2.28.2015

Кусейин Эсенкожоев. “Үчүнчү шар”



(фантастикалык аңгеме)

Жолдоштор! Мен өзүмдүн кесибимдин орчундуу жерлерин сиздерге айткым келет. Албетте, сиздер бул менин кесибимди билгенден кийин, сиздер да меники сыяктуу кесиптерди ойлоп жана маанилүү жыйынтыкка келүүңүздөрдү күтөмүн.

Мен бир күнү асманда калкып жүргөн жаандын бууларын, абада сызып учуп жүргөн канаттуу куштардын учушун байкап, алардын асманда көтөрүлүп учуп жүргөндүгүнүн себептерин таба албай, көпкө ойлонуп жүрдүм. Бирок көп убакыттар өтсө да, алардын асманда көтөрүлүп, абада калкып жүргөндүгүн чече албадым. Менин мындай окуянын чындыгына жетүүдөгү максатым чоң эле. Мен ага тажрыйба кылуунун натыйжасы менен гана ал максатка жетеримди билдим. Ал максатты иш жүзүнө аткаруу үчүн бир топ чоң окуяларды өткөрүү керек болду.

Менин белгилүү оюма жардамдаш бир буюм табылса, ошол буюм аркылуу гана астымдагы чечилбеген максатты чечеримди билдим.. Асманда дүйнөнүн боштугунан орун алып, жер шарын тегерете курчап турган абадан жеңил бир буюм табуу эле. Ал буюмду сураштырып жана тажрыйба кылып гана таптым. Ал табылган буюм асманда калкып жүргөн калың абанын бир түрү болучу. Ал водород газы эле. Бул водород газы суу составынын үчтөн эки бөлүгүн ээлеп, жалпы абадан 14,5 эсе жеңил экендиги белгилүү.

Жашоо сабактары



«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»



Жашоодо, аймакта, заманда 2 түр адам болот: белгилүү жана белгисиз


Белгилүү адам 4 түргө бөлүнөт:
Даражасы менен белгилүү
Кызматы менен белгилүү
Жоругу менен белгилүү
Сүйүүсү менен белгилүү

Белгилүү адамдардын деңгээли 4 нукта болот:
Заманга тийиштүү
Аймакка тийиштүү
Өтө сейрек доорго тийиштүү
Ченелүү мөөнөткө тийиштүү

2.27.2015

Токтосун Асанбек уулу. «Манас» жана «Огузнама»

Блогдон. Токтосун Асанбек уулу Кытайдын Иле-Казак автоном облусунда жашайт, белгилүү Манастаануучу.

Кытайлык кыргыздар колдонгон араб графикасынан кирилл графиксына оодарылганда макаладагы сөздөрдүн жазылышында айрым туура эместиктер болуп алышы мүмкүн. Бирок кытайлык кыргыздардын орфографиясын жакшы билбегендигимен оңдоолорду кылганым жок. Кытайлык кыргыздардын тилин, жазуу эрежелерин жакшы билген бирөө бул макаланы тууралаганга жардам беришсе ыраазы болот элек.



Түркый тилинде сүйлөөчү байырыкы улуттардын анын ичинде кыргыздардын бул аталган айтылуу мурастары, биз ээлеген матириялдарда дээрлык орто кылымга таандык деп каралып келет.

Дүйнө адабиятынан



Иоганн Вольфганг Гете

СУРАКТА


Сурайсыңар «атасы ким балаңдын?» —
Сурагыңа даярмын.
Мен силердей эки жүздүү эмесмин,
Адал жүргөн аялмын.

Билбейсиңер, боюмдагы чүрпөнүн
Ээси менен жүргөмүн.
Алтынбы же саман калпак киеби? —
Ал менин ак сүйгөнүм.

Уят, шылдың, күлкүңөргө чыдаймын,
Ушагыңар кан сиет.
Карап турат калыс көзү Кудайдын
Мен сүйөмүн, ал сүйөт.

Тергөөчүлөр, абийриңе карагын,
Тек, жайыңа тарагын.
Силер эмес бага турган сүт берип,
Мен эмизем баланы!

Кыргызчалаган Эрнис Турсунов

2.26.2015

1916-жыл: Керенский жана кыргыздар



Улуу акын жана драматург Жусуп Турусбековдун кыргыз жери тууралуу минтип жазганы бар:

“Мына бул жер – өткөн кордук элеси,
Мына бул жер – муңдуулардын энеси”.

Ырасында эле кылым карыткан кыргыз жери эмне деген гана оомалуу-төкмөлүү окуяларга, тагдыр чечкен кандуу кармаштарга күбө болгон эмес. Ошолордун бири, албетте, 1916-жылкы Үркүн, кыргыз элинин мындан дээрлик 100 жыл мурунку улуу трагедиясы го. Бирок бул жолу сөз Үркүн тууралуу эмес, ошол Үркүнгө ал кездеги белгилүү орус саясатчыларынын жасаган мамилеси, айрыкча ак падыша Николай IIни тактан кулатууга бирден бир тиешеси бар чоң саясатчы Александр Федорович Керенскийдин кыргыздарга жасаган жакшылыктары, кантип таламын талашканы тууралуу азыноолак сөз кылгыбыз келип турат. Анын үстүнө бул тууралуу көпчүлүк эл, айрыкча жаштар анча биле бербейт. Ал эми 1916-жылы Санкт-Петербургда, деле опсуз зор Орусия империясынын бийлик башында эмне деген бороон-чапкындуу саясий процесстер жүргөнү өзүнчө кызык тема.

Насыпбек Асанбаев. «Атанын куру»



(жомок)

Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет.
— Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле.

Балдары атасынын айтканын туура көрүп жолго камына башташты. Кемпир байкуш үкөктө калган талканын кагып, балдарына азык камдады. Абышка болсо колундагы мал-мүлкүн үч баласына бөлүп берди. Улуу баласы дароо эле короодогу жалгыз эчкини алам деди. Ортоңкусу болсо бакчада турган эки казды кармап, кабына тыкты. Ошону менен абышка-кемпирдин байлыгы түгөндү. Кичүү уулу ак көңүл, боорукер бала болгондуктан ата-энесин кыйнагысы келбей эки жагын каранды. Анан жүктүн кырында илинип турган атасынын эски, кайыш курун көрүп ошону колуна алды.

2.25.2015

Эне-Сай кыргыз мамлекетинин саясатында роль ойногон элчилер



Эгемендүүлүк жана мамлекеттик көз каранды эместиктин шарттарында Ата Мекендин өткөндөгү тарыхынын урунтуктуу учурларына, абдан маанилүү маселелерине жаңыча мамиле жасоо аракети күч алууда. Биздин өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы өзгөрүүлөрдүн жүрүшү, түздөн-түз улуттук аң-сезимдин ойгонушу, улуттук ар намыстын жана сыймыктануунун кайра жанданышы, козголушу менен байланыштуу. Айрыкча өткөн бай тарых-таржымал так иликтенип, бүгүнкү күндө кыргыз тарыхынын тереңдиги андагы негизги роль ойногон тарыхый инсандарыбыздын улуу эрдиктери айдан ачык таанылып, совет доорундагы канга сиңип калган кыргыздардын тарыхы октябрь революциясынан гана башталат деген таңууламаларды түп тамыры мене жок кылууда. Албетте тарыхыбызды тактоодо, тарыхый инсандарыбыздын жүзүн ачып, келечек муундарга өрнөк болуучу таалим-тарбиялык маанисин тереңдетүүдө тарыхчыларыбыз бир кыйла так жана кылдат болуусу шарт. Улуу академик В.В. Бартольд: “Тарыхчынын милдети-эмне болушу мүмкүн же болбошу мүмкүн экенин иликтеш эмес, эмне болгонун тастыктоо болуп саналат”,-деген айтылуу постулатын ар бир иликтөөчү тарыхчыбыздын эсинде болгону жөндүү. Демек тарыхый окуяларды так, кылдат ар тараптан анализдеп, тарыхый булактарга таянуу менен таасирлүү чагылдырылса бүгүнкү тарых курсун окуп жаткан окуучулар жана студенттер үчүн Ата Мекенин тарыхынын улуулугун сезе билип, ага болгон куштарлыгы өзүп, өз мекенинин патироту болууга шыктандырат.

Сулайман Рысбаев. «Умай бала»



(жомок повесть)

Баян башы


Балдар, мен силерге жаңы баянымды айтып берейин. Көңүл салып окугула. Чынбы же жалганбы, илгери-илгери Жер жаңы жаралганда Теңир ата жана Умай эне кошо жаралыптыр. Алар адам баласы жер бетин жаңы басып тиричилик кыла баштагандагы алгачкы адамдар экен. Азыркы элдердин баары ошол экөөнөн көбөйүп, ошол экөөнөн таралыптыр. Ошондуктан, алардын урпактары ал экөөнү атабыз-энебиз дешип, бирин Теңир ата деп, экинчисин Умай эне деп атап калышкан экен.

«Теңир» дегени — баарыбыздын атабыз, баарыбызга тең бирдей ата дегени тура. Ал эми, «Умай эне» дегени — «эң алгачкы», «эң биринчи» эне дегенди туюндурат экен.

Мына ошол үчүн бүгүн да «Теңир ата, колдо» — деп адамдар бата кылып, ошол алгачкы атадан көп жакшылыктарды тиленишет. Ал эми, эненин да, жаңы төрөлгөн баланын да пири, колдоочусу деп -Умай энени айтат экенбиз. Умай эне эң биринчи эне экендигинен улам өзүнөн кийинки бардык энелерди колдоп жүрөт экен. Айрыкча, жаңы төрөр кезде бардык аялдардын оңой көз жарышына жардам берет экен, жаңы ымыркайлардын оорубай-сыркабай торолушуна, тез басып, тез сүйлөп, аман-эсен чоңоюусуна да бир өзү көз салат экен.

Ошол Теңир ата менен Умай эне да эң алгач ирет балалуу болушкан эмеспи. Биринчи төрөлгөн ошол баланы да алар Умай бала деп аташыптыр. Андай болсо, «Умай бала» деген сөз «эң биринчи бала» дегенди түшүнтөт. Бул бала дагы башкаларга окшобогон касиет-кереметтери менен бирге төрөлүптүр. Өзүнөн кийинки бардык балдарды колдоп-жөлөп, ар түрдүү кокустуктардан коргоп, аман-эсен чоңоюп эр жеткенге чейин алар үчүн камкордук көрүп, энеси Умай энеге жардам берип, балдарды тооруп келген түркүн кырсыктарды болтурбай, алдын алып, көчөдө, талаада жалгыз жүргөндө көз салып жүрөт экен.

Бала деген бала да, Умай бала сыртынан билгизбей көз салып, жардам берип, таламын талашып, кырсыктан коргоп, жанында дайыма бирге жүргөнүн билбейт тура.

Бул жомок — баянымда мына ушулар жөнүндө, Умай баланын керемет-касиети, ал бүгүнкү күндө биздин балдарыбызды кантип коргоп-сактап, алардын эң ишенимдүү коргоочусу жана сактоочусу болуп жүргөнү тууралуу кызыктуу окуяларды айтып берейин…

2.24.2015

Мурза Гапаров. “Айгүл тоо”



Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети...
Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз ордунан - очоктун боюнан табылбады. Очоктун эки жагындагы текчелерди тинтип көрсө, казан-аяк калдырайт. Дубалдын боорунда чалдын нан салган эски куржуну, туз баштык жана чай салгыч калталары болчу эле деп, аларды караштырды. Куржундан колуна тандырдын катыган наны урунду, туз баштыкта туз, чай салгычта чай бар экен, бирок күкүрт жок. Күкүрт түгөнгөн же аны бир чылым чеккен айбан чөнтөгүнө салып кеткен. Эми эмне кылыш керек? Жөн эле жатып алганга курсак ач, анын үстүнө жатакана суук болуп жатпайбы, аны жылытып жатпаса, уйкусу келеби кишинин...

2.23.2015

Карта чучук



Карта чучукка 30-40 сантиметрдей карта, 200 грамм ич май, 200 грамм сулп эт, 50-100 грамм пияз, сарымсак, белгилүү өлчөмдө туз-калемпир керектелет. Жылкынын картасы көпчүлүк учурда жөн эле сууга бышырылат. Ал чучук ордуна жүрөт. Кээде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп, думбалай турат да, андан кийин эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп, картанын ичине салат. Анан эки башын бек бууп, бышканча кайнатат. 

2.22.2015

Нуриза Өмүрбаеванын жаңы ырларынан



ТҮНКҮ ЖАЗ

Жаратчудай бир шедевр бул түндө
Жалгыз адам мен бул үйдө жата элек
Сирень ачкан терезенин түбүндө,
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.

Кечегиден неге бүгүн күлкүм аз?
Керек беле ыйлап сыздап айтышым.
Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз,
Силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын.

Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай,
Бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун.
Ыр жазылбай калган актай баракка,
Тартып койдум бир жигиттин тулкусун.

Сирень ачкан терезенин түбүндө
Синдим уктайт сүйүү даамын тата элек.

Кусейин Эсенкожоев. «Саякатчы бала»



(фантастикалык аңгеме)

I. ТОО ТЕКЕ АТКАНДА


Жолдоштор, мен бир топ окуя көргөндүктөн аны сиздерге сүйлөп берем.

Мен өзүм жаш болсом да, бир топту көрдүм. Саякатчылык да кылып көрдүм. Мергенчилик да кылып көрдүм. Ошондогу болуп өткөн чындыктан сиздерге сүйлөп берейин. Окуучулар, менин бул көргөндөрүмү сиздер калп деп да ойлоорсуздар, жок, андай эмес, мен мындай иштерди башымдан өткөргөндүктөн, сиздерге айтайын.


2.21.2015

Советбек Байгазиев



Өмүр баяным

1945-жылы 1-майда Кыргыз республикасынын Нарын областынын Жумгал районундагы Кайырма айылында туулгам. Кайырма орто мектебинин жогорку класстарында окуп жүргөн мезгилимде (1961-1964-жылдар) окуу менен катар эле Ленин атындагы колхоздо почтальон болуп иштегем жана «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш», «Советская Киргизия» газеталарынын штаттан тышкаркы кабарчысы катары кызмат аткаргам. 1964-жылы Кайырма орто мектебин бүтүп, ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетине киргем. КМУну 1969-жылы «Филолог, кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигинде бүткөн соң, 1969-1971-жылдарда Советтик Армиянын катарында взводдун командири болуп кызмат кылгам (лейтенант катары). 1971-1972-жылдарда Кыргыз телевидениесинде редактор, 1972-1975-жылдарда аспирант, 1975-1977-жылдарда «Кыргызстан маданияты» газетасында улуу кабарчы болуп иштедим. 1977-1984-жылдарда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1985-1993-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда сектор башчысы, директордун орун басары болуп эмгектендим. 1993-жылдан 2001-жылга чейин И.Арабаев атындагы педуниверситетте илимий жана окуу иштери боюнча проректор болуп иштедим. 2002-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз билим берүү академиясында вице-президент кызматында эмгектенүүдөмүн.

Сулайман Рысбаев. «Бакыт деген эмне?»




(аңгеме)

Токойго бардык жан-жаныбарлар чогулушуп, бир, маселени талкуулап жатышты.

Чын эле, «бакыт» деген эмне! Дүйнөдө ким бактылуу? Бул суроого адилеттүү жооп табуу баарынан кыйын болду.

– Мен токойдогу бардык жан-жаныбарларды башкарып турам, баары мага баш ийет. Мен баарынан бактылуумун – деп заңкылдады Арстан.

2.20.2015

Нарсулуу Гургубаеванын жаңы ырларынан



* * *

Карабай ойду, тоону, туш тарапка,
Өзүңдөн өзүң качкан күндөр келет…
Башыңды басып түшүп муштай асман,
Жолуңдаң жол издейсиң ый көрө элек.

Жаныңда жайдаңдаган ким бирөөлөр,
Көшөрүп көрбөйт ыйың, тиштенгениң.
Тулкуңду куру намыс сүйдүрөгөн,
Тунартып бүткөнү чын ичтеги өлүм…

Боор



Боорду кууруп же кайнатып бышырса болот. Боордо витамин көп. Ал – тез быша турган тамактын бири. Боорду сууга салып, туз татытып, 30-40 мүнөтчө кайнатып, бышкан кезде, келки-келки туурап, шакекче кесилген пияз менен жесе болот. Ал эми боордон куурдак жасаш үчүн, адегенде майды ысык кылып, 2-3 баш тууралган пиязды кызарта кууруп, келки-келки кесилген боорду салып, бир аз куурулгандан кийин, сарымсакты, помидорду кошуп, кызара бышкан кезде калемпирден же мурчтан сээп, жарым стакан суу куюп, бир саамга демдеп коёт. Боор солкулдак, чалараак куурулса, жегиликтүү болот.

Эля Муратбек кызы, Шоокум Журналы, 01.01.2008-ж.


Улуттук тамактын башка түрлөрү


2.19.2015

Турар Кожомбердиевдин жаңы ырлары кошулду



Кыргыздын улуу акыны Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл Тураровнанын уруксаты менен Турар агайдын өздүк баракчасына акын агайбыздын дагы 80ге жакын ыры кошулду. Алар негизинен Фейсбук соц тармагында Нургүл эже ачып иштетип жаткан «Алп акын Турар Кожомбердиев» баракчасынан алынды. Бул үчүн Нургүл Тураровнага терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

2.18.2015

Токтобек Үсөнов. «Түн»



(аңгеме)


— Келчи жаным, — жигит бүшүркөй кайрылды.

— Жөнчү! – кыз ары карап жаткан калыбында унчукту.

Жигит эмне кылаар айласы калбагандай саамга үнсүз отуруп калды да:

— Ушинте бересиңби эми? Кечирим сурадым го?…

Бул саам жигиттин үнү ыйламсырап чыкты. Кыз укпагандай болду. Кыймылдап да койгон жок, тек гана уктап калган кишиче бир калыпта дем алып жата берди. Жигит үнсүз жооп күтүп, толуп турган жаш кыздын төшөктөн билинип турган денесин суктана карап турду. Кыязы ал кыздын жылаңач денесин элестетип кетти окшойт, тамагында шилекейин “кылт” эткизе жутту да, кыздын төшөктөн чыгып калган жылаңач ийнине колун койду. Кыз унчуккан жок. А түгүл эч нерсе сезбеген кишидей, ого бетер дымый түштү. Тынчтыкты дагы Дамирдин үнү бузду:

- Айжан, кел… – сөзүн аягын жутуп алып, “ күнөөмдү билип турам” дегендей бошоң үн менен: - Кел, эми жакшы жашайбыз?… Учурунда ойлоно албай калдым, чын. Кечирип койчу. Мен баарын башкача болот го дегем… Ушинте берсек кантип жашоо болот? Элдерге да уят болобуз. Акыры, турмуш өзү ушундай го…

2.17.2015

Медетбек Сейталиев



Медетбек Сейталиев Талас районунун Үч-Эмчек кыштагында 1935-жылы туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, республикалык «Кыргызстан пионери» гезитинде жана «Жаш Ленинчи» журналында бир топ жылдары иштеген.

М.Сейталиевдин алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөндө эле райондук жана облустук «Жеңиш туусу», «Лениндик туу» гезиттерине жарыяланып, Кийин республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган.

М.Сейталиевдин туңгуч ырлар жыйнагы «Жаштыктын үнү» деген ат менен 1957-жылы жарык көргөн. М.Сейталиев проза жанрында да жемиштүү эмгектенген.

1963 жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1987-жылы дүйнөдөн кайткан.


2.15.2015

Алыкулдун ырлары



ОТУЗ ЖАШ

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!

Карышкырдын камкордугү



Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.

Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:

«Рахманкул - Памирдин акыркы ханы»


Профессор Реми Дордун «Рахманкул - Памирдин акыркы ханы» деген аталыштагы китеби жакында Парижде басылып чыкты. Китеп Рахманкул хандын өмүр баянын чагылдырат.

“Рахманкул - Памирдин акыркы ханы” деген аталыштагы (французча Rahman koul ultime khan du toit du monde) китеп Париждеги Мишел дө Моль басмаканасынан жарык көрдү.