4.30.2015

Йога дене көнүгүүсүбү же мээни тарбиялообу?



Йога бардык оорууга шыпаабы? Йога дененин көнүгүүсүбү же ички дүйнөнү руханий тарбиялообу?

Бул жөнүндө йога мугалими жана жазуучу, америкалык Лин Зеппа айым (Leanne Zeppa) “Азаттык” радиосуна курган маегинде ой бөлүштү. Анын “Сөзкана. Даанышман йоганын ички дүйнөгө жасаган саякаты” (Living Words. A Wisdom Yoga Journey Towards Self) деп аталган китеби жакында Кошмо Штаттарда Mill City Press басмаканасында жарык көрдү.

- Кээ бирөөлөр йоганын адамды бардык оорулардан айыктырчу касиети бар дешет. Чын эле ушундайбы?

Линн Зепа: Менин оюмча, йоганын техникасы организмдин өзүн-өзү дарылоосуна же сакайтышына толук мүмкүндүк берет. Йоганын дене көнүгүүлөрү жана медитация же сүкүт салуу аркылуу денебиздин энергетикалык кубаты өнүгүп, күчтүү болот. Көнүгүүлөрдүн жардамы менен кандын басымы төмөндөйт.

4.29.2015

Алмамбет менен Каныкейдин санжырасын билген барбы?



Ош шаарында «Ынтымак» үналгысы ачылган учур. 2012.

Кыргызстандагы этнологиянын заманбап этностор аралык саясатты жана чакан этностордун маданий салымдарын иликтөө көйгөйлөрү тууралуу ой-толгоо.


Чакан этносторду өзүбүз изилдей алабызбы?


Кыргызстандын этнологдору быйыл чын курандын (апрелдин) 4үндө жыйын өткөрүшүп, анда өлкөдөгү чакан этносторду изилдөө көйгөйлөрүн да козгошту. Бул – илимпоздук маселе болуп гана чектелбестен, демократиялык коомду куруудагы маанилүү атуулдук милдетке да жатат.

Азыркы дүйнөлөшүү заманында Кыргызстан жалпы адамзаттык асыл-нарктарды өздөштүрүүнү улантуу менен катар эле, өзүнүн айырмалуу, өзгөчө, кайталангыс, көөнөргүс маданий мурастарын да сактап келүүдө. Дал ушул өз алдынча маданиятыбызды сактоо – жалпы адамзаттык мураска татыктуу салым кошууга тете.

Кыргызстанда жалпы кыргыз улутунун кылымдар карыткан этностук карым-катнаштарынын бай тарыхы саясатчылар, тарыхчылар, этнографтар, түркологдор жана башка адистер тарабынан ар тараптуу иликтенип келет.

4.28.2015

Садык Шер-Нияз, режиссёр: «Маданият министрлигине иштегенге көӊүлүм жок. Министрлик оюнчук болуп калган»



– Садык мырза, саламатсызбы? Сиз менен маектешели дедик эле…

– Макул, маектешели. Дем алыш күнү байланышалы.

– Жарайт, агай.

Мына ушундай телефондук байланыштан кийин белгиленген күнү, такталган убакытта режиссёр менен дидарлаштык.

– Садык агай, сизди коомдук ишмер, режиссёр катары билебиз. Мындан сырткары төкмөлүк өнөрүӊүз да бар. Көкүрөктөгү угут жөн жатпай кытыгылап турса керек?

– Мен төкмөлүк өнөрдүн бышып жетилген, такшалган, жогорку деӊгээлинде айтыша албайм. Үйрөнчүк деӊгээл десем болот. Кез келгенде жамактатып ырдап коймоюм бар. Азыр убактым тийбей жүрөт. Мурун колума комуз алып акындар менен айтыша коюп жүрчүмүн. Мындан сырткары аӊгеме, ыр, сценарий жазып калам.

4.27.2015

Эрнест Хемингуэй: “Биз кайсы жерде сынган болсок, ошол жерде күчтөнөбүз”



Таасирдүү, кыска-нуска ойлору жана өзгөчө жазуу ыкмасы менен адабият айдыңына жаңылык киргизген Нобель сыйлыгынын ээси, улуу жазуучу, чыгаан журналист Эрнест Хемингуейдин чыгармаларынан кыскача үзүндүлөрдү сунуш кылабыз.

“Мен сени көрдүм, керемет сулуу. Кимдир бирөөнү күтүп жатсаң да, ал тургай эгер сени мындан ары такыр көрбөй калсам дагы эми сен мага таандыксың” деп ойлоп жаттым. Сен мага тиешелүүсүң, а бүтүндөй Париж мага таандык, мен болсо, колумдагы блокнотум менен карандашыма байлангам.

Ааламга кеткен жол – үйүбүздөн башталат



“Жаратылыш жана жандыктар жаралгандан тарта табийгый мыйзамга ылайык шайкештикте жашоосу шарт. Булардын ичинен акылына таянган адамзаты гана айрым учурда табиятынан алыстап, аны башкарууга аракет кылууда. Албетте, мунун да ар кандай себептери бар. Ошолордун ичинен орчундууларынын бири бул – адамдардын көп кырлуу турак-жайы” деген пикирди карманып, элге “Грифондун Айланасын” туура түшүндүрүп жеткирүүгө, турагыбызды туура курдурууга аракет кылган архитектор В. Н. Гребневдин кызыктуу ойлоруна токтолдук.

В. Н. Гребнев, архитектор: “Айлана формасындагы үйдө жашагандар аалам менен айкалыша жашаган”

4.20.2015

“Кыргыз Туусу” гезити 2015-жылга сынак жарыялайт



«Кыргыз Туусу» гезити 2015-жылга “Көз ирмемде туулган жер!”, “Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт!” деген болжолдуу темаларда фото сүрөт-баяндардын, ыр, кара сөз түрүндөгү, көлөмү гезиттин 0,5 бетинен ашпаган эссе, публицистикалык чакан чыгармалардын сынагын уюштурат.

“Кыргыз Туусу” гезитинин 2015-жылга “КАРЕГИМДЕ – ТУУЛГАН ЖЕР” сынагынын ЖОБОСУ

4.19.2015

Түркөйлүк чээнге кайрылуу



Бүгүнкү турмушубузда биз акылга сыя бербеген көптөгөн көрүнүштөрдүн күбөсү болуудабыз. Мындан чоң кишилер гана эмес, балакайлар да парадоксту көрүп, мыскыл менен карагансыйт. Мына, менин 6-7лердеги неберем бир бийкечтин ырдап жатканын карап олтуруп, мунун жети көйнөгү бар экен,-дейт. -Аны кайдан билдиң?-деп сурадым. -Көйнөгү улам алмашылып жатпайбы!-дейт. Анан дагы: — Ары жакта пляждагыдай кабина, же дүкөндөгүдөй примеркасы жок, ай талаада кантип алмаштырып жатат?-деп сурайт.

Албетте анча көйнөктү алмаштыруу үчүн убакыт, атайын вагонетка да керектир. Бирок, бир ыр үчүн (ал ашкере асем болгон күндө да) ошончо гардеробдун, анан ажайып жердин кереги бар беле деген суроо туулбай койбойт да. Дагы бир бийкечти шаркыратманын алдында ырдатып жатышат. Ал ыр аспаптык ансамблдын коштоосунда жазылган. Албетте балакайды кайрадан эле мындагы коошпостук (баягы Маанекеникиндей :кызыл өгүзүм анакей, сакалым канакей? дегендей) бүшүркөтпөй койбойт да…

4.18.2015

Түрк дүйнөсүн таңданткан кичинекей манасчы



Кичинекей манасчы Үмөт Болот уулу жакында кыргыз делегациясы менен Түркия жергесине барып келди. Нооруз майрамына арналып Анкара шаарында өткөн иш-чарада биздин көчөт манасчы өз өнөрүн тартуулаган.

- Түркия жактыбы?

— Стамбул шаары аябай сонун экен. Бул аймактын губернатору менен мэрине жолуктум. Андан кийин Анкара шаарына бардык. Анкара шаарынан 500 км алыс Иса пайгамбардын үңкүрүнө бардык. Султан Сулеймандын мечитине барып, намаз окудук. Эртеси күнү Султан Сулеймандын гареми – Топкапыны көрүп чыктык. Анкараны кыдырдык. Мехмет Султандын музейине барып, атам менен куран окудук. Стамбул шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чо-оң эстелиги бар экен. Ал эстеликти көрүп алып, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин эстелиги эмнеге жок деп ойлоп жаман болдум. “Манас” айттым, түрктөр мага аябай кол чабышты. Дагы “Манас” айта берейин десем, атам мени алып кетип калыптыр да.

Жолон Мамытовго – 75 жыл: “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга издөө үчүн келгенмин”



Кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүктүү акыны Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо ушул жылдын 1-апрелинде 75 жашка толмок. Кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы катары таанымал акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет элдиктердин тилдерине да которулган, өзү да Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.Ошондой эле Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин белдүү жетекчилеринен, жаш калемгерлердин насаатчыларынан болгон.

4.17.2015

Полот хан – оторчулукка каршы көтөрүлүштүн символу

Молдо Искак Асан уулу (Полот-хан, 1844-1876). Көркөм элес.


17-апрелде Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарында Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн Молдо Искак Асан уулунун (Полот-хан, 1844-1876) 170 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Деги Полот-хандын тарыхый орду эмнеде?


Кыргыз молдосу – Кокон хандыгынын “Пугачеву” катары карала алабы?


Падышалык Орусияны 1773-75-жылдарда титиреткен Дыйкандар согушунун жолбашчысы, өзүн “Пётр Үчүнчү” деп жарыялап алган дондук казак орус Емелка (орусча — Емелька) Пугачёв (1742-1775) дээрлик бир кылымдан кийин, 1844-жылы Борбордук Азияда ферганалык Асан аттуу кыргыз молдонун үйүндө Искак деген уул төрөлөөрүн, ал дагы туптуура 100 жылдан кийин, 1873-жылы жалган жерден өзүнө хан тукумунун “Полот хан” (“Пулат хан”) деген ысымын ыйгарып алып, көтөрүлүшкө жолбашчылык кылаарын, албетте, алдын ала билбейт эле. Искактын көтөрүлүшү дагы жеңилүүгө учурап, ал дагы падышалык жазалоочу аскерлерге туткундалып, 1876-жылдын 1-мартында Жаңы Маргалаң шаарында дарга асылган. Емелканын болсо башы алынган.

4.16.2015

Айзада Абазова



1974-жылы 15-февралда Токтогул районунда туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. «Асаба», «Замандаш», «Учкун» гезиттеринде кабарчы, «Кыргыз руху» гезитинде башкы редактор болуп иштеген. Акыркы учурда эмгектенген кызматы — «Пресс.кg» гезитинин башкы редакторлугу эле. Эки кыз, бир уулдун энеси Айзада Абазова ырларды, аңгемелерди, коомдук жана саясый курч макалаларды жазчу. 2010-жылы «Адашкан каркыра» аттуу жыйнагы чыккан.

2013-жылдын 2-январь күнү туулган жери Токтогулга бара жаткан жеринен жол кырсыгына кабылып, көз жумган.


Айзада Абазова жана анын чыгармачылыгы тууралуу


Айзада


Кара сөз


Кичинекей үйдөгү чоң бакыт (аңгеме)

Таң чолпонум (аңгеме)



Ырлар


КОЗГОЛОҢЧУ СЕЗИМ

Эшикте калгым келбейт:
— Эшикте элиргендер эсепсиз каткырышкан.
Үйгө да баргым келбейт:
— Үйүмдү уу жыландар жай кылышкан.
Каякка барам? — Билбейм.
Каяктан табам? — Билбейм.
Эмнени издейм? — Билбейм.
Эмнени түздөйм? — Билбейм.
Билемин «Билбеймимди».
Эч нерсе билбейм, билбейм!
Кең дүйнөгө таштады эле — тар дедим,
Кызыл гүлдү сунушту эле — гүл эмес бул кан дедим.
Уурттабадым бал кошулган даамыңды,
Ууну сунса, кубанычтан жайнап көзүм, жан дедим.
Жанымды кыйнайм неге?
Жанчылып ыйлайм неге?
Башкалар кантип жашайт?
Башкача кылбайм неге?
Мен неге? Мага неге?
Мээмди көзөйт жебе…

4.15.2015

Олжобай Шакир. «Ээсиз бакча»

(аңгеме)

Келесоону келесоо дебегенде эмне дейин. Ушу Итибай анык келесоо да. Келесоолугунан терезе түбүндөгү дүпүйгөн өрүктү кыярын кыйып, качан дарак карс кулаганда жүрөгү зырылдады. Дүйнөсүнөн бирдеңке кемигендей боло түштү. Кемимек. Атасы Беки колуна быдыр токтобос жан эле. Анын багбандыгы бир айылдын элин тойгузганы менен өзүнүн жалаңтөштүгүнөн дүйнө уучтабай өттү. Өмүрү өткөнчө ачкөздүгү жок жашаган Беки авадай адам болобу. Айылда анын короосунда өскөн жемиштерди уурдап чоңойбогон бала жок. Алма-өрүгүнө ууруга келгенибизди көрүп да «балдар алдагынысы бышелек, бери кирип мынабул эзилип бышкандарын терсеңер» деп кайра бизди бакчасынын эң ширин алма-өрүктөрүнө аралатчу. Алма-өрүктөр өзүбүздүн короодо деле төгүлүп жайнап, аларды жегенибизче жесек да тишибизге камалып же ичинен курт чыккан үчүн Беки аваныкына качырчубуз. Анын бакчасында эмне өспөсүн курту жок, анан эзилип бышчу. Күн биздин айылга тегиз тийсе да негедир Беки аванын бакчасындагы мөмө-жемиштер баарыбыздыкынан эрте бышкандай сезилчү. Биз дайыма анын бакчасына качырганыбыздын жөнү: өзүбүздүкүн үйдөгүлөр Ысыккөлгө эсалууга келгендерге сатат. А биздин колубузга алабоор чала бышкандары гана тийчү. Башкалардын ата-энесин билбейм, апам дайыма Беки аванын үйүнө мени ээрчитип барып, жерге төгүлгөн алмаларын терип алганга уруксат сурачу. Ал да бизге «тергиле-тергиле, силерден айайт белем» дегенден башка кеп айтчу эмес. Апам бечара анан Беки аваныкынан терип келген алмаларды чоң жолдун боюндагы алма-өрүк, карагат, кызылгат саткандар менен бирге соодалачу. Атүгүл бир жолу Беки аваныкынан терген алмалардын акчасын чогултуп жүргөн апам мага велосипед сатып берип кубандырган. Өзүбүздүн бакчадан терген жемиштердин акчасына болсо кышкыга көмүр сатып алганбыз. Бул кийин бара-бара апам экөөбүздүн турмуш оокатыбызга айланды. Жыл сайын Беки аванын мөмө-жемиштерин терип, керегибизге жаратып алчубуз. Бир курдай апам Беки аванын колуна «өзүңүздүн алмалардын акчасынан жок дегенде ушуну алып коюңузчу» десе да таптакыр албай койду. Кайра, апамды тилдеп:

4.14.2015

Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн



Редакциядан: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нуска кол жазмасы анын кызы Ленина Абдрахманованын колуна 1989- жылы тийген жана азыр да сакталып турат. Күндөлүк 1920- 1930- жылдары жазылганына карабастан, биздин замандаштарыбыздын кызыгуусун жаратып келет. Анткени бул жасалмасыз, ачык- айрым жазылган, бир адамдын күнүмдүк турмушу, өз элинин чыныгы патриотунун, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган жетекчинин тагдыры. Биз бул баа жеткис, тарыхый күндөлүктү орус тилинен кыргызчага которуп сунуш кылабыз.

1928- жыл

Москва. 18. 08. 1928
Тагдырдын жазмышы менен тарыхый зор окуянын күбөсү болуп калдым. Ошондуктан күнүгө өзүң көргөндөрдү, башыңан кечиргендерди, кайрадан жан дүйнөңдөн өткөргөн нерселерди жазып калтыруу тарыхый жагынан алганда кызыктуу болбой койбос. Бул аруу тилекти күндөлүк жазуу менен жүзөгө ашырсаң болот, ошол себептен мен күндөлүк жазууга аракет жасайын. Чынында оюмду бир топ эле кечигип ишке ашыра баштадым, бирок “эч болбосо кеч болсун”.



Менин күндөлүгүмө…
Азыр сен менин жападан- жалгыз, баарынан ишенимдүү, дегеле унчукпаган досумсуң. Кайсы бир мезгилге чейин сен мага ишенимдүү дос болоорсуң. Бирок менин колумда турганыңда гана мен сага ишенем, ал эми чоочун колго тийгениңде, балким, кыянаттык кылып кетээрсиң. Сени сатып кетпейт деп айта албайм, бирок кандай болгон күндө да сенден дегеле эч нерсени жашырбайм. Ой- толгоолорум, сар- санаам тууралуу саясий ишмер катары эле эмес, жөн эле катардагы пенде катары да айтып берейин.

Бир гана өкүнүчтүү жагы—сен угуп гана тим болуп, бирок жооп бере албаганың. Жараткан маңдайыма жалгыздыкты, кандай гана кыйынчылык келбесин, ар дайым андан жол таап чыгып кетүү түйшүгүн буюрган окшобойбу, бирок “мына ушундай” тагдырыма моюн сунууга туура келет.

Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой- толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат – баарысын тыңдап тур.

4.11.2015

Автордук укук: калем акы алдыңбы?



Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатент мекемесинин казынасына автордук чыгармаларды пайдаланган тараптардан сегиз миллиондон ашык каражат түшкөн.

Учурда түшкөн каражат жергиликтүү жана чет элдик авторлорго берилип жатат. Кыргызпатенттин сый акысын алгандардын арасында колго тийген сумманын аз экенине нааразылар бар.

Эл артисти Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы ырлар акыркы жылдарда телерадио, кафе- ресторандарда бир эле күндө бир нече жолу ырдалышы мүмкүн. Бирок Гүлнур Сатылгановага Кыргызпатенттен өтө эле аз сый акы бөлүнөт.

- Кичинекей эле калем акы алабыз. Ырдын сөзүн жазган акынга өзүнчө, музыкасын жазган авторго өзүнчө бөлүнгөндөн кийин мага да аткаруучу катары берилет. Мисалы, мен кечээ Кыргызпатенттен жарым жылдык калем акымды алдым. Жети миң сом болду.

4.10.2015

Агындылар



Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Өрт» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Жездемдин уйларына кайгырганы ушул болдубу, ким билсин, үйдөн чыгып кеткен боюнча кеч күүгүмгө чейин чөп коруктан, эски- уску өтүк, чокойлор илинген жаман тамдан такыр эле чыкпай калды. Баары бир чакырткан менен келбей турганын түшүнгөн Батма энем да: «Бар, атаңды чай ич деп чакырып кел» деп небересин жумшаганын коюп, анда- санда үшкүрүп коюп, айнектен түшкөн күндүн жарыгына жүн тытып олтурду.



* * *

Жездемдин бул дүйнөдө душманы болбогондуктан, айылда ага кара санаган бир дагы жан жок эле. Кийин, кийин мен таранчынын бутуна керосинге чыланган жип байлап туруп ширенке чагып учуруп ойногон балдар бар экенин уктум.



* * *

Малды, тамды камсыздандыруу дегенди агезде чарбанын канторуна иштегендер эле билбесе, жездеме окшогон карапайым кишилер билчү эмес. Анткен менен кышты – кыштай этти жеп, оңо түштүк.