1.19.2017

Рухий жакырчылыктан корккон жазуучу

Соңку жылдары китеп артынан китеп чыгарып, кырктын кырынан ашканда адабиятка алкынып кирген Олжобай Шакирди ким тааныбайт. Адабий сайт ачып, интернетти жиреп киргени социалдык тармактарда отургандар да жакшы таанып калды. Ат жалында кепке тартсак, той-аштардан баш тартып, убактысынын баарын адабиятка арнап калганын айтып, “керек болсо өлсөм сөөгүмдү өрттөп ий деп уулума керээз калтырдым” деп атпайбы чунак киши.

– Олжоке, акыркы жылдары адабият майданында катуу иштеп, удаама-удаа китеп чыгарып атасыз. “Куюн доор” романыңыз сыясы кургай электе эл оозуна алынып отурат. Эми ал чыгармалардын маани-маңызын мындай коё туруп, сөздү башка өңүттөн баштасак. Кыргызстандын азыркы шартында башка иш кылбай жалаң жазуучулук менен, адабият менен жашаса болот бекен?

– Жазуучулук менен жашаса болобу, болбойбу – ал мага кийинчерек маанилүү көрүнбөй калды анча. Маанилүүсү – аңгемелер топтомунан турган "Эски тегирмендин орду", "Куюн доор" романымды акыркы төрт жылдан бери колуман чыгардым. Экөө тең чаңга басылып калган жок. Экөөнүн тең баасын түшүрбөдүм, кымбат саттым. Бекер таркатылбады. Окурман чөнтөгүн аяганым жок. Бул эки китеп мени жазуучу катары таанытты көрүнөт. Ошондон улам дымак күтүп, адабияттын малайы болгум келди. Көпөс саясатчылар азыр журналисттердин далайын малай кылып алыптыр, а менин журналистиканы көрөйүн деген көзүм жок азыр. Ошон үчүн «литературный раб» болгонду ылайык көрдүм. Ырахаттуу экен ал. Адабияттын дагы бир жакшы жери – убакытка да, чөнтөккө да сараң болгонго үйрөндүм. Убакыттын баркын эми сездим. Турмушта акчаң жетишпеген жашоо кеп эмес экен, күн өтө берет. Убакытты кор кылгым жок. Учурда менин иш тартибим 14-15 сааттан кем эмес. Ара-чолодо дене бой чыңайм, шылдыраган муздак сууга жуунам, көз умачтай ачыла түшөт, кайра отурам. Мен азыр той-топурга да барганды койдум. Чакырык жөнөткөндөргө берер жообум: «Тоюңа баргандан менден пайда жок, чакырууну конверт берчүүлөргө таркат!» деп келем.

– Жакшылык-жамандык ар бирибиздин башыбызда го, той-топур аркылуу кыргыздын алака мамилеси түзүлөт эмеспи...

– Стоп! Сурооңдун ары жагын түшүндүм. Элден кол үзүп коёсузбу дегениң да бу. Мен эмне китеп сатыгынан түшкөн аз-маз тыйынымды аш-тойго коротомбу же үй-бүлөмдүн кем-карчысына жеткиремби? Ансыз да тиягына тартсам, биягына жетпеган өп-чап турмуш баштан өтүп атат, үкам... Балама болсо эбак керээзимди айтып койгомун: өлсөм чыгым тартпай, сөөгүмдү өрттөп жибер деп. Андан асман жерге түшүп кетпейт, кыргыздын каада-салтынын кылы да кыйшайбайт...

– Ошентип көжөлүп отуруп жазганыңыздын мээнети кайттыбы жок дегенде?

– Кайтканы ушул: миң нускадан чыгарган китептерим түгөндү. "Куюн доорум" үч ай ичинде сатылып кетти, азырак калган 20-30дайын "Коом жана Мен" сайтынын туруктуу окурмандарына белекке таркатып жибердим. Туруктуу айлыгым жок болгондуктан китептен түшкөн киреше кайра дагы китеп чыгарууга жетпей, баары үй-бүлөлүк бюджеттен артпады.

– Азыр эми “Коом жана Мен” сайтын ачып, адабият менен интернет айдыңында билек түрүнө кириштиңиз. Окурмандарыңыз, авторлоруңуз акырындап болсо да арбып жаткандай. Бирок каржы жагын кантип атасыз?

– Илгери "Ала-Тоо" журналы менен "Кыргызстан маданияты" коомду сабаттуу кармап турган басылмалардан эле, кийин "Асаба" гезити элди саясый жактан 10-15 жыл сабаттуу кармап турду. Азыр барбы ошондой басылмалар? Бар албетте, жалгыз "Ала-Тоо" журналы. Чыгып атат, бирок ал кыргыздын кыйырына жетип аткан жок, себеби бир миллиондон ашык мекендешибиз сыртта жүрөт, аларга басылмалардын жетиши кыйын, ал тургай дубандарга толук жетип аткан жери жок. "Коом жана Мен" сайтын ачкан максатым – сергек окурмандардын кыртышын жоготпой сактап калуу, окурман табитин өстүрүү. Ошо сыртта жүргөн мекендештерибиздин балдарына эне тилибиздеги өрнөктүү чыгармалар жетип турбаса, алардын кыргыз деген аты эле калбаса, заты калбайт! Алар тургай бу жактагы келечек жаштарыбыз ою жетик, тили жатык тарбияланып атабы кыргыз тилинде?! Кыргыз адабиятынын саман-топонун ажыратып берер адабиятчыларыбыз болсо оозеки адис болуп алышты, жазгандары аз. Адабий сын жок үчүн графомандар толуп кетти. Сөз маданиятынын баркы азайды, эптеп сөз чүргөгөндүн баары китеп чыгарып, адабиятка ызаат мамиле кылынбай калды. Анан мунун баарын көрүп отуруп, ичиңен түтөйт экенсиз. Биз улут катары адабий-маданий дөөлөт жаратабызбы же түбүбүздү жоготобузбу? Муну ар бир кыргыз тукуму ойлонушу керек! Андыктан адабияттын жакшы-жаманын ылгай турган бир коом, же бирди-жарым адам чыгышы керек да. Мен ошого бел байладым. Бирок бул жалгыз кишиге оңой-олтоң түйшүк эмес. Мага айлык берген да киши жок, андыктан сайтты түптөгөндөн баштап эле туруктуу окурмандарга кулак кагыш кылып келатам, мен бир кембагал экемин, каралашкыла деп. Албетте, минтип окурмандарга жүгүмдү артып атканым жакшы эмес, бирок башка аргам жок. Мен кетмен чаап жер казсам да тирлик кылып кетер ал-күчүм бар курактамын. Бирок ошол күчүмдү рухий багытка, коом агартууга жумшагым келет. Улут үчүн рухий жакырчылыктан өткөн коркунуч болбосо керек! Мен ошол рухий жакырчылыкка кептелгенибизден корком...

– Азыркы сайтыңыз өтө эле жупунудай көрүнөт...

– Эмне кыл дейсиң? Суусар тебетейи башында сүлкүлдөп турган бай-манаптын жанында жупуну көрүнсө да бирок дервиш куттуу эмеспи деп өзүмдү сооротом. Кеп, сайттын маани-мазмунун кемитким келбейт. Албетте, байманам ашып турса, так ошол сен айткан жупунулукту кооздоп, сайттын эстетикалык көрүнүшүн жакшы дизайнерге жасалгалатат элем, бирок ага акча керек. Бирин-экин туруктуу окурмандар, максатымды түшүнгөндөр бир аздан тыйын салганы менен бирок сырттагы кычыраган суукту көрүп атасың, үйдөгү отун-суума, светиме төлөгөнгө ошолордун жардамы болуп атат. Жеңеңе болсо алдамчы болуп бүттүм, ага укмуштай жомокторду айтам күнүгө. "Мен келечеги бар иш жасап атам, чыда" – дейм. Маркестин аялы Мерседеске окшоп, ал кургур да менин бардык кыйынчылыгыма көндү. Балдарым да көнүп келаткансыйт...

– Кыргыз коомунда адабиятка кызыгуу кандай экенин байкасаңыз керек?

– Ошо кызыккан окурмандар бар үчүн таш көчүк болуп отурам да. Менин тоодой таянычым жеңеңден кийин ошол туруктуу окурмандарым. Алардын кээси жубайымдан кофе берип жиберет, конфет берип жиберишет. Тыйын-тыпыр жөнөтүшөт кээси. Ушу мага абдан таттуу да, үкам. Шимип отура берем конфеттерин, муздак үйүмдө кофесин шорулдатам. Иш жүрө берет. Жазуучунун жашоосу меникиндей эле болушу керек негизи...

«Кабар 24», 10.01.2017-ж.

Балдар адабияты темасындагы чыгармаларга сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын балдар адабияты темасындагы чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республиканын кыргыз тилиндеги балдар адабияты темасындагы чыгармалар үчүн сыйлыктарын 2017-жылы изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Сынакка мектепке чейинки, кенже, орто, уулу мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар төмөнкүдөй номинациялар боюнча кабыл алынат:

  • балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн (китеп).

  • балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн (китеп).

  • балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн.


Сыйлыктарды изденип алууга чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдында башкаруу органдары коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.

Сынакка көрсөтүлүүчү чыгармалар көрсөтүүчү уюмдардын сунуш каты менен бирге басмаканалык шрифт менен басылган түрдө беш кем эмес санда берилет.

Материалдар 2017-жылдын 4-январынан баштап, 1-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан саат 9.00дөн-17.00гө чейин кабыл алынат. Сыйлык

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, байланыш телефону: 66-03- 32, 66-39- 15

http://minculture.gov.kg, 19.12.2016-ж.

«Байчечекей» — балалыктын символу

Журналдын баш редактору Токтосун Самудинов «Кутбилим» газетасынын башкы редактору Кубат Чекировдун суроолоруна жооп берет.

– Токтосун агай, кыргыз баласы үчүн гүлдѳрдүн да эӊ ыйыгы, биринчи эле оозго келери – байчечекей. Жарыктык, кѳктѳмдѳ күн аз жылымдап, кар анча кетелекте эле ар кай жерден үлбүрѳп чыга калган гүлдүн баатырлыгына айран каласыӊ. Журналдын атынын коюлушу бекеринен эмес го дейм. Биринчи редактор катары атын сиз койдуӊузбу?

– Жок. Атын ал кездеги мамлекетибиздин жетекчиси Турдакун Усубалиев ѳзү койгон экен. Анткени 1976-жылдын 24-августунда КПСС БКнын «Кыргызстанда 1977-жылдын январынан «Байчечекей» («Подснежник») деген ат менен балдар журналын чыгаруу тууралуу» атайын Токтому чыккан болчу. Демек, аты Москвага ошондо эле даяр бойдон барыптыр.

– Затына аты жарашып, 40 жыл бою кѳгѳрүп-кѳктѳп келатканы бекеринен эмес экен да! Башка республикаларда ушу сыяктуу журналдардын аты кандай?

– Мен билгени – Казакстанда «Балдырган», кыргызча балтыркан деген чѳп, Ѳзбекстанда «Гунча», кыргызчасы бүчүр болот го, Түркмѳнстанда «Кѳрпе», ал козу деген сѳз экен, Тажикстанда «Чашма», бизче булак болуп которулат.

– «Байчечекейдин» 20 жылдык юбилейи Опера жана балет театрында чоӊ салтанат менен ѳткѳнү али эсимде. Аялдар конгрессинен З. Акбагышева, билим берүү министрлигинен Г. Куликова, мэриядан Л.Комиссарова, «Мээрим» эл аралык фондусунан М. Абдразакова атайын келип, ысык-ыклас сѳздѳрү менен куттукташпадыбы.

– Куликова ал кезде он жашар Дарья деген кызы экѳѳ В. Шаинскийдин «Бирге жүрсѳ досторум» деген ырын кыргызча ырдашты. «Кутбилим» газетасынын атынан тапшырган ѳзүӊдүн адрес папкаӊ да редакциябызда сакталуу. Билинбей арадан дагы 20 жыл ѳтүп кетиптир. Биздин видеоархивибиз бай. Ошо опера жана балет театрында «Байчечекейди» куттукташкан кѳрүнүктүү акын-жазуучулар – С. Жусуевдин, Ш. Бейшеналиевдин, К. Бобуловдун, О. Султановдун жана башкалардын сѳздѳрүн, бѳбѳктѳрүбүздүн концерттик номерлерин бүгүн ЭлТР каналынан эл кайрадан кѳрүп, уга алышат. Анда 9-10 жаштагылар азыр ѳздѳрү үй-бүлѳ күткѳн азамат жигит-кыздар да! Ата-энелеринин кичинекей чактагы элестери, албетте, алар үчүн чоӊ кызыгууну туудурары анык.

– Токтосун агай, «Байчечекей» журналынын басып ѳткѳн 40 жылдык сапары элибиздин соӊку үч муунунун тагдыр-жолун эстетип турат. Ал балалыктын символу сыяктуу. Журнал жѳнүндѳ сѳз болгондо канчалаган чыгаан адамдар кѳз алдыга тартылат.

– Албетте! Баскан жол ошонусу менен кымбат, ошонусу менен унутулгус. Алар – бир жылдарда «Байчечекейде» эмгек эткен сүрѳтчү Белек Жумабаев, акындар Абзий Кыдыров, Жайлообек Бекниязов, сүрѳтчү Иманкул Сагындыков. Редакциянын каттар бѳлүмүндѳ Зейнеш Абакирова менен Жаӊыл Супатаева эжелерибиз үзүрлүү иштешти. Учурда белгилүү акындар – Байтемир Асаналиев, Нургазы Ахмедулин дал жогорудагы таанымал инсандардын чыгармачыл жолдорун татыктуу улантып келишет. «Байчечекейдин» окурмандары Жакыпбек Абдылдаев, Каныбек Жунушев, Амангелди Мисиров, Эсенгул Чопиев, Вахаб Умаров, Батма Абдухамидова, Зууракан Конгайтиева, Зинахан Пасаӊова, Сулайман Рысбаев, Абдыкерим Муратов, Алмазбек Токтомаметов, Абдылда Карасартов, Исабек Токтогулов сыяктуу таанымал калемгерлердин чыгармаларын качантан сүйүп окушат.

– Опера, балет театрында белгиленген 20 жылдык юбилейиӊиздерде журналдын, коллективдин, жеке баш редактордун адресине жылуу-жумшак кеп сѳздѳр айтылды. Анда «Байчечекей» 20 жашта болчу. Бүгүн 40 жашта. Демек, дагы да ыраазылык сѳздѳр кѳбѳйѳ түштү дегенге негиз бар. Кантсе да, мен ѳзүм күбѳ болгон ошондогу бир факт: Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун сизге арнап театрда окуган ыры. Бүгүнкү маегибизди ошол ыр менен аяктагым келип турат. Анткени ал ырда мактоо эмес, 40 жыл бою окурман журту ѳзү калыс болгон чындык бар. Сѳз чынынан бузулбайт эмеспи.

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»

журналына жана анын баш редактору
Токтосун САМУДИНОВго


(Журналдын 20 жылдык юбилейинде окулган ыр)

Сен ѳзүӊ да байчечекей сыяктуу
Таза жүргѳн таза акынсыӊ, уяттуу.
Азаматсыӊ, эрте жеткен акылга,
Аӊдап турган дайым тияк-биякты.

«Байчечекей» да бир уул-кызыӊдай,
Балапандай, колдо ѳстүргѳн кушуӊдай.
Биз баарыбыз дал ошондой кѳрѳбүз,
Бизге дагы «Байчечекей» ушундай.

Жаман болсо ар бир үйдүн башчысы,
Жакшы болбойт үй-бүлѳнүн бактысы.
Сен экенсиӊ жакшы апа да, жакшы ата,
Редактор мырзанын да жакшысы.

Жайлоодо кѳп жашыл гүлдүн түрлѳрү,
Жайда назик булбулдардын үндѳрү.
Сен барыӊдан жакшы болуп  ушунча,
«Байчечекей» ушунчалык гүлдѳдү.

Омор СУЛТАНОВ, Кыргыз Эл акыны.

«Кутбилим», 13.01.2017-ж.

Залкардан калган таберик Жеңижок акындын комузу

Мезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар.

Иш сапарда жүрүп түркүн - түркүн кызыктарга жолугасын, бул сапар да сапарыбыз олжолуу болду деп айтсам жаңылышпаган болом. Заманыбыздын залкары, жез таңдай төкөмө Өтө Көкө уулу –Жеңижок Аксыда жашап өткөнү жаамы журтка маалым. Мезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар. Ошол жез таңдай төкмө деген улуу наамды да дал мына ушул Сулайманкул болуш ошол айтыштан кийин ыйгарып, Өтөгө колуктусу Көксулууну алып бергендиги тарыхтан бизге маалым. Эсенаман төкмөнүн айтуусунда мындай деген сап учурайт.

«Ажынын уулу Сулайман,
Ала барман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт,
Антсе дагы башкарып,
Акысынын ичин билди
,- дейт» деген сап учурайт. Эмне үчүн Эскең Сулайманкул болушту бакшы деп жатат. Анын өзүнчө тарыхы бар. Базар-Коргондо чоң той болуп калат. Ошол жерде Жеңижокко көз тийип, сыркоолоп калат, ошондо Сулайманкул болуш бир торпок алып келдирип, садага чаап жиберип, ырымдатып Жеңижокту сактап калган. Дал ошону айтып жатат. Бул да болуштун Жеңижокко көрсөткөн урмат сыйы деп кабыл алууга болот. Анын өмүрү Кыргыз эли үчүн кымбат экендигин билген, болуш. Дал ошондон Өтөнүн өмүрүн кандай болбосун сактап калуу керектигин ойлогон.

Оозунда элеги жок айрым адамдар Жеңижокту комуз чертпеген деп да чыгышкан. Бирок мезгилинде Жеңижок залкар жез таңдай төкмө гана эмес чоң комузчу, Манасчы, Семетейчи болгондугу бизге чейинки маалыматтарда жетип келди. Токтогул Сатылганов да Жеңижоктун талантына таазим кылып, Аксыга келип бирге жүрүп, чыгармачылык бир сапарда болгондугун айтсак ким танат. Аны Токомдун бир сөзү далилдеп турат. «Мен Өтө акем бар жерде комуз чертип, Ныязалы бар жерде ырдап олтурганым оң» деген. Мына ушунун өзү залкарлар бири-бири кандай урматтагандыгын көрсөтүп турат. Ал эми Өтө болсо өлөр алдында ырдаган «Ким айтат менин ырымды» деген чырамасында «Бир билсе Токтогул билет сырымды, көп болбосо азыраак, Токо сен айтып кой ырымды» деп табыштаган саптары бар. Бул эки залкар өмүр бою бирин-бири сыйлап ардактап жүрүп өтүшкөн. Токтогул сүргүндөн келгенден кийин да Кетмен-Төбөгө жүрө албай кайра Аксыга Өтөнүн жанына келген. Өтө Токону Айгерим деген келинге үйлөп, өзүнүн Раватынын жанына эки бөлмөлүү үй да куруп берген экен. Ошол үйдүн урандылары азыр да сакталып калган. Мезгилинде Током бир гана комузчу гана болбостон колунан көөрү төгүлгөн уста да болгон. Анын бир нече комуздары ушул мезгилге чейин сакталып келет. Төкмө акын Аалы Туткучев да Токтогулдун комузу деп ардактап алып жүрөт, ал эми бир комузду Сыймык Бейшекеев да алып жүрөт.

Жакында Аксыдагы Жаңы-Жол айылында жашаган Турдукул Жуманалиев деген комузчу, чыгармачыл адамдын үйүндө конокто болуп калдык. Ал киши азыр ардактуу эс алууда, мезгилинде Жаңы-Жол айылдык маданият үйүнүн директору болуп көп жыл иштеп, нечен жаштарды тарбиялап уядан учурган адам. Ушул Турдукул акенин бир Борон деген жездеси Жеңижокко тууган адам болгон экен. Борондун байбичеси Турдукул акенин атасы менен тууган, карындаштары болгондугун айтат. Борон аксакал өзү Түбү Таластан болот эле дейт. Жеңижок өлгөндөн кийин Жеңижокко Токтогул өз колу менен чаап берип, чертип жүргөн комузу мына ушул Борон аксакалдын колунда калат. Ал киши ардактап алып жүрүп, кийин көзү өткөндөн кийин комузду Жуманалы аба алып, андан уулу Турдукул акенин колунда калат. Жүз жылдан ашык сакталып келген комуз, көп жабыр тартып калган. Бирок залкардын колунан жаралып, жез таңдай акын өз колу менен кармап чертип жүргөн ыйык жана таберик буюм катары бизге жетип келгени эле чоң табылга деп эсептеп калдым. Комузду бир формада, ат менен жер кесип алып жүрүүгө ыңгайлуу кылып жасап, чапкан экен. Токтогул акындын формасы экендигин көргөн дө эле тааныдым. Союздун учурунда Алымкул Үсөнбаев атабыздын байбичеси Назим апам Токтогулдун комузу деп дал ушундай комузду мага көрсөткөн эле. Дал ошол комуздун өзү экен.

- Менде бир кылымдан бери атадан балага өтүп аздектелип сакталып келе жаткан буюм бар. Сен Токтогул тууралуу бир топ макалалардын сериясын жаздың эле, Абдымомун ушуну сага көрсөтөйүн деп Турдукул аке комузду алып келди. Мен абдан кубанып Турдукул акеге ыраазылык билдирип, комузду Кербен шаарына алып келдим. Кандай сакталган болсо ошол боюнча сүрөткө тартып, бул табылганы элге журтка жарыя кылып койсомбу деп чечтим. Биз үйдөн чыгып баратканда Турдукул акенин байбичеси Уулбү эже жоготуп койбогула, бул кайнатамдан калган таберигибиз деп кайра кайра табыштап жатты.

Мына ошол Током өз колу менен өрүктөн чаап, Өтөгө белек кылган комуз мына ушул экен. Жез таңдай төкмөнүн табериги менен таанышып койгула урматтуу окурманым.

Абдымомун КАЛБАЕВ, акын-жазуучу,
Ашым Жакыпбеков атындагы
адабий сыйлыктын ээси, Аксы району,
“Аймак.КГ”, 14.09.2016-ж.

12.06.2016

Сайтыңыздын же адабий баракчаңыздын болушун каалайсызбы?



Анда бизге кайрылыңыздар!

Интернет чыгармачыл адамга окурмандарын табууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Мисалы, социалдык тармактар. Бирок айрым учурда чыгармаларың иреттешкен түрдө болушун каалап кетесиң. Мындайда өзүнчө сайт ачуу зарылдыгы бар.

Биз сайтыңарды ачып, баштапкы материалдарыңарды жайгаштырып беребиз. Сайтты каражатты талап кылбаган бекер хостингде ачып беребиз, башкача айтканда, сайтты мындан ары иштеткенге эч бир чыгым кылбайсыңар. Бул көп адамдар үчүн зарыл деген ойдобуз.

8.03.2016

Жыргалбектин жаңы ырларынан жана котормолорунан



ДҮЙНӨ


Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган.
Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.
Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,
Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

Башымдан айлар учса, жылдар конуп,
Баратам, эл катары жылган болуп.
Келечек — кечээкимден бөлөк карап,
Кетишим — келгенимден ылдам болуп…

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.
Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.
Улуусуң! Ушунчалык терең туруп
Ууртамга бир өмүрүм жеткирбеген.

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.
Чындыгың акырында өзүмдү алаар.
Ак калпак аталардан мурас болгон,
“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.
Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.
Тигилип тойбой келем, көркөмүңө
Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.
(25/05/16)

3.30.2016

Агындылар



Кудай адамдарга акылды да, эсти да берет экен. “Акылы бар, эси жок” деген сөздүн маанисин эми түшүнүп олтурам, көрсө “акыл” деген үй-бүлөнүн башындагы эки тизгин, бир чылбырды кармап турган кожоюнга окшош болсо, “эс” дегениң ошол кожоюндун “акылы” ээ-жаа бербей ашынып бараткан кезинде жеңинен тартып, “э ботом, эмнеге эле алды-артыңды карабай аңыраңдап калгансың, абай салып, акыл калчасаң болбойбу?” деп тыйып турган, тизгинден тартып, сабырга саптап турган жубайына окшош турбайбы.