3.05.2015

“Дем” сайты маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет



Учурда Кыргызстанда болуп жаткан бардык окуялар тууралуу толук, бей-тарап маалымат алыш үчүн, тилекке каршы, бир нече гезит-журналдарды окуп, ар-башка сайттарга кириш керек болот. Бул жагынан алганда “Дем” сайты (www.dem.kg) убакытты үнөмдөгөн эң жакшы жардамчы боло алат.

Аталган сайтта Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда иш алып барган көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-сайттардын материалдары үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) такай негизде жарыяланып турат. Бул күндөрү анда 50гө жакын гезиттер, маалыматтык сайттар, журналдар катталган.

“Дем”ге өзүнүн жеке сайты жок гезиттер да материалдарын бекер жайгаштырып, интернет-окурмандардын пикирин уга алышат. Бул бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Анткени салттуу ЖМКлардын келечегин интернетсиз элестетүү такыр мүмкүн эмес.

Сайттын дагы бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Элеттик окурмандар сайтка жеңил кирип, андагы жаңылыктар менен таанышуусу оңой болушу үчүн сайттын мобилдик түрү иштелип чыккан. Башкача айтканда чөнтөк телефондун жардамы менен сайттагы материалдарды окуу өтө эле жөнөкөй жана ыңгайлуу. Бул телефондун түрүнө, эскилигине карабайт. Бир гана анда интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болушу абзел.

Ал эми эгер өзүңөр да маалымат менен бөлүшкүңөр келсе, “Дем” сайты буга да мүмкүнчүлүк берет. Анда “Элдик жаңылыктар” деген бөлүм бар. Каалаган адам жөнөкөй форманы толтуруп, ага айтайын деген нерсесин жазып, бөлүшкүсү келген сүрөтү болсо, аны бекитип, жаңылыгын сайтка жибере алат. Бул жерде эскерте кеүүчү жагдай, жаңылык дароо эле сайтка чыга калбайт. Сайтка жооптуу кызматкер жиберилген жаңылыкта сайттын саясатына каршы келбеген нерселердин жоктугун текшерип, аны жарыялоого уруксат берет. Мындай кылышыбыздын себеби, сайтыбызда аймактык, диндик, улуттук ж.б.д.у.с. араздашууга жол берген, мыйзам бузууларга үндөгөн нерселер болбосун деген гана тилек.

Ал эми кайсы бир макала боюнча нааразычылыгыңыз болсо ал тууралуу ЖМКларга даттанууну териштирүү боюнча атайын комиссияга билдире аласыз. “Демдеги” ар бир макаланын алдында оттун белгисине окшош белги турат. Аны бассаңыз сиздин нааразычылыңызды билдире турган форма ачылат. Аны толтуруп жиберсеңиз, билдирүүнүз жогоруда аталган Комиссиянын дарегине келип түшөт.

“Дем” сайтынын ээси “Журналисттер” коомдук бирикмеси. Сайт 2012-жылы “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен түзүлгөн. Ал эми 2014-жылы аны жакшыртууга Даниялык Эл аралык медианы колдоо уюму көмөк көрсөттү.

Комментариев нет:

Отправить комментарий