3.07.2015

Аялзатка Ыр десте


8-март Аялзатынын майрамына карата Ыр десте сунуштайбыз. Ага биздин блогдон Аялзатка арналган ырлардын эң көрктүүлөрүн терип чыктык.



Зайырбек Ажыматов

* * *


Жаз келди жүрөгүмө,
Эритип мөңгү, музду кабатталган.
Күкүктөйт кан тамырым дайра болуп,
Башталып өмүр жаңы,
Башталып жашоо шаңы,
Бир кезде кышкы ызгаарга каракталган.

Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып.

Сен келдиң жүрөгүмө,
Жаз болуп кокусунан ушул кечте.
Сүйүнүч ууртумдагы,
Төгүлүп калбаса экен.
Сен эми жүрөгүмдөн,
Суранам, такыр кетпе!
Суранам, такыр кетпе!

Заманбап ак калпакты кантип жасаса болот?




Чыгармачылык жана креатив студиясын табуу учун шаарды жакшы билиш керек. Бир нече ирээт Эркиндик гүлбагынын бир тарабынан экинчисине өтүп отуруп, жаш жигиттердин бир далдаа жактагы көчөгө бурулуп кетип жаткандарын байкадым. Көңүлдү ачык түстөгү жана өзгөчө кооз тигилген баш кийимдер бурду. Атайылапбы же кокустанбы айтор «Туран» студиясы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Аалы Токомбаевдин мемориалдык үйүндө жайгашыптыр.

3.06.2015

Адылдын кызы Ак Мөөр

Т.Турсунбаева Ак Мөөрдүн ролунда


«Ак Мөөр» аттуу кинотасманы сегиз жашымда көргөм. Ал убакта КТРден кино кеч башталганына карабай, апам: «Ак Мөөр» – кыргыздын эң сонун кинолорунан», – деп, бизди алдап-соолап отуруп көргөзгөн. Тасманын экинчи бөлүгү эртеси көрсөтүлдү. Кинону алгач көргөнүмдө, Ак Мөөрдүн ролун ойноп жаткан Таттыбүбүдөй сулуу болсом деп кыялданып, жер таянып калган картаң чалдын Болот менен Ак Мөөрдү эркине койбой ажыратып салганына капа болуп, эртеси жалган дүйнөдө бири-бирине жетпей калган эки жаштын чын дүйнөдөн жолукканын көрүп алып, коркконумдан, түнү бою кирпик какпай чыккам…

«Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, «Ак Мөөр» дастанындагы негизги каармандар: Жантай, Болот жана айтылуу Мөөркан – XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсандар. Чыгармада чыныгы турмуштук окуя камтылган. Анын негизинде Алыкул Осмонов драма, Сүйүнбай Эралиев поэма жазса, Мелис Убукеев кинотасма тарткан. Бирок, советтик саясатка байланыштуу, чыгарманын тарыхый чындыгы ачылбай келген. Антүүгө Жантайдын эл башкарып, хандык даражага ээ болгондугу себеп болгон. Ошондон улам, окуя бурмаланып, Жантай жашы жетимиштен ашкан, төрүнөн көрү жакын калган чал, ал эми Адыл өз башына ээ эмес, итке минген кедей, Мөөркан канайым эмес, зордук-зомбулуктун торуна түшкөн армандуу аял делип келген. Баарынан да, Жантай каза болгондон кийин, кыз кезинде арзышкан Болотуна кайра кетип калбасын деп, Мөөрканды Баяке өлтүрүп койгон дегенге эл нечен жылдар бою ишенип келди.

Сергей Есениндин ырларынан



Акындын Фарс кайрыктарынан


* * *

Жан кыйнабай менин сыркоом мурдагы –
Мастын дарты жүрөгүмдөн айыгат:
Тегеранда көгүш түстүү нурлары
Чайканада аны олтурам дарылап.

Дуңгул мүчө чайканачы обдула
Бул оруска жаксын дейби чайканам –
Ачуу арак, кызгылт шарап ордуна
Кызыл чайдан баса куят кайтадан.

Сыйла, бирок, сыйлай бербе өтө эле.
Кызыл гүл көп өзүң бакта гүлдөткөн.
Көз кыспады сулуу бекер өзү эле,
Ача коюп жүзүн кара чүмбөттөн.

Россияда жалдыратып ызатсыз
Биз кыздарды байлабайбыз ит өңдүү.
Акчасыз да, мушташсыз да, бычаксыз
Үйрөнөбүз өпкөндү биз киши өңдүү.

Бул сулуунун сымбаты үчүн боюнун,
Көрүш үчүн аткан таңдай иреңин
Берер элем Хорассандын жоолугун,
Берер элем кымбат Шираз килемин.

Коюу чайдан куй, кожоюн, кел өзүң,
Жалган айтып кай себептен сени алдайм?
Жооп берем өзүм үчүн мен өзүм,
Мен сен үчүн, бирок, жооп бералбайм.

Каалгаңа карай бербе өтө эле,
Башка эшик бар багыңда өзүң гүлдөткөн…
Көз кыспады сулуу бекер өзү эле
Ача коюп жүзүн кара чүмбөттөн.
(Которгон С. Жусуев)

3.05.2015

Жер-суу аттарында катылган эски сөздөр

Эне-Сай дарыясы


Мурда башка мааниде колдонулуп жүрүп, кийин башка мааниге өтүп кеткен сөздөр да тилибизде арбын учурайт. Мисалы, кыргыздар “товарды — мал” деп коюшкан. “Алар Анжияндан келгенден кийин дүкөнүн малга толтуруп койду” дейт. “Дүкөнүн товарга толтуруп койду” деген маанини билдирет. Бүгүн мал дегенди кыргыз товар деп түшүнбөйт. Мал десе төрт түлүктү: уйду, койду, жылкыны, төөнү түшүнөт.

Кыргыз тилиндеги “ор, ороо, аң, аңгек” сөздөрү менен монгол тилиндеги “нур, нура” сөздөрү уңгулаш, түбү бир. Монгол тилиндеги “нур, нура” деген сөздөр “жар, туңгуюк, түпкүр” дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “нор, ор, ус, суу” деген “урап түшкөн терең суу” дегенди түшүндүрөт. Ушул сөзгө “нура, нурак” деген сөздөр жана Орто-Нура, Чет-Нура, Баш-Нура деген жер аталыштары уңгулаш. “Мөрөн” деген сөз монгол тилинде деңизге куя турган чоң сууну билдирет. Эми “Көкө-Мөрөн (Мерен)” десек “Көк суу, Көк дарыя” дегенди билдирет. “Муз-Булак, Муз-Төр, Ак-Муз, Мура, Амур” деген аталыштардын уңгулары “мөр, мур, муз” болуп, этимосу “суу, дайра, өзөн” дегенге барып такалат. Мисалы, Ак-Буура дарыясын айрым илимпоздор “Ак төөгө — Ак буурага» салыштырган. Бирок дүйнөгө анык далилдүү эмгектери менен атагы чыккан түркологдор “буура” сөзүнүн суу менен эч кандай байланышы жоктугун, мындай этимология илимге жакындабай турганын, ал эми түндүктө жашаган эвенк элинде “бура” деген сөз “суу, өзөн” дегенди түшүндүрөрүн, Ак буура деген Ак дарыя, Кара буура деген Кара дарыя дегенди түшүндүрөрүн далилдешкен. Ошондой эле Буура-Сай, Ак-Буркан, Бурган деген жер-суу аттары да бар.


“Дем” сайты маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет



Учурда Кыргызстанда болуп жаткан бардык окуялар тууралуу толук, бей-тарап маалымат алыш үчүн, тилекке каршы, бир нече гезит-журналдарды окуп, ар-башка сайттарга кириш керек болот. Бул жагынан алганда “Дем” сайты (www.dem.kg) убакытты үнөмдөгөн эң жакшы жардамчы боло алат.

Аталган сайтта Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда иш алып барган көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-сайттардын материалдары үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) такай негизде жарыяланып турат. Бул күндөрү анда 50гө жакын гезиттер, маалыматтык сайттар, журналдар катталган.

Kyrgyz Translate жазгы акциясы



КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

2015-ж. 1-мартынан Kyrgyz Translate Жазгы акциясы башталат.

Жазгы акциянын мөөнөтү: 01.03.2015 — 30.04.2015 (2 ай).

Баш байге — Acer Aspire E5-511 ноутбугу.

Экинчи байге — Kindle Paperwhite букридери.

Үчүнчү орунга — Motorola Moto E телефону.

Жигердүү салым кошкон катышуучуларыбызга Google компаниясынан белектер жана сертификаттар берилет.

Жигердүү салым деп 500 котормодон ашык салым кошкон катышуучулар таанылат.

Сынакка катышуу үчүн акциянын шарттары менен таанышып, каттоо калыбын толтуруңуз.

Иштериңиздерге ийгилик каалайбыз!