1.31.2017

Бейшеналиев: Чөжө - кыргыз-казактын акыны ("Азаттык")

Таластык журналист, акындар чыгармачылыгына кызыккан ышкыбоз Жоомарт Бейшеналиев кийинки кездери казактын улуу акыны Чөжө Каржыбай уулунун (казакча Шоже Каржаубайулы - 1808—1895) адабий мурасына кызыгып, аны чогултуп жүрөт. Аны менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешти.

Келинге тиешелүү 12 "болбойт"

Илгертеден кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ болуп келген. Алардын ар бир жасаган кыймылы көңүл чордондо болуп, аларга коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Бул салт бүгүнкү күндө да маанисин жоготпой муундан-муунга өтүп келе жатат.

Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Динара Молдокулова келиндерге тиешелүү илгертен келе жаткан эрежелерди тизмектеп, алардын себептерин айтып берди.

Келин кайната, кайненесинин, ошондой эле жолдошунун улгайган туугандарынын жолун кесип өтпөшү керек. Бул ал адамдарга болгон сый, ийменүү. Эгерде кары адамдарды көзгө илбей, жолун кесип өтүп кетсе, алардан "жолуң байлангыр" деген каргыш уккан.

Келин кайнатасына эч качан артын, далын салбашы керек. Бул ага карата болгон сыйдын бир түрү деп саналып келген. Андан алысыраак отурса да, ал тарапка карап бурулган эмес, үйдөн чыгып бара жаткан учурда да аркасы менен кетенчиктеп чыкчу.

Кайнатасына, кайын журтунун улгайган эркек адамдарына тик карап сүйлөөгө болбойт. Бул келиндин аларга болгон сый-урматынан, абийиринен кабар берет. Көзүн карап сүйлөгөн келиндер тикчиңдеген, тартиби жок кыз катары эсептелген.

Келин кайын журтунун үйүнө барганда төр жакка отурбайт. Кайнатасы тирүү турганда төрдү баспайт.

Кайын журтунун, кайната, кайнененин көзүнчө катуу күлүүгө болбойт. Бул анын ыйманынан кабар берет.

Келин кары кишинин, кайын журтунун жана өзүнүн ата-энесинин көзүнчө баласын эмизбейт. Колдон келишинче өзүнчө бөлмөгө кирип баланын курсагын тойгузат. Бул келиндин ыйманынан кабар берет.

Келин кайнатасы отурган орунга отурбайт, кийимин тебелебейт, аттабайт, кийбейт. Мунун себеби аларга болгон сый, экинчиден кыргыздарда келин кайнатасынын төшөгүн тебелесе анын кусуру же каары уруп, келин ооруп калат деген ишеним болгон.

Тамак салынган идишти сол кол менен сунууга жана түртүп берүүгө болбойт. Чай куюлган чыныны, тамак салынган идишти оң кол менен сунат. Чыныны сол кол менен берип же түртүп берүү сыйлабастык болуп калат. Аны алар да оң колу менен алуусу кажет.

Сынык, кетик чыныга чай куюп берүүгө болбойт. Бул биринчиден келген конокту сыйлабастыкка жатат. Кетик идишке тамак, чай ичкен адамдын ырысы кем болуп калат деген түшүнүк болгон.

Келин казанды көмкөрүп койбошу керек. Айрым маалыматтар боюнча казан көмкөрүлүп турганда бетине ырыскы түшпөй, ырыскысы кем болуп калат деп айтылып жүрөт.

Кир идишти түнгө калтырбайт. Кир идишти түн ичинде калтырса шайтан аралайт деп айтылат.

Үйгө келген коноктор менен босогодо туруп учурашпайт, коштошпойт. Босогону душман киши басат деп коюшат.

«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.,
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

1.30.2017

Сөз тыңшаганды "жансыз" дейт

“Ирет” деген сөз “катар” деген маанини билдирет.

“Өлкөдө тартип болсо башкаруу да ирети менен жүрөт” дейт.

“Ирети жок сүйлөбөгүлөчү?” дейт. Тушкелди сүйлөбөгүлөчү дегенди билдирет.

“Ирети келген жок, ирети келгенде айтайын” дейт. Ыгы келген жок, сааты келбеди, маалы келбеди, убагы келген жок... убагы келгенде айтайын дегени.

“Ишибиз иретсиз башталды” десе, “Ишибиз башаламан башталды” дегенди түшүндүрөт.

“Чачы-башыңды иреттеп алып чыксаңчы?” десе, “чачы-башы” деп түз маанисинде түшүнбөш керек. “Чачы-башыңды” дегени, жакшы кийинип, бою-башыңды жасалгалап алып көчөгө чыксаңчы деген маанини түшүндүрөт.

“Ирети жок киши экен” десе, башаламан жүргөн киши экен дегенди билдирет.

 

* * *

Эми “жансыз” деген сөзгө келели. “Жансыз" деген “жаны жок” дегенди түшүндүргөн сөз.

Бирок баарыбыз эле араб тилинен кирген дагы бир “жансыз” деген, бирок азыр унутулуп калган сөздүн маанисин биле бербейбиз. Көрсө бул “жансыз” деген сөз илгери “сөз ташыгыч”, “сөз тыңшагыч" же орусча түшүнүк менен айтсак “шпион” дегенди билдирген сөз экен.

Мисалы: “Ар күнү жансыз жиберип, Манастын жайын чалайын” деген саптар бар эпосто. Бул деген “Ар күнү чалгын жиберип, Манастын жолун чалайын” дегенди билдирет.

Шайлообек Дүйшеев, "Азаттык", 27.01.2017-ж.

"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды

Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.

"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде "Манас" кинотеатрында болот.

Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — "Борбор Азиядагы мыкты актер" жана "Борбор Азиядагы мыкты актриса" кошулган.

"Мыкты тасма" номинациясы үчүн "Асман алдында", "Биртууганчик" жана "Сүтак" фильмдери ат салышмай болду.

Номинациялардын тизмеси:
  • "Мыкты тасма"

  • "Мыкты режиссер"

  • "Мыкты сценарий"

  • "Мыкты оператор"

  • "Мыкты художник"

  • "Мыкты композитор"

  • "Мыкты үн режиссеру"

  • "Мыкты монтаж"

  • "Эркектин мыкты ролу"

  • "Аялдын мыкты ролу"

  • "Мыкты даректүү тасма"

  • "Мыкты кыска метраждуу тасма"

  • "Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма"

  • "Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн"

  • "Борбор Азиянын мыкты тасмасы"

  • "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн"

  • "Борбор Азиядагы мыкты актер"

  • "Борбор Азиядагы мыкты актриса"

«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.

1.26.2017

Жианжи өнөрүн баккан кыргыз жигит

“Күн чыгыш өлкөсү” дегенде, алгач эле көз алдыбызга укмуштуудай Улуу кытай сепили, ойчул Конфуций, шаолинь мектеби, сакура гүлү, таэквандо жана айкидо өңдүү чыгыш шедеврлеринин элеси тартылаары анык. Булардын катарын кытай маданиятында өзгөчө бааланган “жианжи” аттуу байыркы кагаз кесүү өнөрү да толуктайт. Биздин коомдо анчалык белгилүү болбогон бул байыркы өнөрдү Адам Алишеров аттуу студент мыкты өздөштүрүүгө жетишкен.

Жианжи деген эмне?


Жианжи – кытай элинин байыркы өнөрлөрүнүн бири. Аталган өнөрдүн өзгөчөлүгү оймо-чиймелерди, сүрөттөрдү бычак же кайчынын жардамы менен кагаз бетине түшүрүү болуп саналат. Археологдордун изилдөөсүндө аталган өнөр VI кылымда пайда болгон. Жианжинин пайда болуу доору кагаздын жаңы колдонула баштаган мезгилине туш келет. Ал учурда кагаз тартыш болгондуктан, бул өнөр менен тектүү адамдар гана алектенген. Бардар кытай аялдары өнөрдү көңүл ачуу максатында үйрөнүшсө, карапайым калк арасында кагаздан баалуу буюмдарды жасап, бири-бирине тартууга берүү сыймык болгон.

 

Кытай өнөрү кыргыз жигитинин көзү менен


Жианжи өнөрүн өздөштүргөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Адам Алишеров бул өнөр аркылуу жакында эле өзүнүн көргөзмөсүн дагы өткөрдү.

- Бул өнөр менен 2015-жылы университетибиздин кытай тили жана адабияты бөлүмү өткөргөн “Кытай маданиятын таанытуу” иш-чарасында таанышып калдым. Андан кийин өздөштүрө баштадым. “Нооруз” майрамында эски аянтта өткөн жарманкеге кытай диаспорасынын атынан 20 чакты сүрөт алып чыктым. Алардын ичинде Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин дагы сүрөтү бар болчу. Сүрөттөрүмдү Кыргызстандагы Кытай элчилиги сатып алды. Алгач кырка баштаганда кагаздарым жыртылып калчу. Андыктан башкача ыкма менен кесүүгө өттүм. Тагыраагы, кызыл кагаздын астына калың кагазды коюп, анын үстүнө кайра жука кагаз койдум. Жука кагаздын бетине кесе турган сүрөтүмдү тартып алганда, сүрөттүн элеси кагазга из болуп түшүп калат. Жука кагазга түшүрүлгөн сүрөттү кесип алам. Көбүнчө сүрөттөрдү жакындан эмес, алыскы көрүнүштөн тартууну жактырам. Өчөшкөнсүп, эргүү дагы бош убактымда эмес, колум бошобой жатканда, экзамен учурунда келет. Максатым – сүрөттөрүмдү көбөйтүп, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт көргөзмөсүнө алып чыгуу.

Белгилей кетсек, 2009-жылы “Жианжи” өнөрү ЮНЕСКОнун “Дүйнөлүк мурастарды сактоо” уюмунун тизмесине кирген. Ушундан улам аталган маданий баалуулук муундан муунга кытай маданиятынын “көөнөрбөс мурасы” болуп каларына шек жок.

[gallery columns="2" size="medium" ids="21748,21749,21750,21751"]

Жанара Каденова, “Политклиника”, 01.2017-ж.

“Балдарга базарлык” - алтынга бергис китеп

Улуу муундагы окурмандарга караганда балдар үчүн китеп жазуу алда канча машакаттуу иш. Себеби балдар кубулуштарды жөнөкөй жана элестүү көрөт, жөнөкөй түшүнөт.

Ошондон узун жана татаал сүйлөмдөр баларды тажатып жиберерин психологдор айтат. Алым Токтомушевдин (01.09.1947 - 25.07.2014) “Балдарга базарлык” китеби дүйнө тарыхындагы чиелешкен окуялар жана ысымы тарыхка мөөрдөй басылган көйкашка инсандар тууралуу балдарга жетик, көркөм тилде баяндап берет.

“Балдарга базарлык”. Маркум Алым Токтомушевдин 2016-жылы басмадан чыккан китеби ушинтип аталат. Ар бир аңгемеси тийиштүү сүрөттөр менен көркөмдөлгөн бул китептин атына карап, жалаң балдарга арналган десеңиз жаңыласыз.

Ырас, китепте адамзат тарыхына байланыштуу олуттуу да, чиелешкен да, айткан сайын сыры тереңдей берчү окуялар жатык, жөнөкөй, түшүнүктүү тилде баяндалат. Ошондуктан балдар түгүл чоң кишилер үчүн да абдан кызыктуу китеп. Бул оюбузду бекемдөө үчүн “Топон суудан ким аман калган?” деген аңгемени чогуу окуп көрөлү.

[caption id="attachment_21742" align="aligncenter" width="614"]“Балдарга базарлык": пирамидаларга арналган аңгеменин иллюстрациясы “Балдарга базарлык": пирамидаларга арналган аңгеменин иллюстрациясы[/caption]

“Ной” деп айтылат Библияда. Библияны билесиңер. (Ооба, иудей жана христиан дининде ыйык китептер деп коюшат). Мусулмандардын Кураны сыяктуу. Куран араб тилинен “окуу” деп которулат эмеспи. Анын сыңары Библия грекчеде “китептер” дегенди билдирет. Баса, эмне үчүн китептер? Анткени көп китептен турат. Эки салаага бөлүнөт. Бири - Байыркы осуят, мусулманча - Тоорат. Бири – Жаңы осуят же Евангелие, мусулманча - Инжил. Тооратты иудейлер да, христиандар да ыйык тутса, Инжилди христиандар да ыйык тутат. Эмнеге?"

Анын себебин, автор эскерткендей, башка аңгемеден окуйсуздар. Байкасаңыз керек, биз билчү Ной пайгамбар тууралуу алгачкы маалымат диний китепте айтылат экен. Ной кандай эрдик жасаган? Аны билүү үчүн оболу топон суу эмне экенин билип алалы.

“Алыс барбай, өзүбүздүн Кыргыз Совет Энциклопедиясынын алтынчы томун ачсак, минтип жазылат: Кудайдын каары менен жер жүзүн суу каптагандыгы жөнүндө диний миф. Миф боюнча Топон суу каптап, жер жүзүндөгү жан-жаныбарлар бүт кырылган. Кудай Ной менен анын балдарын жана жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн урук сактап калган. Курандагы Топон суу жөнүндөгү түшүнүк Бибилиядан алынган. Ал эми Библия аны Ассирия уламышынан алган...”

Алым Токтомушев андан ары Тоораттагы топон суу жөнүндөгү аңыздын сынын бузбай маңызын куп өзүндөй которуп берет. Топон суу жөнүндөгү эң байыркы маалымат Тоораттан да, Ассирия уламышынан да мурун, шумерлердин Гилгамеш дастанында айтылганын англис археологу Жорж Смит тапкан чопо таблицалардагы жазууларга негиздеп айтып берет. Ырас, шумерлердин икаясында Топон суу каптаганда адамдар менен жан-жаныбарлар, курт-кумурскаларды өзү жасаган кемеге салып, сактап калган каармандын аты Утнапиштим.

“Утнапиштим да Ной сыяктуу эле кемеден үч ирет чымчык учурат. Ной сыяктуу эле акыркы чымчыктын келбей калганынан улам жердин бети кургаганына көзү жетет. Шумерлердин Утнапиштими Тоораттын Ноюнан бери дегенде эки миң жыл илгери Топон суудан аман калганы ошентип аныкталган”.

“Балдарга базарлык” китебин андан ары барактап, темаларды окуйлу. Пирамида эмне үчүн курулган? Искендер кош мүйүз. Американы ким ачкан? Скифтер икаясынан. Моцарттын өлүмү. Эки китепкананын эрегиши.

Оо, китепканалар да эрегишеби? Китепканалар ортосунда эмне чатак болушу мүмкүн? Же кимиси байыркы экенин тактай албай тирешип атабы? Билеличи.

“Достор, дүйнөдө биринчи китепкана кай мамлекетте ачылган, ким ачкан? Туура айтасыңар, байыркы Ассирияда ачылган. Биздин заманга чейинки 668-626-жылдары жашаган Ассириянын атактуу падышасы Ашшурбанипал ачкан. Ал дагы кийин билинди. Ага чейин адамзат дүйнөгө курган эң биринчи китепкана деп байыркы Египеттеги Александрия китепканасы айтылчу. Кантип билинди дебейсиңерби?”

Бу суроонун жандырмагын Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык”китебинен өзүңүздөр окуп аласыздар деп ойлойм. Ал эми азыр китептин соңку сөзүнүн автору жана жооптуу редактору акын-жазуучу, журналист Олжобай Шакирден “Балдарга базарлык” китебинин жаралышы жана балдар үчүн чыгып жаткан китептердин сапаты тууралуу пикирин угалы. Баса, Олжобай Шакир жалгыз өзү редакциялап чыгарган “Коом жана мен” адабият сайты былтыр балдарга арналган чыгармаларга конкурс жарыялап, абройлуу акын-жазуучулардан турган жюри мыкты деп тапкан чыгармаларды акчалай сыйлык менен белгилеген.

Олжобай Шакир: Бул китепти жазуу Алым байке күтүүсүз көз жумгандан кийин токтоп калды да. Болбосо “Жаңы Ала-Тоо“ журналына сандан санга чыгарып жүргөн. Баштагандан эле балдарга дүйнөнү, анын ичинде “Манас“ эпосун, кыргыз дүйнө таанымын таанытууну максат кылып койгон. Байыркы Рим падышалыгынан баштап мамлекеттүүлүк, мамлекеттик дөөлөт, мамлекеттик тил, улуттун өзгөчөлүгүн, дүйнө элдеринин маданиятын баяндап жатпайбы. Ошонун баары: биздин балдарыбызга дүйнө таанытуу. Бул китеп ушундай деңгээлде балдар үчүн жазылган биринчи эмгек деп айтаар элем. Себеби кыргыз авторлор балдардын логикасын өстүрө албаган жөө жомок жазат. Биз балдар адабиятын жомок же ыр деп түшүнсөк, бу киши китебин интеллектуалдык көрөңгөсүнө таянып жазат. Орус, казак жана башка тилдердеги авторлордун китептерин карасаң, алар балдар үчүн жаңы ачылыш менен жазышат. Алым Токтомушевдин китебин “Балдарга базарлык” деп аташынын өзүн, китептин ичиндеги материалдарын да бүгүнкү күндүн өтө өрнөктүү чыгармасы деп эсептейм.

[caption id="attachment_21743" align="aligncenter" width="614"]Моцартка арналган аңгеменин сүрөттөрү Моцартка арналган аңгеменин сүрөттөрү[/caption]

"Азаттык": 1970-жылдардын тияк-биягында илим, техника тармагындагы керемет ачылыштар, жетишкендиктер тууралуу “Укмуштар дүйнөсүндө” (?) деген китеп чыккан. Ошондон бери бул тармактар боюнча А. Токтомушевдин “Балдарга базарлыгындай” урунттуу китеп колума уруна элек болчу. Биздин жазуучулар дале дидактикалык ыкмадан чыга албады окшойт. Бүгүн балдардын дүйнөсү такыр өзгөргөн. Алар илим менен маалымат мультфильмдер менен интернеттин таасири астында дүйнөнү бөлөкчө кабылдашканын жазуучуларыбыз сезбегендей туюлат мага. Бирок “Коом жана мен” сайты жаңы жыл алдында балдар адабиятына өткөргөн конкурста биринчи байгени жеңген Самара Насырованын “Оюнчукту эмдөө” деген ырын жаңыча жазылган эң урунттуу чыгарма деп ойлойм.

Олжобай Шакир: Абдан туура баамдагансыз. Менин балдар адабиятына конкурс жарыялоо себебим китептен улам болду. Себеби биз үй-бүлө баалуулуктарын сыйлоо, келечек муунду тарбиялоо жагын унутта калтырдык. Себеби 15-20 жылдан кийин потенциалдуу окурмандарыбызды жоготуп алабыз деген коркунуч көп акын-жазуучуларыбыздын башына келе элек. Көр тирилик деңгээлиндеги тил менен жазылып калган чыгармалар көп болуп жатат. Сөз артында сөз, ой артында ой менен жазылган тексти балдарыбызга окута албасак, келечекте тилдин мүмкүнчүлүгүн ача албаган муун жаралат! Андайлар мамлекеттик кызматка бара албайт, барса да кыргыз тилинде оюн чүргөп жеткире албаган муун тарбияланабы деп чочулайм. Себеби китеп дүкөнгө кирсеңиз жалаң макулатурага жарай турган китептерди чаң басып жатат.

Сиздерде бу “Балдарга базарлык” китеби жөнүндө кеп кылып атып, эмнеге эне тил көйгөйүнө кирип кетти деген суроо жаралышы ыктымал. Эне тил маселесине көңүл бурганыбыздын себеби Алым Токтомушевдин китебинин соңку сөзүндө: “... бул китептен адамзат тарыхында таптакыр жер менен жексен болуп, жоголуп кеткен мамлекеттер жана калктар болгонун билдик, атүгүл мамлекети сакталып калган кээ бир калктар өздөрүнүн эне тили, каада-салт, тарыхынан ажырап калганы эскертилген. Андыктан, эне тил мааниси китеп окубаганыбыздан жоголуп кетээрин унутпагыла!” деген сураныч айтылат.

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”, 24.01.2017-ж.

1.25.2017

“Сүрөттүү “Манас” китеби кантип сүймөнчүккө айланды?

“Сүрөттүү Манас” китебин бир дем менен окуп чыктым. Эпостогу керемет окуялар кайрадан эске түштү. Акыл токтотуп калган куракта болсом да кадимкидей толкундадым. Эпостун толук вариантын таап кайрадан окугум келип кетти.

Үстүбүздөгү жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ““Манас” – георический эпос кыргызов в рисунках” (“Сүрөттүү Манас”) (Бишкек, ОСОО “ST.art” басмасы, 2016) китебинин эл ичине бат эле сүңгүп, оозго алынган сыры ириде анын тилинин окумдуулугу, сүрөттөрүнүн текст менен шайкеш келип турган элестүүлүгү, кабыл алууга жеткилеңдүүлүгү жана улуу дастандагы негизги окуяларды камтыгандыгында экенине дагы бир ирет ынандым.

Китептеги тексттерди Кыргыз Эл жазуучусу Б.Жакиев, сүрөттөрдү таланттуу сүрөтчү З.Илипов тарткан. Кыска аралыкта аталган китеп окурмандардын гана эмес, адис-эксперттердин көңүлүн буруп, позитивдүү ой-пикирлерди жарата алды. Коомчулукта адегенде эле китептин 3 багыттагы баалуулугу жана мааниси кызуу талкууга алынып жатат.

Биринчиден, китептин ар бир окуяны жандуу баяндап турган сүрөттөр менен чыгышы көпчүлүктун көңүлүн бурду. Сүрөттөр окурмандын, айрыкча жаш окурмандын улуу дастанды кабылдоосуна ыңгайлуулук жаратып, эске тутуусун жакшыртат деген пикирди адис-эксперттер байма-бай айта башташты. Алсак, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Т.Ишемкулов минтип жазат: “Озунуп айта турган сөз-китеп биздин атамекендик адабиятыбызда азырынча сейрек кезиге турган, бирок дүйнө жүзүндө эбактан бери эле өтө кеңири тараган комикс (англ. сomics- кызыктыруучу, комедиялуу) жанрында, тактап айтканда, түшүндүрүүчү, көңүл ачтыруучу мүнөздөгү, ички окуялар менен байланыштарды так баяндап, чечмелеп, коштоп жүрүүчү кыскача тексттери бар, элестүү сүрөттөрдүн сериясы калыбында жазылган. Мындай ыкма – аны жеңил, элпек окууга, андагы сүрөттөрдүн жардамы анын идеясын, мазмунун жана маани-маңызын терең түшүнүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет”. Ушундай эле пикирин тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Абдырахманов да айткан: “... бул китепте авторлор ырас узун, балдар үчүн тажатма тексттен узап, кенже балдар, жаш өспүрүмдөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө ылайык келген комикс жанры аркылуу эпостун сюжети менен тааныштыруу жолун тандап алышкандыгы кош колдоп колдоого татыктуу иш”. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Казакбаев болсо бул “...сүрөттүү, расмий тилдеги кыска баяндуу китептин жарык көрүшүн кыргыз маданиятындагы урунттуу окуялардын бири катары сыпатташыбыз абзел. Мен китепти өтө кызыгуу менен бат эле кунт коюп окуп чыктым. Убактым дээрлик корогон жок, бирок Манас дүйнөсүнө жана бир ирет сүңгүп, ата-бабабыздын кечээки күнү көз алдыма элестүү тартылды...”, деп ал толкундануу менен белгилеген. Манас эпосунун идеясын берүүдө китептин абдан көрсөтмөлүү экендигин филология илимдеринин кандидаты Т.К. Айталиева да белгилейт:“Миң уккандан бир көргөн” артык дегендей эле эпостун окуяларын сүрөт аркылуу көрүп таануу менен окуяларды эстеп калууга мүмкүнчүлүк чоң жана бул китепти мезгилдин талабына ылайык бүгүнкү күндө окутуу иштеринде колдонулуп жаткан интерактивдүү методдордун бири - сүрөттөр аркылуу таанытууга дал келген китеп деп көрсөтүүгө болот”.

Экинчиден, эксперттер бул анча чоң эмес китепте улуу Манас эпосундагы негизги окуялардын баары камтылгандыгы менен баалуу экендигин белгилешти. Окурман бул китепти окуу менен улуу дастан тууралуу негизги маалыматты ала алат. Анткени бүгүнку күндө “Манас” эпосун баштан аяк окуп чыккан биздин окурмандар анча көп эмес, ошол эле учурда эпосту окугусу келип,бирок убакыт таппай жүргөндөр көп. Эгер ушул таризден алганда “Манас в рисунках” китеби бир топ ыңгайлуулукту жаратты. Анткени Манас дастаны тууралуу маалымат алгысы келгендер анча көп эмес убакыт коротуп, аталган китепти окуп чыгуу менен ал тууралуу негизги түшүнүккө ээ болуп калышат. Китептеги текстерди түзгөн Кыргыз Эл Жазуучусу Б.Жакиев улуу Манас эпосундагы сюжеттер кыскартылбай, биринчи жолу кысылган формада берилгенин, бул эпос тууралуу толук маалымат алууга мүмкүндүк берээрин, ошол эле учурда кысылган текстти түзүү учуру абдан татаал болуп ишке ашканын белгилеп өттү. Демек, кыскарбай, кысылган форматта Манастын окуяларын толук берүү биринчи ирет ушул “Манас” в рисунках” китебинде жүзөгө ашып отурат. Манас таануучу, балдар жазуучусу Аман Кармышаков китептеги “улуу чыгармадагы окуялардын ырааттуулук, уланмалуулук принциптеринин сакталгандыгын”, бул Манастын улуу рухий байлыгын улуу-кичүү окурмандардын жан-дилине жеткирүүнүн жаңы усулдук багытынын пайда болушу деп сыпаттайт. Ал эми адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты К.Абакиров “китепте Сагымбай менен Саякбай айткан салттуу жана классикалык эпостун сюжети толук сакталган, бул анын толук кубаттоого, колдоого татыктуу биринчи жагы болсо, Замир Илиповдун ошол тексттерге карата тартылган сүрөттөрүнүн ага шайкеш келүүсү жана ырааттуулугу анын эң негиздүү жана баалуу сапаты болуп эсептелет” деген оюн билдирген. Китептин баалуулугу катары тарых илимдеринин доктору, профессор А.Мокеев “тексттинин абдан устаттык менен кыска жана нуска тарзда орус тилинде комикстин жанрына ылайыкташтырылып жазылганы жана кыскалыгына карабай, Манастын туулганынан тартып анын өлүмүнө чейинки окуяларды толук камтый алганын” белгилеген.

Үчүнчүдөн, аталган китептин орус тилинде жарыкка чыгуусу коомчулукта бир топ кызыгууну пайда кылды. Анткени көп улуттуу өлкөбүздө Манас эпосуна кызыгып, аны окугусу келген орус тилдүү окурмандар аз эмес. Алар үчүн “Манас в рисунках” китеби орус тилинде гана болбостон, кыска, сүрөттүу жана эпостогу негизги сюжеттердин камтылышы менен да абдан ыңгайлуулук жаратты.

Жыйынтыктап айтканда аталган китептин жарык көрүшү Манастагы улуу идеяны – мекенчилдикти жаштардын жүрөгүнө жеткирүүдө жана аны кыттай уютууда дагы бир ирет кере ташталган чоң кадам болду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, кинорежиссер Садык Шер Нияз китеп “жаш муундарыбыздын жан дүйнөсүн патриоттук сезимге трабиялап, рухий бийиктикке, адептик тазалыкка жетелеп жаткандыгы менен өтө баалуу, мындай китептер өтө керек, аларды мамлекеттин колдоосу менен он миңдеген тираждарда басып чыгарып, өлкөбүздүн бардык булуң-бурчуна, айрыкча четки айылдарга жеткире алсак” деген пикирин айткан.

Депутаттын пикирине толук кошулууга болот. Бирок бүгүнкү күндө китеп болгону 2000 нускада гана чыккан. Бул өтө аз, ал эми китепке карата талап кыйла жогору. Ошондуктан, аталган китеп мамлекеттин же демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кайрадан көп сандагы нуска менен басылып чыгуусу зарыл.

Топчугүл Шайдуллаева