” деп берген коондун бир тилимин кабыгына чейин шашпай кемирет. Ошондо эки көзү булардан өтүп турган коончунун “колу боорунан түшүп кетти”. Дагы төгөрөктү төп батырган төрт сөз. Окшоштукпу, дал келүүбү, а балким турмуштун карама-каршылыгыдыр?..

Чынында, Абдиламит, аңгемеңдеги ушул психологиялык абалды, ушул кыл учунда турган драмалык көрүнүштү чыгарманын өзүңдөгүдөй баяндап да, сүрөттөп да берүүгө мүмкүн эмес. Көзүң көрүп, өзүң да бир каарман болуп ошол жерде турасың, тигилердин каректеринен алардын жан-дүйнөсүнүн абалын көрөсүң, андагы психологиялык карама-каршылыктардын ичтен жеме күрөшүнө түздөн-түз катышасың, ошо маалда алардын биринин төбөсү көккө тийип, биринин таман алдындагы жер жарылып, дилинен сыза күзгүдөй сынып турганын сен туюнтуу каражаттарынын өзүңө гана таандык өзгөчөлүктөрү аркылуу сүрөткө сөз кудурети менен тартып салгансың.

Көрсө, Абдиламит, сөздүн да миң бир түрдүү, миң бир сырдуу боёгу болот экен. Сен базардын дал ушул эки башка турмушун жазганда өзүңдүн жазуучу-сүрөткер экениңди сездиң беле? Анткени аңгемедеги ушул эки көрүнүш турмуштун кыл тамырындагы карама-каршылыгынан, адам жашоосунун татаалдыгынан улам өмүрдүн өзгөрбөс тагдыры болуп жаралган. Сөз касиетин, сөз улуулугун таланттуу жазуучу гана ушинтип жаратат. Сен ошондой улуулуктун касиетин, сулуулуктун түбөлүк сөзүн жараткан жазуучусуң.

Сен кыргыз адабиятындагы тагдыр-турмушу бир аз башкача болсо да Т.Сыдыкбековдун Соке абышкасы менен Ч.Айтматовдун Едигейинин нарк-нускасын улаган Өсөр, Нарыбай, Шергазы, Асанкул, Мадимар, Артык, Туйту өңдүү бири-бирине окшобогон, а бирок ички дүйнөсү, нравалуулугу боюнча сүттөй таза карыялардын жашоо образын, кыргыз аксакалдарынын турмуштук философиясын жараткан, сөзгө жан киргизген жазуучу катары айтыла берериңе ишенемин.

Экинчиден, агынан жарылар адамдардын пейили менен караганда, сенин “Тандыр”, “Далдалчынын уулу”, “Палван”,”Атамды көргөн өлбөсүн”, “Экзамен”, “Таразачы”,”Момун чал”, “Турмуштан тамган тамчылар”, “Ак коргон” өңдүү чыгармаларыңда сен айыл адамынын жөнөкөй, бирок ички психологиялык жана нравалык жактан алганда алардын татаал тагдырын ички трагедиянын, Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда “жашоону даңазалаган трагедиянын жеңиши” менен көрсөтө алганың мени ар дайым кубанта берет. Ошондо гана ыйык гуманизм, асыл идея жаралат, ошондо гана жазуучунун ички бийлиги өлбөстүккө бет алат.

Жакындан бери, Абдиламит, сенин “Далдалчынын уулу” аңгемеңди ойлоп жүрөм. Бул мен редактор болгон, бейиши болгур К.Эдилбаев рецензиялаган сенин “Тандыр” жыйнагыңа кирген аңгемелериңдин бири. Жыйнак кырк эле бет болчу. Оо, анда мындай көлөмдөгү китептин жарык көрүшү… Кыргыз адабиятындагы эң көлөмдүү китеп “Каныбек” романы эмеспи, биз анда 30-40 беттик жыйнагыбыздын жарык көргөнүнө ошо “Каныбектей” калың китеп чыгаргандай сүйүнчү элек го. Биринчи жыйнак, биринчи сүйүнүч! Азыр ойлойм да, ошо “Далдалчынын уулун” “Далдалчы” эле десек болмок экен. Ч.Айтматовдун “Ак кемеси” “Жомоктон кийин” эмес беле. Ошондой, Абдиламит. Ошондо Далдалчынын тагдырына басым коюлуп, өмүр менен турмушту уланткан трагедия болмок экен. Түшүндүңбү? Ии, ошондой. “Далдалчынын уулу” дегенде, сезип жатасыңбы, Далдалчы Өсөр чалга эмес, анын кыз жандап калган Аттокур баласына басым коюлат экен. Нравалык көз караш, мезгил, турмуш жөнүндөгү ой жүгүртүүнүн ошо 80-жылдардагы канондору, болот чептей бектиги, жаңы адамдын жан-дүйнөсүнүн жеңиши дечи. А бирок, базарга баласы үчүн барбай калган Далдалчычы? Анын аарынын уюгундай ызылдаган ички трагедиясычы? Адам трагедиясычы? Ал жөн эле Далдалчы чал эмес, туз жалаткан турмуш айынан далдалчылык кылган жан эмес, ал өзүнчө бир айылдын, бак ачар болгон базардын турмушу, турмуш болгондо да, турмушту турмуш кылып турган элдин береке чачар калыс жашоосу, жашоо базары. А Далдалчы болсо ошол базардын кагып турган кан тамыры болчу.

Ушундай ойлор келет, Абдиламит. Сенин кыздын баласындай аңгемелериңди окуп жатканда мен андагы ар бир сөздү, ар бир тамганы ак кагаздан ала коюп, жаңы оюнчукту көрө калган жаш баладай кармалай бергим келет.Тамгалары деле мен билген тамгалар, сөздөрү деле мен жазып жүргөн сөздөр, а бирок аларды кайдан, кантип тапканыңды ким билсин, айтор, Ноокаттын таңкы абасындай, Кыргыз-Атанын шаркыратмасындай, Көк-Белдин булбулунун тилиндей туюла берет. Ошол үчүн, Абдиламит, сен жазышың керек, балкасынан башы айланган устадай жазуучулар көбөйгөн кезде жазышың керек.

Сен экөөбүз караганы кара курттай каардуу, жыландай муздак каармандардын турмушун тузун чыгара жаза албайбыз. Анткени сен адам тагдырынын, айыл турмушунун сулуулугун ырдаган жазуучусуң. Мындай жазуучу ар бир жаңы чыгармасынан кайра жарала берет. Мунун өзү таланттын өмүрү болуп саналат. Ошентсе да адабият канчалык күчтүү болсо, анын окурмандары андан кем турбаган билимдүү болуш керек. Эгер өркөнү өскөн, изденгич адабияттын интеллектуалдуу окурманы жок болсо, анда ал баркталбаган бактысыз адабият. Азыр кыргыз адабиятынын окурманы бар. Биз ошол Улуу Окурманыбыз үчүн жазышыбыз керек. Бул заманда сен унчукпай койсоң, ал унчукпай койсо, мен унчукпай койсом Улуу жана Устат окурман эмне болот? Кусалык менен асыл сөзгө болгон арманга муңкана берип, дүйнөдөн өтүп кетеби?

Бу дүйнөдө чыккан күн бар экен да, батпас күн жок экен. Ошентсе да асман алдында, жер үстүндө адам жашап турганда, “байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” (Ч.Айтматов) “Манас” жашап турганда, ХХ кылымдын дүйнөсүнүн көркөм сөзүнө, ошол сөздүн жанына айланган чыгармалары менен Чыңгыз Айтматов биз менен бирге жашап турганда биз эч качан элдин эсинен чыкпайбыз, биз эч качан унутулбайбыз. Сенин анделек жыттуу, асел даам аңгемелериң кең жайлоонун төрүндө, көк асманды көктөй улуу төбөсү менен көтөргөн керемет ыйык тоолордун айдарым таза желин искеп, булбулдун гана үнүн уккан ак гүлдөй мени ар дайым чакырып тура берет. Анткени, сенде асыл сөздүн жүрөгү, сүрөтчүнун көзү бар, Абдиламит!

Самсак СТАНАЛИЕВ, “Ачык сөз”

1.20.2017

Расул АБАЗБЕК уулу: “Чоң жана Кичи Памирди байырлаган кыргыздар азыркы цивилизациядан таптакыр алыс экен”

Жакында Кыргыз Өкмөтү жөнөткөн атайын экспедиция Ооганстандын Чоң жана Кичи Памир тоолорун туруктуу байырлашкан кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип, алардын бүгүнкү ал-акыбалы менен жакындан таанышып кайтты. Четөлкөдө жашаган кандаштарыбыздын азыркы таптагы турмушу, чынында, мышык ыйлагыдай экендигин аталган экспедициянын мүчөсү, ОшМУнун четөлкөлөрдө жашаган кыргыздарды изилдөө борборунун жетекчиси, саясат таануу илиминин кандидаты, доцент Расул АБАЗБЕК уулу кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок.

- Расул мырза, алыскы сапардан эсен-соо кайттыңыздарбы? Дегеле ушул тапта Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги тоолорду жалпысынан канча кыргыз байырлап атыптыр?

- Чоң жана Кичи Памирде ушул тапта канча кыргыз туруктуу байырлагандыгын биз түгүл Ооганстандын расмий бийлиги деле билбейт экен, алар дагы бизге абдан так маалымат айта алышкан жок. Бирок, биздин сапарыбыздагы өзүбүздүн эсебибиз гана боюнча 300 чакты түтүн, тактап айтканда, 1500 чакты киши опурталдуу аймакта дагыле өмүр кечирип жатышыптыр.

- Өз көзүңүздөр менен көрдүңүздөр да. Ооганстандагы кандаштарыбыздын жашоо-шарты, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, абдан эле катаал өңдөнөт?

- Ооба. Биринчиден, Чоң жана Кичи Памир жергеси өзү географиялык жактан абдан эле катаал аймакта жайланышкан. Мындайча айтканда, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте кыргыздар өздөрү гана жашашат. Ал эми жайлоолору андан ары тээ 5000 метр бийиктикте орун алган.

Экинчиден, аталган эки аймак тең азыркы заманбап цивилизациядан караманча эле алыс калган. Маселен, район борбору Ваханга эле жетиштин өзү кыргыздар үчүн оңбогондой эле азап! Жол ката улам-улам топоз жана ат алмаштырып атышып, ал жакка араң гана барышат.

Кайран топоз жаныбары баарына тең чыдайт экен. Жылкылар дагы бар. Тилекке каршы, бээлерди жергиликтүү калк таптакыр саашпайт, демек, буердеги кыргыздар эч кымыз ичишпейт экен. Булар жылкыларды унаа сыңары гана урунушкандыгын баамдадык.

- Боордошторубуз деги узак жашашат бекен? Угушубузга караганда, шартка байланыштуу памирликтер кыздарын эрте эле күйөөгө узатышат турбайбы?

- Чоң жана Кичи Памирде эң узак жашаган кыргыз жетимиштин тегерегинде экендигин аңдадык. Орточо өмүр сүрүү узактыгы элүү-алтымыштан аша элек. Чоң жана кичи памирликтер кыздарын он-он эки жашынан эле күйөөгө узатышаарын өздөрү деле жашырышкан жок. Мунун негизги эле себеби: балдар өлүмү аймакта абдан жогору. Бизди аябай өкүндүргөнү: Улуу жана Кичи Памирде кыз-кыркынын биздегидей турмушка даярдабай туруп эле дароо күйөөгө узатышат экен. Кыздардын макулдугун бир ооз сурашпагандагы бизди чындап эле абдан таң калтырды.

- Баса, биз билгенден Кыргыз бийлиги тарабынан Ооганстандагы кыргыздарды түпкү Мекенине көчүрүү аракеттери жасалып жатпады беле. Эмне, мындан деле эч майнап чыкпаптырбы?

- Ооба. А түгүл мен билгенден Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан мамлекеттер аралык деңгээлде дагы бир катар иштиктүү сүйлөшүүлөр жүргөн. Баса, эл аралык укук нормаларына ылайык биринчи кадамды Ооганстан Өкмөтү өзү жасаганы оң. Ал эми Кыргыз бийлиги бул маселени андан ары жайгарганга дарамети дагы, каражаты дагы жетээрине мен толук ишенем! Мына, Ооган кыргыздарына гуманитардык жактан жардам көрсөтүү маселеси 2008-жылдан бери эле сүйлөшүлүп, тилекке каршы, муз ордунан таптакыр жылбаптыр. Мына, эми гана өз ара көмөктөшүүнүн сааты чыгып олтурат.

- Расул мырза, Ош мамлекеттик университети деле өзүнчө акция өткөрүп, Оооганстандык кыргыздарга кыйла каражат топтободу беле. Аны эмнеге сарптадыңыздар?

- Быйыл ОшМУда өткөрүлгөн атайын марафондо 400 миң сомдон ашык каражат топтолгон. Буга атайын комиссиянын чечимине ылайык Памир кыргыздарына абдан зарыл жылуу кийим-кечелерди, жууркан-төшөктөрдү, азык-түлүктөрдү сатып алганбыз. Ошолорду толук бойдон жеткирдик. Анан мектеп жашындагы балдарга дептер, альбом, калемсап, түстүү карандаштарды тапшырдык Баса, бул акцияны ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков жеке өзү демилгелеген эле. Ошентип, иш-чаранын жүрүшүндө 400 миңден ашык сом топтогонбуз. Мен Кыргыз Өкмөтүнүн атайын экспедициясынын курамында ушул жардамыбызды ооганстандык боордошторубузга толук жана калыс таратканга катыштым.

Кепке тарткан Алишер ТОКСОНБАЕВ, “Аймак.КГ”, 05.11.2016-ж.

Саматбек Ибраев, “Саякбай Манасчы” коомдук фонддун жетекчиси: “Буйруса аракетибизде орчундуу жылыштар болууда”

— Саламатсызбы, агай? Жөн адам Манаска келбесе керек? Алгач “Манас дүйнөсү” тууралуу сөз кылсаңыз?

— Ар бир кыргыз жаралганда эле Манас жөнүндө маалымат алган деп ойлойм. Кичинекейибизде мектепте “Манас” эпосу тууралуу маалымат азыраак болгону менен Сагынбай жана Саякбай манасчы тууралуу кошумча сабактар өтүлчү. Союз мезгилинде көп маани берилбесе дагы докумениалдуу тасмалар тартылып, изилдөө иштери жүрүп келген. Апам айтып калчу, менин таятам Садык, Чоюке манасчы менен дайыма чогуу жүргөн, санжыраны мыкты билген адам болгон деп. Азыркы убакка чейин биздин өрөөндө мыкты санжырачы катары эл оозунда айтылып жүрөт. Менин ушул дүйнөгө аралашып калганымдын бирден бир себеби дагы ушул деп ойлойм.

— Фонддун жетекчилигине кандайча келип калдыныз?

— Кыргызда жакшы салт бар, ал ар бир наристе төрөлгөндө” мыкты жигит болсун, элине кызмат кылган эр азамат болсун”- деп бата берет. Батанын чоң мааниси бар. Мен да ошол нерсени көкүрөгүмө сактап келем. Азыркы кезге дагы карылар менен жолугушуп, майрамдарда өзүм ар бирине жолугуп, кол алышып учурашып, алардын батасын алганга ар дайым ашыгып турам. Ал эми мектепте окуп жүргөн учурда класстын класскому кийин комсомол комитетинин секретары, институтта курстун жетекчиси, армияда өзүбүздүн ротанын комсомол комитетинин жетекчиси болчумун. Ушул нерселердин баары өзүң жөнүндө гана эмес, эл жөнүндө ойлонгонго үйрөтөт экен. Институтта 5–6 жылдай сабак берип жүрүп, ишкерликке өтүп ал жактан жакшы ийгиликтерге жетишкенден кийин саясатка келип парламентте депутат болдум. Депутат болуунун өзүэле чоң жүк экенин сездим. Себеби, мамлекеттик масштабда ой жүгүрүү, элиме кантип салым кошсом деген ой биринчи орунда турат.

Саякбай манасчынын 120 жылдыгы белгиленген жылы менин жолдош балам Болот Бердибаев демилге көтөрүп, 2014-жылы 17-февралда ушул фондду негиздегенбиз. Балыкчы шаарында манасчынын айкели тургузулуп, басмадан катар катар китептери басылып чыгып жатат. Мындан тышкары учурдун алдыңкы манасчыларынын бири Талантаалы Бакчиевдин салымы чоң болгон учурдагы “Жети күн, жети түн Манас айтуу” иш чарасын салттуу түрдөөткөрүп туруу максатында баштаганбыз. Бул иш-чараны быйыл үчүнчү жолу “Супара” этнокомплексинде өткөрүп жатабыз. 2015-жылы күздө Б. Бердибаев Саякбай атанын көркөм тасмасын тартуу сунушун айтып калды. Бул Манасты жайылтуунун эң жакшы жолу болору мага абдан жакты. Маанилүү тасманы тартууга чоң жоопкерчилик, чоң каражат керек болчу. Мен үй-бүлөм менен кеңешип, бир жумадан кийин макул болуп, тасманы тартууга бел байлаганбыз. Буюрса 2017-жылы мартта аны жалпы кыргыз элиме тартуулайбыз. Тасманы жогорку деңгээлде тартканга аракет жасадык. Буга карата менин жеке пикиримде элдин манасчыларга болгон көз карашы, сый- урматы бир нече тепкичке көтөрүлөт жана дүйнө эли Манас боюнча кабардар болот.

— “Манас” эпосунун канча варианты менен таанышсыз жана бул жаатта кандай илимий эмгектериңиз бар?

— Мага абдан жакын суроо экен, себеби мен илимди сүйгөн адаммын. Буга чейин Манастын тегерегинде ар кандай кырдаалдарда оюмду айтып, статьяларды жазганга аракет кылып жүрөм. Жалпы элге тартуулай элекмин бирок Манастын темасында жазган макалаларым бар.

— Фонддун өнүгүүсүнө кандай салым кошуп жатасыз?

— Кандай иш жасасак дагы анын баары каражат маселесине келип такалат. Ошондуктан ишкер катары чоң салымымды кошуп жатам. Бүгүнкү күнүөтүп жаткан “Жети күн, жети түн Манас айтуу” иш-чарасын жылда чогуу өткөрүп келебиз бирок быйыл негизги бөлүгүн өзүм каржылаганга туура келип жатат. Дагы бир чоңөзгөрүү фондубуз эл аралык болуп кайра катталдык. “Манас” эпосу Юнеского катталгандан кийин, дүйнө элинен бул баалуулукту биз менен да бөлүшкүлө деген чакырык болду. Ошол нерсеге реакция катары дароо эле “биздин фонд эл аралык болушу керек “ деп демилге көтөрдүм. Себеби, манасчылык өнөрдөгү, “Манас” эпосундагы чоң руханий байлык башка элдерге дагы жарык чачып жакшы жыйынтык берсе деген тилегибиз бар. Бул нерсе менен биз өнүгүүнүн жолун таба алдык десем болот. Себеби Манаста каза берсе түгөнбөгөн байлыктын кени бар. Андагы эң негизги тема ынтымак. Анткени Манас кырк урууну бириктирип каганат түзгөн. Айтсак дегеле өнүгүүнүн жолун ачкан үч несе бар. Алар, билим берүү, медицина, маданият. Үчөө эгиз козудай, бирок да негизгиси бул маданият. Ал болбосо билим берүү да, медицина да өнүкпөйт. Ал эми “Манас” эпосу маданияттын негизги өзөгү. Демек, өнүгүүнүн ачкычы “Манас” эпосу.

— Манасты жайылтуу учурдун негизги талаптарынын бири. Бул боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?

— Жайылтуу боюнча чоң долбоорду жогоруда айтып өткөн тасма тартуу боюнча, андан сырткары биз кичинекей балдардан баштайлы деп жатабыз. Биздин максатыбыз биздин балдар башка мультфильмдеги каармандарды эмес, “мен Манасмын”, “мен Чубакмын” деп ойногудай болсо деп ойлойбуз. Ал үчүн бизге эмне керек? Биринчиден жаш балдарга арналган китептер керектелет, экинчиден мектептерде Манас таануу боюнча конкурстар жүрүп жатат. Быйылкы “Тарых жана маданият” жылына карата Манас, тарых жана адабият депүч багытта мектептер аралык конкурс өткөрүп жатабыз. Буга чейин райондук деңгээлдерде өткөрүп келсек эми облустук багытта өткөрөбүз. Биз ушул нерселерди жасап жатып, мунун абадай керек болуп жатканын түшүнүп жатабыз. Анткени адамга алгач акча эмес руханий байлык керек.

— Учурдагы муундан үмүтүңүз кандай?

— Кийинки муундун жакшы, жаман болушуна улуу муун жоопкерчиликтүү. Алыс кетпей өзүбүздүн эле айлананы карасак, жаштар үчүн чоң сабак болчу жакшы иш-аракеттер жүрүп жатат. Жакында эле “Маданият” телеканалында Манас айтуу боюнча 15 жаштан 25 жашка чейики жаштар арасында конкурс өткөрдүк. Ошого келген балдар аркылуу дагы жаштардын Манаска болгон кызыгуусу өтө жогору экенин билсек болот. Буюрса Кыргызстандын келечеги кенен.

— Сидин үй-бүлөңүздө эпостун мааниси кандай?

— Менин үч уулум бар. Эки уулум Бишкекте жашагандыгызга байланыштуу орус мектепке окуп калышты. Атасын көрүп буюрса уулдарым дагы бул чөйрөгө көбүрөөк жакын боло башташты. Ал эми кичүү уулум иш-чаранын ачылышында тыпылдатып Манас айтып берди. Бул тайэнесинин эмгеги, себеби атаңар ушундай жакшы иштерди жасап жатат деп үйрөтүп коюптур. Ал эми үйдө апасы дагы менин жасаган иштериме кубат берип ар дайым колдогонго даяр турат.

— Манаста “устат-шакирт” түшүнүгүнүн мааниси абдан чоң эмеспи. Өзүңүздүн уулуңузга учурдагы манасчылардын кимиси устат болсо дейсиз?

— Чынын айтсам бул мен үчүн татаал суроо болуп калды. Бул туурасында ойлонбоптурмун. Уулум өз алдынчалуулукка көнгөн. Агайлары менен озү келип тил табышып жаткандан кийин устатын да өзү тандап алса керек.

Маектешкен Алия Тургуналы кызы, «Таян.КГ»

Казак сериалдарынын катыгын берген кыргыз режиссеру

Кыргыз кинорежиссеру Айбек Дайырбековду өз өлкөсүнө караганда Казакстанда жакшы тааныйт. Алматы менен Астанада тарткан телесериалдары ага жакшы атак алып келди.

- Айбек, Казакстанда азыр сиздин “Айман менен Шолпан” аттуу жүз бөлүктөн турган соңку сериалыңыз өзгөчө популярдуу болуп жатканын уктук. 100 сериалуу тасма тартуу оңой болбосо керек?

- Албетте оңой эмес. Сериалды тартып жатканда сценарийин алмаштырып койгон учурлар да болду. Сериал 100 сериядан тургандыктан эки топ менен тарттык. Биринчи топ “Казакфильмдин” ичинде иштесе, экинчиси чет жакта. Эгерде бир группа менен тартсак анда 8-9 айга созулмак, эки группа менен иштегендиктен 100 сериялуу тасманы 4 ай ичинде тартып бүтүрдүк. Толукметраждуу тасманы орто эсеп менен бир күндө эки көрүнүштөн (сценка) тартышат, биз бир күндө 13-14 көрүнүштү тарттык. Ар бири эки барак тексттен турат. Эми ойлонуп көрсөңүз, актер бир күндө 13 көрүнүштү аткарыш керек. Бир көрүнүштү бир канча дубльдан тарткан учурларыбыз да болгон. Ошондуктан биз эң мыкты актерлорду тандаганбыз. Даярданбаган адамга бул эң эле оор. Эртең мененки жетиден кечки тогузга чейин иштөө көнүмүш адатка айланып калган. Башкы ролду ойногон Салтанат Бакаева эӊ мыкты ойноду.

- Сизди кошуна мамлекетте кыргыз режиссеру катары таанышабы?

- Биринчи сериалды тартып баштаганда мен жөнүндө Казакстанда такыр сөз кылышчу эмес. Үчүнчү сериалымдан кийин гана журналисттер кайрыла баштады. Соңку «Айман менен Шолпан» телесериалы бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн айтымына караганда, мыкты тартылган сериалдардын бири катары кабылданууда. Ушул сериалдан кийин казак журналисттери мени көбүрөөк таанытышты окшойт. Кыргызстандан барганымды баары билишет, дайыма «кайсыл жерден келдиӊиз?» деген суроону беришет. Негизи казак телеканалдары сериал тартууга башка жактан дагы көп чакырышат. 2015-жылы чыккан «Аялуу арман» сериалында орусиялык Александр Гончаров деген оператор менен иштештим. Сценарийлерин дагы орусиялык сценаристтер жазышат. Себеби Казакстандын өзүндө сценаристтер аз. Бул проблема бизде дагы орчундуу – сценаристтер жокко эсе.

- Казак сериалдарын кантип тартып калдыңыз?

- Казакстанда баш аягы 6 телесериалга режиссерлук кылдым. Алгач капысынан барып калгам. 2009-жылы агайым Эрнест Абдыжапаров Казакстанда сериал тартып жаткан эле. Бир жумага башка жака кетиши керек болуп калып ордуна мени калтырып кеткен. Ошентип күтүлбөгөн жерден Алматыда бир жума сериал тартып калгам. Мени менен иштешкен продюсерлерге жеӊил болдубу, же иштегеним жактыбы, же мага Эрнест Абдыжапаровго караганда азыраак маяна төлөштүбү айтор бир жыл өткөн соӊ «Астана телефильм» компаниясынын продюсери Алия Увальжанова «Жаным» сериалына режиссер катары чакырды. Көп адамдар аралашкан, техникалык жактан татаал болгон съемкалар кандай болоорун өздөштүргүм келип макул болгом. Ал биринчи сериалымды эки тайпага бөлүнүп казак режиссеру Бахтияр Сейтказиев менен бирге тарттык. Көп миллион бюджеттүү чоӊ сериал тартууда тез ылдамдыкта тартуу максатында бир эмес, эки же үч тартуучу тайпа менен көп иштешет. Болбосо 76 сериядан турган телетасманы бат бүтчүдөй эмессиӊ. Ошентип Бахтияр экообүз эки группа менен тарттык. Мен үчүн бул сериал ушундай ыкма менен иштеген биринчи тажрыйба болгон. Сериал тартуу менен кино тартуунун айырмасын ошондо бизге консультант болгон москвалык продюсер Валентин Опалев түшүндүрүп берген.

- Ошондо жалпы канча тасма тарттыңыз?

- Казакстанда 6 телесериал, Таджикистанда 1 кыска метраждуу кино тарткам. Ал эми Кыргызстанда 1 толук метраждуу тасма, төрт кыска метраждуу тасма. Буга эксперимент катары тарткан анимациялык тасмаларды кошпойм.

- Башка чет мамлекеттерден да тасма тартууга сунуштар болуп жатабы?

- Болуп турат. Акыркы эки жылдан бери бир чоң долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бирок азырынча айтууга эрте.

Гүлкайыр Бабаева, «Кабар 24», 18.01.2017-ж.