Алыкул Осмоновдун блогубуздагы баракчасы төмөндөгү дагы 45 ыры менен толукталды:
МЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ
Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез… бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.
Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI. 1946, Чолпон-Ата.
КЕЧИРЕГӨР
Окуу — намыс, окуу — көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты эң жакшыга, бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын, —
Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым,
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.