3.29.2016

“Чапанды чыгаруу апама берген отчетум болчу”



Кыргыз элинин улуттук кийими— чапанды кеңири чөйрөгө, кыргыздарга эле эмес, чет өлкөлүктөргө да жайылткан айым Жумагүл Сариева ийгиликтин сырлары менен бөлүшөт.

“Чапан” студиясынын жетекчиси Жүмагүл Сариевадан он кеңеш:

3.24.2016

Табияттын сулуулугуна суктанган жазуучу



Кыргыз адабиятынын тарыхына стилист жазуучу катары кирген прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун көзү тирүү болгондо 22-мартта 80 жашка чыкмак. 80 жылдыктын алкагында жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө демилгеси көтөрүлдү.

Мурза Гапаров деген ысымды укканда окурмандар — Айгүл тоону, сакура гүлүн, ага үндөшкөн өрүкзарды, жаңгактуу токойду, ээн бактагы эки караанды эстейт.

Бугу-Эне эркекпи же ургаачыбы?



Кыргызда Бугу-эне деген сөз барбы, же жокпу деп мурда эч ойлонбоптурмун. Бизден улуу карыялар, чоң энелердин деле Бугу-эненин тукумубуз деп айтканын кулагым чалбаптыр. Китептерде, кээ бир жерлерде чоң тамга менен: “Бугу-Эне” деп жазылып турса эле: “Ии, бугуэненин тукумубуз да”, – деп койчумун.

2.08.2016

«Кыргыз маданият борбору» жаңы дарекке көчтү




Урматтуу окурмадар, «Кыргыз маданият борбору» сайты жаңы хостингге, аны менен катар жаңы интернет дарекке — http://kmb3.hostenko.com/ — которулду.

Сайт эски дарек боюнча да — http://kmb3.kloop.kg/ — иштей берет. Бирок мындан ары сайт жаңы дарек боюнча гана жаңыланып турат.

11.19.2015

«Калемгер»: аңгеме жазууну жандантабыз



“Айтыш” коомдук фондунун «Калемгер» адабий клубу буга чейин популярдуу болбой калган аңгеме жанрына жан киргизүүнүн жолун издөөдө.

Учурда ай сайын өтө турган аңгемечилер сынагы башталды. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун жана Фейсбуктагы окурмандардын баалоосу менен аныкталат. Адабиятчылар мындай сынактар аңгеме жанрын кайра жандантат деп үмүттөнүшүүдө.

Жакында өзүнүн аңгемелерден жана новелладан турган “Королеванын ую» аттуу китебин басмадан чыгарган Жолдошбай Осмоновдун пикиринде, учурда окурмандарда мыкты чыгармаларга болгон талап бар:

11.18.2015

«Манас» эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факт



Кыргыз элинин баатырдык эпосунун ана башында турган «Манас» эпосу калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Ал — элдин туу туткан, руханий азык, идеологиялык багыт алган жол көрсөткүчтөрүнүн бири. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай аткандай, кыргыз рухунун туу чокусу.

Эпос туурасында окурмандарга, коомчулукка он беш фактыны айтып берүүнү чечтик. Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Манас таануу кафедрасынын жетекчиси, филология илимдерин доктору, манас таануучу Аскар Медетов жана манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев жардамчы болду.

5.01.2015

Бир ырдын тарыхы: “Долондон канатымды кайрып алдым”



Учурда жашы да, карысы да жактырып ырдап жүргөн бул ырды акын, милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов 1971- жылы жазган. Ырдын жаралыш тарыхы мындай болгон.

– Бир күнү обончу Түгөлбай Казаков экөөбүз капыстан жолугушуп калдык. Ал маселени дароо эле кабыргасынан коюп: “Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” деген повестиндеги Ильястын ырын жазып берсең боло, “Прощай, Иссык-Куль, не допетая моя песня” деген ыргак менин оюма келип эле кетпей жатат”, – деп ээлигип алыптыр. Мен макул болуп, аракеттенип көрүүгө убада бердим. Оюма адегенде эле “Долондон канатымды кайрып алдым” деген сап түштү да бир куплет жаздым. Ал мындай: