10.08.2014

“САЯК НАМЕ” – САЯК УРУУСУНАН ЧЫККАН БИЛГИЛЕРДИ БАЯНДАЙТ


Республикабыздын социалдык өзөгү – кыргыз эли. Баары өзөктөн жанат. Бул өзү табигый мыйзам. Ушул эске алынбаган шартта абал чийеленишет, ички байланышуулар сакталбайт.
Дүйнөдөгү ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхый калыптанган, өнүгүүсүнө, өз алдынчалыгына өбөлгө болуп турган өзгөчөлүк жактары бар.
Салыштырмалуу аз кыргыз, далай башка элдерге окшоп жок болуп кетпей, ошол аз бойдон нечен миңдеген жылдар бою элдигин сактап, тарыхын улантып келаткандыгынын сыры эмнеде? Бул – биринчиси. Ушул суроого туура жооп, туура түшүнүк калк арасында канчалык? Ушул эки соболдун экөө тең бүгүнкү күндө чоң мааниге ээ болуп туру.

ЭНЕ ТИЛ СЫРЛАРЫ


“Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт!”
Байдылда Сарногоев
Кыргыз тили — кудуреттүү, кереметтүү, сырдүйнөлүү тил эле. Кыргыз тили — тирүү, жандуу, ажайып тил болчу. Атаганат! Эне тилибиз, ушу сапат-сыпаттарын жоготуп баратат. Кыргыздар эне тилин жарытылуу билбей жансыз, супсак, кунарсыз сөздөрдү колдонуп, сүйлөп калдык. Өзгөчө, соңку муун жаштары! Көркөм кыргыз сөздөрү көөнө сөздөргө айланды. Ушу кенемтени азын-оолак болсо да толтуруу мүдөөсүндө, окурмандарга “Эне тил сырларын” байма-бай тартуулап турмакчыбыз!

ТОКТОГУЛДУН БЕЛГИСИЗ ЖАКТАРЫ


Быйылкы 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын майрамдоо алдында турабыз. Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жыл түрк мамлекеттеринде «Токтогул Сатылганов жылы» деп жарыяланды. Мына ушул датага карата мамлекеттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өтүлөрү, «той да болору, тойдун эртеси да болору» белгилүү. Бирок, биздин мектеп окуучуларыбыз, студенттерибиз али да болсо советтик мезгилдеги окуу китептеринде жазылган маалыматтар менен улуу акындын биографиясын үйрөнүмүш болуп келет. Мына ушул багытта адабиятчы Абдыкерим Муратов улуу акындын өмүр таржымалын, чыгармаларын жаңыча иликтеп, китеп жазып жатканын айтып, кеңсебизге баш баккан эле, биз агайдан бир нече суроолорго жооп алууга үлгүрдүк.

10.07.2014

БЕРДИБЕК ЖАМГЫРЧИЕВ


Ырлар

ТАЖАДЫМ БУ ШААРЫҢДАН…
Бишкектен эмне таптым..Ылайга теңдеш актым.
Балалык аруулуктун, Баардыгын жерге чаптым…
Тажадым бу шаарыңдан, Күмөнмүн учаарымдан.
Көрүнөө уттурганым, Көп болду утаарымдан.
Чаңында куру жолдун, Чачылган шуру болдум.
Жасалма сезимдердин, Бир топ жыл кулу болдум…
Жалганга эленбеген, Жан элем элеңдеген.
Эңсөөлөр таза болчу, Көөдөндө тереңдеген.
Кыйнадым кылдай жанды,Кыялдар жылбай калды.
Үйрөндүм кара күчкө, Жасалма жылмайганды.
Үйрөндүм кас болгонду, Жибибей таш болгонду.
Ары жок махабатка, Темтейип мас болгонду.
Үйрөндүм алдаганды, Моюнга албаганды.
Түңүлгөн жүрөгүмө, Үмүттү жалдаганды.
Үйрөндүм арамдыкты, Чүрүшкөн сараңдыкты.
Көөдөнүм жукаргыча, Уюттум жалаң кытты.
Күйүткө чөккөндү да, Ичкенди, чеккенди да.
Үйрөттү ушул шаарың, Чындыкты тепкенди да..
Тешилип баш калканым, Жешилип жаткан чагым.
Табигый жан-дүйнөмдүн, Чыгардым таш-талканын.
Бири көк, бири жерде, Шаар жагат кимиңерге?..
Жанчылып тачка түрткөн, Агамын инилерге.
Дүйнөмдүн кулап туусу, Кетпеди кулак чуусу.
Көлчүккө айланды бүт, Көңүлдүн булак суусу.
Ээн-эркин талтактайбыз, Чолоосуз шалтактайбыз.
Соодалап жан-дүйнөнү, Намыс же ар таппайбыз.
Ичкеним берекесиз, Багытым көлөкөсүз.
Кепичин сүйрөп жүрөт, Келечек кебетесиз.
Каректи кара чалып, Кайдадыр барат алып.
Жарыкты издеп келгем, Айылдан аласалып.
Көралбай асманымды, Көө кылдым жаш жанымды.
Ошондо сезсем эмне, Жарыктан качканымды…
Бу шаардын саратаны, Куйкалайт жараканы.
Кан какшап сурайм тагдыр, Кайрып бер аласаны.
Ал:
Тоолордун ыйык жели, Апамдын алаканы…!

10.06.2014

СУЛУУ КЕЛИН

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: “Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:

10.05.2014

ТЕҢИР


Бүгүн бизде теңирчиликке кызыккандар көбөйдү, атүгүл аны дин кылып каттаткысы келгендер пайда болду. Ушундай өтүнүч менен коомдук-илимий ишмерлердин жоон тобу президентке кайрылды. Демилгечилер «Манас» эпосун, башка кенже дастандарды теңирчиликтин ыйык битиги, окуу китеби боло алат деп ырасташты. Иштин бул өңүтүнө кийинки макалада кайрылалы, адегенде «теңир» сөзү өзү кайдан чыккан, анын түпкү уңгусу, узун тарыхы жана таржымакалы кандай, азын-оолак териштирип көрөлү.

10.03.2014

НУРЛАН КАЛЫБЕКОВ


Нурлан Калыбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Аксы районунун Аркыт айылында 1973-жылы 21-сентябрда туулган. 1988-жылы Аркыт 8 жылдык мектебин, 1990-жылы Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 И.В.Панфилов атындагы орто мектебин бүтүргөн.
1990–1992-жж. “Бишкек почтампта” слесарь оңдоочу, “Кыргызсоодакурулушмонтаж” башкармасында, Кыргызавтомаш заводунда жумушчу болуп эмгектенген. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген.
Алгачкы ыры 1990-жылы “Ленин жолу” гезитине жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты. Республикалык Жолон Мамытов атындагы, Казакстандын Мукагали Макатаев жана Габит Мусрепов атындагы адабий сыйлыктардын ээси.
Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган.
А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн.
Учурда чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесинин төрагасы болуп эмгектенет.
1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

10.02.2014

«ЖАЙЫЛ КЫРГЫНЫНЫН» СЫРЛАРЫ


1773-жылдарда чек арадагы жаңжалдан улам кыргыз-казак мамилелери кайрадан курчуган. Кыргыз жана казак уламыштарынын маалыматтары боюнча Улуу жүз казактарынын өкүлү катары жаш баатыр Жоогач Көкчөтоо Сарыарка тарапта жүргөн казак ханы Абылайга (1711-1781-жылдары жашаган) барып кыргыздар менен чатактарды жөнгө салып берүүсүн суранат.
Абылай хан бир боордошторубуз менен тил табышып жашайлы деп кыргыздардын башчыларына казак ханынын тилегин жеткирмекке Жоогочтын өзүн элчиликке жиберет. Бирок бул жолку Жоогач менен солто уруусунун өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган. Андыктан, 1774-жылы жазында Абылай хан баатырлары Абулфеис, Каманбай, Дөөлөтбай, Байгазы, Оразмамбет, Бердикожо ж.б. жетектеген кубаттуу күчтөрү менен Алатоо тарапка жортуулга чыккан.