8.25.2014

Кыргыз мамлекеттүүлүгү: Көөнө башаттан бүгүнкү мааракелерге


Үстүбүздөгү жыл эгемен Кыргыз жумуриятында “Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы” деп жарыяланды. Көөнө тарыхка карата жаңыча аңдоо жасоо зарыл болуп турган чакта, тээ Совет мезгилиндегидей «Кыргыз мамлекеттүүлүгү Өктөбүр ыңкылабынын гана туундусу болгон» деген эски тарых барактарын жериген мурдагы мамиле биротоло четке кагылышы керек.

Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.)


Улуу Көч жараяны

Акыркы эки миң жылдык тарыхта Евразия континентинин саясий өнүгүүсү түрк элдеринин Чыгыштан Батышка карай үч толкун менен жер которгон Улуу Көчүнүн таасиринин астында өнүгүп келген. Батыш илимпоздорунун “Элдердин Улуу Көчү” деп аталган тарыхый окуя жөнүндөгү изилдөөлөрү азыркы дүйнө тарыхынын көз карашы менен алганда жетишсиз жана евроцентристтик теория. Анткени, европа тарыхчылары аны 375-жылы гунндардын остготтор деп аталышкан герман урууларына чабуул коюусунан баштап, 476-жылы Рим империясынын кулашына чейин жеткиришет да, негизинен герман, скандинавия, славян жана башка элдердин Европа мейкиндигине массалык жер которуусу менен түшүндүрүшөт.

Кыргыз улуттук суусундуктарынын дарылык касиети жана ысык-суукка бөлүнүшү


Сүттөн жасалган суусундуктар (кымыз, уй кымыз жана башка) ден соолукка абдан пайдалуу экени баарыбызга маалым. Бирок, баардыгыбыз эле аны туура колдонууну биле бербейбиз. Ошондуктан алар тууралуу кенен сөз кылууну туура көрүп, дарыгер, кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулун сөзгө тартып, агай бизге улуттук ыйык суусундуктар тууралуу кенен айтып берди.

8.22.2014

Энеден, Эне тилибизден ашкан ыйыктык жок, кор кылбайлы


“Урматтуу редактор! 1972-жылы 10-февралда “Советтик Кыргызстандын” редакциясында басма кызматкерлери үчүн кеңешме өткөрүлгөн… Анда көлөмдүү баяндама жасаганмын. Тезиси менин колумда. Ошондо тил маселесинен айтылган пикирлер азыр да күчүн жогото элек. Мүмкүн болсо, ошол макаламды гезитке жарыяласаңыз экен
Саламым менен – проф. Х.Карасаев”

Кой союу. Кой союунун улуттук ыкмасы

Адам баласы илгери жапайы малдын ичинен эң биринчилерден болуп, койду колго үйрөтүшкөн. Тарыхый маалыматтар боюнча, жапайы койду колго үйрөтүп- багуу мындан он мин жыл мурда, негизинен Орто Азия аймагынын тоолуу жерлеринде башталган. Ошондуктан биздин республикабыздын азыркы территориясын койду колго үйрөтүп багуунун ан байыркы ордолорунун бири деп эсептесек болот. Кыргыз эли көчмөн болуп, байыртадан бери эле төрт түлүк мал багып, жан сактап, өсүп-өнүгүп келген. Элибиздин тарыхы, өткөн турмушу, кол өнөрчүлүгү, каада-салты, дининин өзгөчөлүктөрү кой чарбасы менен тыгыз байланыштуу.

Чaй жaнa пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш систeмaсы


Мaкaлaнын нeгизги мaксaты дүйнө элдeринин дээрлик бардыгына тaaнымaл, жүздөгөн эл жана өлкөлөрдүн улуттук дастарконунан өз oрдун тапкан чaй жaнa aнын түрлөрүнүн пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш систeмaсынa кaчaн, кaндaй жoлдoр мeнeн кeлип, кaндaйчa орун aлгaндыгы, өзү мeнeн биргe кaндaй жaңылануулaрды aлып кeлгeндиги жaнa калыптанып калган чaй ичүү aдaтынын aзыркы күндө өзгөрүү, жаңыланууларгa кай себептен дуушар болуп жаткандыгы туурaлуу ырааттуу тaрыxый-этнoгрaфиялык мaaлымaт бeрүү бoлуп сaнaлaт. Мaкaлaнын нeгизги булaгын пaмир кыргыздaрынын aзыркы учурдa Түркиянын Вaн oблaстынын Улуупaмир aйылындa жaшaп жaткaн бөлүгүнөн жыйнaлгaн «тaлaa мaтeриaлдaры» жaнa кээ бир тaрыxый изилдөөлөрдө бeрилгeн мaaлымaттaр түздү.

Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы


Кыргыздардын улуу манасчыларынын «акыркы могиканы», «кытайлык кыргыздардын азыркы Гомери» атактуу Жусуп Мамай атабыз 96 жаш курагында 2014-жылдын 1-июнунда дүйнө салды… Бүткүл дене-турпаты менен жашоо ыстыкооматы Манастын руху менен сугарылган Жусуп абабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Анын чыгармачылыгы көөнөрбөс булак катары ар бир кыргыздын акылына кыттай уюп, жашоосуна багыт берип кете берсин…!

Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ыры


ТҮШ
Күрпүлдөп күчтү сынашып,
Күүлөнүп кубат үрөшүп,
Улгайган устат экөөбүз
Удургуп кеттик күрөшүп.
Аянбай калдым жанымды
Алдырбаш үчүн намысым.
Акыры жерге тийгиздим
Аярлап анын далысын.
Сыймыгым ашып турса да
Сый жолу менен кыргыздын
Колтуктан жөлөп акырын
Колунан тартып тургуздум.
Байкаган муну калың журт
«Баатырым, жакын кел!» дешти.
«Баарыбыз көрдүк сыпатын,
Балаңа батаң бер!» дешти.
Ошондо балбан ордунан
Обдулуп бери бурулду.
Өмүрдөн өтө жаш кеткен
Өз атам болуп кубулду.
«Өркөнүң өссүн, кулунум,
Өмүрүң кутка толсун» деп,
Батасын берди аянбай
«Баарысы жакшы болсун» деп.
Кошулуп элдин кебине
Колумду сезип жүзүмдөн
«Оомийин!» деп бата кылдым да
Ойгонуп кеттим түшүмдөн.
Тапкандай атам ошентип
Тагдырдын эски катасын,
Туптуура 43 жылдан соң
Түшүмдө берди батасын.
Сүртүмү гана болбосо,
Сүрөттө калган элестин,
Өңүмдө бирок атамды
Өмүрү көргөн эмесмин…
03/08/2014
Жыргалбек Касаболотовдун башка ырлары.

8.18.2014

Анатай Өмүркановдун жаңы ырларынан


СЕН КӨРҮНСӨҢ
Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Сен жуунсаң – суу мас болот, жылалбайт.
Тамган тамчы кайра сени өбөм – деп
Бууга айланып буулуккансып улам жаайт…
Сага жоолук болсок дешет булуттар,
Сени мактап сайрайт бакта бүт куштар.
Көлдөн көккө бир секирип өзүңдү
Көрүп жыргап кайра чумкуйт балыктар.
Табияттай эң жөнөкөй, эң татаал,
Сыйкыры көп, сырлар арбын аялда ар,
«Кош!» айтышып кай тарапка баспасын,
Бардык тарап күтүп турат аны аяр.
Ким көрбөсүн бул аялды баскан жай,
Кубанышат жоготконун тапкандай.
Үйдөн чыгып үйгө баткан ал бир Күн,
Арзуу анда аягы жок асмандай…
Ай-ааламдын бетиндеги кызылы,
Карт дүйнөнүн кайталангыз кызыгы.
Кыска өмүрдүн кыскалыгын билдирбес
Ал керемет көргүң келген утуру…
… Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Көрүнбөсөң көңүл түтөйт, ылаңдайт.
Уланышы мүмкүн ушул дайранын,
Бирок ушул дүйнө ушундай уланбайт.

Ата-Журттун жолун чалып кетиптир


Келерки жылдын март айында айтылуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Жакында акындын жердештеринин демилгеси менен мааракеге даярдык көрүү максатында Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд түзүлдү. Мына ошол даярдык көрүү иштеринин жүрүшү тууралуу коомдук фонддун теңтөрагасы, “Дордой-Капитал” майда кредит берүү уюмунун төрагасы, алыкул иликтөөчү Шаршенбай АЖЫБЕКОВ менен маектештик.

«Эки кыргыз жөнүндө англисче китеп жазам»



Жефф Лили 2007-жылга чейин үч жыл Эл аралык республикалык институттун Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, өмүр баянын изилдеп, маалымат топтоп жүрүп, көп жылдар “Азаттык” радиосунда иштеген Азамат Алтайдын баскан жолуна да кызыгып калат.

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн кыргызча котормолоруна сынак жарыяланды

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн, анын ичинде балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

8.15.2014

Жеңижок менен Эсенамандын айтышы



Таласта төрт дубан эл чакырылган чоң той болот, тойдун ээси Ташкара болуш. Ушул жерде, бир аз чегинүү жасоого туура келип атыры. Анда тестиер Өтө- Жеңижок ушул Ташкаранын жакын тууганы, ата-энесинен эрте ажырап, томолой жетим калып, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп жүрүп калат. Күз айынын бир күнүндө Ташкара чакан той берет. Кара курсактын камын жеп, тестиер Өтө да кемегенин жаныңда от жаккандарга аралашып жургөнүн Ташкара байкап, бир жигитин чакырып: «Тээтиги, Өтөнү, эмне кемегенин жанына жолотосуңар? «Ала» менен ооруп кетиптир го! Оорусу элге жугат, бир көк жетим менен таластык көбөйбөйт да азайбайт, алып барып, мойнуна таш байлап, Кара-Бууранын суусуна салып ийгиле! Жообун мен берем!» дейт. Эки жигит тестиер Өтөнү Кара-Бууранын жээгине алып келип, эми «жайлаганы» калышканда Өтө:
«Жанымды аман койгула, акелер, Аксыдагы таякелериме качып кетейин», деп жалынып жиберет. Эки жигит макул болуп: «Экинчи көзгө көрүнбөгүн!» деп, Аксыга барчу жолду көрсөтүп, качырып ийип, Кара-Бууранын суусуна салып жибердик! деп Ташкарага жооп берип коюшат. Ташкара ишенип, ошол бойдон унутуп да калат. Арадан жылдар өтүп, Жеңижоктун ырчылык атагы Таласка да угула баштайт. Ошентип, жогоруда айтылган, боло турган чоң тонго, Ташкара камынып, төрт дубан элге тойго чакырык кат жиберип, чабарман кабарчыларды чаптырат. Аксыдан болсо Аксынын белгилүү манаптарын, бийлерин: «Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны айтып, анан Жеңижок деген ырчыңарды ала келгиле!» дейт экен. Белгиленген күнү Аксыдан Таласка жогорудагы аты аталган адамдарга кошо далысы жерге тийбеген балбандар, эр сайышка түшчүлөр, эр эңишчүлөр, дубан жарган күлүк, жорголору менен жөнөшөт. Ашуу ашып, Ташкара болуштун айылына жакын калганда Сулайманкул датка: «Жеңижок, балам, туулган жериңе, тууган элиңе келдиң! Ырыңды башта!» дейт.

Ошондо Жеңижок ырын баштайт экен:

Гапар Айтиев Айтиевич: “Сүрөтчүлүк өнөрдүн сыйкырчысы”



Кыргыз тарыхында эң алгачкы профессионалдык сүрөтчү катары таанымал. Анын эң негизги тармагы пейзаж болуп саналат. Анын пейзаж сүрөттөрү жана этюддары, өзүнүн түстүү өзгөчөлүктөр менен жана сүрөтчүнүн ой-толгоосу менен сезимдерин бириктирип, кыргыз табийгатынын зор эпикалык мүнөзүн бизге жеткирген. Ал кыргыз искусство тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Анын чыгармачылыгында 1930-жылдарда гана пайда болгон кыргыз сүрөт искусствосунун түптөлүшүн, өнүгүү тарыхын күзгүдөн көргөндөй баамдоого болот. бүгүн силердин назарыңыздарга улуу инсандардын бири болуп саналган Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин өмүр чыгармасын тартууламакчыбыз

Кыргыздын таштык бет каптары

Хакасиядагы Уйбат чаатасындагы бейиттен


Учурда кыргыздар Борбор Азиядагы эң байыркы элдерден. Мындай далил тууралуу замандашта­рыбыз биле бербесе керек. Кыргыз жери, эли өз башынан эмнелерди гана кечирген жок? Аларды изилдөөгө чарабыз келбей, күнүмдүк оокат менен алпурушуп жашап келебиз. Өзүнүн кыргыз болгонуна өкүнгөн жаштар дагы жок эмес. "Аттиң, ушундан көрө Америка же Европада төрөлсөм эмне" - деген жаштарыбызды сын алгыдан көрбөдүкпү. Бирок, кудайдын кулагы сүйүнсүн өзүн, өз элин тааныганга аракет кылган жаштар жок эмес.

8.13.2014

Манасчынын сырдуу феномени: Улан Исмаилов


«Манас» эпосун, биз кыргыз элинин чыныгы көөнө тарыхынын көркөм чагылдырылышы катары карасак болот. Себеби анда кыргыз элинин көчмөн философиясы, этнографиясы, дүйнө таанымы, дегеле материалдык жана руханий маданиятынын жалпы көрүнүштөрүнүн бардыгы татаал сюжеттүү, чоң көлөмдөгү чыгармага бириктирилген. «Манас» эпосу көчмөндөр цивилизациясынын уникалдуу энциклопедиясы жана кыргыз улутунун сыймыгы катары бүгүн дагы кызмат кылып келе жатат. Анткени кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон улуу эпосту жаратып, аны өчүрбөй, өздөрүнүн көөдөнүндө сактап, укумдан-тукумга өткөрүп келе жаткан элдик импровизаторлордун — «манасчылардын» аягы дагы деле куру эмес. Алар элибиздин өткөндөгү улуу баянын улантып айтып, аны менен бирге көркөмдүгүн арттырып, мазмунун байытып, калайык-журтубузга жеткирүүдө зор эмгек сиңирип келишет.


Чындык үчүн кылыч болуп чабылган, / Чарт үзүлүп жерге түштү чагылган…


Өз заманынан ат чабым алга кеткен ак жүрөк инсандар турмушта чанда кездешет шекилдүү. Айрыкча улуттун кызыкчылыгын жеке керт баштын кызыкчылыгынан өйдө коюп, калкынын тамчыдай төгүлгөн ары менен камчыдай өрүлгөн намысын, бир күндүк азабы менен бир кылымдык тозогун, күн чыккандан кийинки турмушу менен күн баткандан кийинки тагдырын жан дүйнөсү аркылуу сезип, караӊгыда көз табалбай карайлап турган көрпенделерге ар убак шам-чырак болуп берчү асыл адамдар жүз жылда бир жаралат тура. Тилекке каршы, кызыр даарыган андай акылы тунук кишилер көбүнесе тирүү кезинде бааланбай, көзү өткөн соӊ «эсил кайран» деп эскерилип жүргөнүн эч ким танбас. Атүгүл, андай көкүрөгү жарык көсөмдөрдүн ачуу чындыктан тайсалдабай, туӊгуюк туманда калгандарды көзгө сайып, акыйкаттан алыстагандарды безге сайып ойготуп тургандыгы үчүн көпчүлүк учурда ыраазычылык сөз уккандын ордуна, тескерисинче, айрым «көзү кежигесинде жайгашкан» кемпайлардын насыя ур-токмогу менен кээ бир туура жолго түшкүсү келбеген түркөйлөрдүн төө бастысына туш болгондугун карт тарых далилдеп келатпайбы… «Колдо бар алтындын баркы жок» деген кыргыз макалы ошон үчүн айтылып калса керек. Менимче, азыр биз эски адатыбыз боюнча, көзү барда баалай албай, о дүйнө салган соӊ «эсил кайран» деп эскерип олтурган «сары алтыныбыз» жогорудагы макалга эӊ сонун далил болчудай …

Нуриза Өмүрбаева

Нуриза Өмүрбаева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында 1985-жылдын 19-сентябрында туулган.
2003-жылы Мүлкүбат атындагы орто мектебин, 2008-жылы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган.
2008-жылы «Айыл ажары» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив агенттигинин жетек-төөчү адиси.
Анын бир катар чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде, айрымдары «Саамалык», «Алманын мөмөлөрү», «Много языков один мир» альманахтарында жа-рыяланып келет.
2004-жылдан бери чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин жана «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү.
Ч.Айтматов атындагы эл аралык фонду тарабынан уюштурулган «Дебют – 2008» жайкы мектебинин проза жанрынын жеңүүчүсү. 2009-жылы «Много языков один мир» конкурсунан поэзия жанры боюнча 3-орунду алган.
2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөсү.