1980-жылы 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетин аяктаган
КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Т. Эргешов атындагы Республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты.
«Кусалык», «Махабат, «Аманат», «Таазим» ыр жыйнактарынын автору.
Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы. 2007-жылдан тартып Москва шаарында жашайт.
Ырлар
АТА-ЖУРТ
Мезгилсиз артып алып ала куржун,
Мен сенден ыраак кеттим Ата-Журтум.
Өзүмчө ойго батам кээ күндөрү,
Өмүрдө уу да жуттум, бал да жуттум.
Кейип эх, сенде өтпөгөн жаштыгыма,
Кермек жаш тоголонот жаздыгыма.
Өзөккө өрт тутанды Ата-Журтум,
Өкүнүч жазылгандай тагдырыма.
Сагындым Ата-Журтум тоо ташыңды,
Сагындым тоодо өскөн жоогазынды.
Өчсө экен дилимдеги кусалыгым,
Өтсө экен ушул күндөр коога сындуу.
Мезгилсиз артып алып ала куржун,
Мен сенден ыраак кеттим Ата-Журтум.
Өзүмчө ойго батам кээ күндөрү,
Өмүрдө уу да жуттум, бал да жуттум.






