4.18.2015

Жолон Мамытовго – 75 жыл: “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга издөө үчүн келгенмин”



Кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүктүү акыны Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо ушул жылдын 1-апрелинде 75 жашка толмок. Кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы катары таанымал акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет элдиктердин тилдерине да которулган, өзү да Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.Ошондой эле Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин белдүү жетекчилеринен, жаш калемгерлердин насаатчыларынан болгон.

4.17.2015

Полот хан – оторчулукка каршы көтөрүлүштүн символу

Молдо Искак Асан уулу (Полот-хан, 1844-1876). Көркөм элес.


17-апрелде Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарында Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн Молдо Искак Асан уулунун (Полот-хан, 1844-1876) 170 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Деги Полот-хандын тарыхый орду эмнеде?


Кыргыз молдосу – Кокон хандыгынын “Пугачеву” катары карала алабы?


Падышалык Орусияны 1773-75-жылдарда титиреткен Дыйкандар согушунун жолбашчысы, өзүн “Пётр Үчүнчү” деп жарыялап алган дондук казак орус Емелка (орусча — Емелька) Пугачёв (1742-1775) дээрлик бир кылымдан кийин, 1844-жылы Борбордук Азияда ферганалык Асан аттуу кыргыз молдонун үйүндө Искак деген уул төрөлөөрүн, ал дагы туптуура 100 жылдан кийин, 1873-жылы жалган жерден өзүнө хан тукумунун “Полот хан” (“Пулат хан”) деген ысымын ыйгарып алып, көтөрүлүшкө жолбашчылык кылаарын, албетте, алдын ала билбейт эле. Искактын көтөрүлүшү дагы жеңилүүгө учурап, ал дагы падышалык жазалоочу аскерлерге туткундалып, 1876-жылдын 1-мартында Жаңы Маргалаң шаарында дарга асылган. Емелканын болсо башы алынган.

4.16.2015

Айзада Абазова



1974-жылы 15-февралда Токтогул районунда туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. «Асаба», «Замандаш», «Учкун» гезиттеринде кабарчы, «Кыргыз руху» гезитинде башкы редактор болуп иштеген. Акыркы учурда эмгектенген кызматы — «Пресс.кg» гезитинин башкы редакторлугу эле. Эки кыз, бир уулдун энеси Айзада Абазова ырларды, аңгемелерди, коомдук жана саясый курч макалаларды жазчу. 2010-жылы «Адашкан каркыра» аттуу жыйнагы чыккан.

2013-жылдын 2-январь күнү туулган жери Токтогулга бара жаткан жеринен жол кырсыгына кабылып, көз жумган.


Айзада Абазова жана анын чыгармачылыгы тууралуу


Айзада


Кара сөз


Кичинекей үйдөгү чоң бакыт (аңгеме)

Таң чолпонум (аңгеме)



Ырлар


КОЗГОЛОҢЧУ СЕЗИМ

Эшикте калгым келбейт:
— Эшикте элиргендер эсепсиз каткырышкан.
Үйгө да баргым келбейт:
— Үйүмдү уу жыландар жай кылышкан.
Каякка барам? — Билбейм.
Каяктан табам? — Билбейм.
Эмнени издейм? — Билбейм.
Эмнени түздөйм? — Билбейм.
Билемин «Билбеймимди».
Эч нерсе билбейм, билбейм!
Кең дүйнөгө таштады эле — тар дедим,
Кызыл гүлдү сунушту эле — гүл эмес бул кан дедим.
Уурттабадым бал кошулган даамыңды,
Ууну сунса, кубанычтан жайнап көзүм, жан дедим.
Жанымды кыйнайм неге?
Жанчылып ыйлайм неге?
Башкалар кантип жашайт?
Башкача кылбайм неге?
Мен неге? Мага неге?
Мээмди көзөйт жебе…

4.15.2015

Олжобай Шакир. «Ээсиз бакча»

(аңгеме)

Келесоону келесоо дебегенде эмне дейин. Ушу Итибай анык келесоо да. Келесоолугунан терезе түбүндөгү дүпүйгөн өрүктү кыярын кыйып, качан дарак карс кулаганда жүрөгү зырылдады. Дүйнөсүнөн бирдеңке кемигендей боло түштү. Кемимек. Атасы Беки колуна быдыр токтобос жан эле. Анын багбандыгы бир айылдын элин тойгузганы менен өзүнүн жалаңтөштүгүнөн дүйнө уучтабай өттү. Өмүрү өткөнчө ачкөздүгү жок жашаган Беки авадай адам болобу. Айылда анын короосунда өскөн жемиштерди уурдап чоңойбогон бала жок. Алма-өрүгүнө ууруга келгенибизди көрүп да «балдар алдагынысы бышелек, бери кирип мынабул эзилип бышкандарын терсеңер» деп кайра бизди бакчасынын эң ширин алма-өрүктөрүнө аралатчу. Алма-өрүктөр өзүбүздүн короодо деле төгүлүп жайнап, аларды жегенибизче жесек да тишибизге камалып же ичинен курт чыккан үчүн Беки аваныкына качырчубуз. Анын бакчасында эмне өспөсүн курту жок, анан эзилип бышчу. Күн биздин айылга тегиз тийсе да негедир Беки аванын бакчасындагы мөмө-жемиштер баарыбыздыкынан эрте бышкандай сезилчү. Биз дайыма анын бакчасына качырганыбыздын жөнү: өзүбүздүкүн үйдөгүлөр Ысыккөлгө эсалууга келгендерге сатат. А биздин колубузга алабоор чала бышкандары гана тийчү. Башкалардын ата-энесин билбейм, апам дайыма Беки аванын үйүнө мени ээрчитип барып, жерге төгүлгөн алмаларын терип алганга уруксат сурачу. Ал да бизге «тергиле-тергиле, силерден айайт белем» дегенден башка кеп айтчу эмес. Апам бечара анан Беки аваныкынан терип келген алмаларды чоң жолдун боюндагы алма-өрүк, карагат, кызылгат саткандар менен бирге соодалачу. Атүгүл бир жолу Беки аваныкынан терген алмалардын акчасын чогултуп жүргөн апам мага велосипед сатып берип кубандырган. Өзүбүздүн бакчадан терген жемиштердин акчасына болсо кышкыга көмүр сатып алганбыз. Бул кийин бара-бара апам экөөбүздүн турмуш оокатыбызга айланды. Жыл сайын Беки аванын мөмө-жемиштерин терип, керегибизге жаратып алчубуз. Бир курдай апам Беки аванын колуна «өзүңүздүн алмалардын акчасынан жок дегенде ушуну алып коюңузчу» десе да таптакыр албай койду. Кайра, апамды тилдеп:

4.14.2015

Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн



Редакциядан: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нуска кол жазмасы анын кызы Ленина Абдрахманованын колуна 1989- жылы тийген жана азыр да сакталып турат. Күндөлүк 1920- 1930- жылдары жазылганына карабастан, биздин замандаштарыбыздын кызыгуусун жаратып келет. Анткени бул жасалмасыз, ачык- айрым жазылган, бир адамдын күнүмдүк турмушу, өз элинин чыныгы патриотунун, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган жетекчинин тагдыры. Биз бул баа жеткис, тарыхый күндөлүктү орус тилинен кыргызчага которуп сунуш кылабыз.

1928- жыл

Москва. 18. 08. 1928
Тагдырдын жазмышы менен тарыхый зор окуянын күбөсү болуп калдым. Ошондуктан күнүгө өзүң көргөндөрдү, башыңан кечиргендерди, кайрадан жан дүйнөңдөн өткөргөн нерселерди жазып калтыруу тарыхый жагынан алганда кызыктуу болбой койбос. Бул аруу тилекти күндөлүк жазуу менен жүзөгө ашырсаң болот, ошол себептен мен күндөлүк жазууга аракет жасайын. Чынында оюмду бир топ эле кечигип ишке ашыра баштадым, бирок “эч болбосо кеч болсун”.



Менин күндөлүгүмө…
Азыр сен менин жападан- жалгыз, баарынан ишенимдүү, дегеле унчукпаган досумсуң. Кайсы бир мезгилге чейин сен мага ишенимдүү дос болоорсуң. Бирок менин колумда турганыңда гана мен сага ишенем, ал эми чоочун колго тийгениңде, балким, кыянаттык кылып кетээрсиң. Сени сатып кетпейт деп айта албайм, бирок кандай болгон күндө да сенден дегеле эч нерсени жашырбайм. Ой- толгоолорум, сар- санаам тууралуу саясий ишмер катары эле эмес, жөн эле катардагы пенде катары да айтып берейин.

Бир гана өкүнүчтүү жагы—сен угуп гана тим болуп, бирок жооп бере албаганың. Жараткан маңдайыма жалгыздыкты, кандай гана кыйынчылык келбесин, ар дайым андан жол таап чыгып кетүү түйшүгүн буюрган окшобойбу, бирок “мына ушундай” тагдырыма моюн сунууга туура келет.

Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой- толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат – баарысын тыңдап тур.

4.11.2015

Автордук укук: калем акы алдыңбы?



Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатент мекемесинин казынасына автордук чыгармаларды пайдаланган тараптардан сегиз миллиондон ашык каражат түшкөн.

Учурда түшкөн каражат жергиликтүү жана чет элдик авторлорго берилип жатат. Кыргызпатенттин сый акысын алгандардын арасында колго тийген сумманын аз экенине нааразылар бар.

Эл артисти Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы ырлар акыркы жылдарда телерадио, кафе- ресторандарда бир эле күндө бир нече жолу ырдалышы мүмкүн. Бирок Гүлнур Сатылгановага Кыргызпатенттен өтө эле аз сый акы бөлүнөт.

- Кичинекей эле калем акы алабыз. Ырдын сөзүн жазган акынга өзүнчө, музыкасын жазган авторго өзүнчө бөлүнгөндөн кийин мага да аткаруучу катары берилет. Мисалы, мен кечээ Кыргызпатенттен жарым жылдык калем акымды алдым. Жети миң сом болду.

4.10.2015

Агындылар



Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Өрт» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Жездемдин уйларына кайгырганы ушул болдубу, ким билсин, үйдөн чыгып кеткен боюнча кеч күүгүмгө чейин чөп коруктан, эски- уску өтүк, чокойлор илинген жаман тамдан такыр эле чыкпай калды. Баары бир чакырткан менен келбей турганын түшүнгөн Батма энем да: «Бар, атаңды чай ич деп чакырып кел» деп небересин жумшаганын коюп, анда- санда үшкүрүп коюп, айнектен түшкөн күндүн жарыгына жүн тытып олтурду.



* * *

Жездемдин бул дүйнөдө душманы болбогондуктан, айылда ага кара санаган бир дагы жан жок эле. Кийин, кийин мен таранчынын бутуна керосинге чыланган жип байлап туруп ширенке чагып учуруп ойногон балдар бар экенин уктум.



* * *

Малды, тамды камсыздандыруу дегенди агезде чарбанын канторуна иштегендер эле билбесе, жездеме окшогон карапайым кишилер билчү эмес. Анткен менен кышты – кыштай этти жеп, оңо түштүк.