2.23.2017

Алдей, алдей... Баланы бешикке бөлөөнүн пайдасы менен зыяны

Бешик – кыргыз элинин байыртан келе жаткан баалуу буюмдарынын бири. Бешикке бөлөө каадасы кыргызда илгертен орчундуу орунду ээлеп, ал өзүнчө салт болуп калыптанып калган.

Бирок учурдун талабына ылайык, медицина балдарды бешикке бөлөөгө болбой турганын, анын пайдасынан да зыяны көп экендигин айтып, баланы эркин, бош жаткырууну сунуштоодо.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан илгертен мурас катары муундан-муунга өтүп келе жаткан баалуу буюм, анын бала үчүн пайдасы жана зыяны тууралуу билип көрдү.


Бешиктин келип чыгуу тарыхы


Тарыхчы, этнограф Динара Молдокулова ата-бабалар көчмөн калк болгондуктан бешик биринчи ирет көчмөн турмуш үчүн шартталып жасалганын айтат.

"Мурда баары боз үйдө жашагандыктан кыштын күнү баланы жылуу кылып бешикке бөлөп коюу энелер үчүн абдан ыңгайлуу болгон. Ал кезде келиндер баласын караганга да көп убактысы болбогондуктан, аны бөлөп башкаларга терметтирип койгон. Ошондой эле көчүп-конууда алып жүрүүгө ыңгайлуу болгон", — деди тарыхчы.

Бешик карагай, жаңгак, арчадан жасалып, алардын эң баалуусу арча бешик болгон. Баланы бешикке жаткыраар алдында арчалоо аны ар түрдүү терс энергиядан жана микроб, бактериялардан коргоонун бир түрү болгонун тарыхчы кошумчалады.


Бешик медицинада сунушталбайт


Салт-санаа менен медицина дайыма эле айкалыша бербейт. Анын сыңары улуудан калган улуу мурасты бүгүнкү күндө медицина жаш энелерге сунуштабайт. Балдар дарыгерлери наристени бешикке бөлөп уктатуу эне үчүн гана ыңгайлуу болбосо, анын наристеге тийгизген пайдасы жок деп эсептешүүдө.

№ 14 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар дарыгери Гүлнара Жумадылова баланы бешикке бөлөөгө таптакыр болбой тургандыгын айтты.

"Азыр медицинада биз энелерге бешикке бөлөбөгүлө деп кеңеш беребиз. Ал тургай мурдагыдай жаңы төрөлгөн баланы катуу орогонго да болбойт. Бала төрөлөөр замат ага кийим-кече кийгизип, эненин жанына бош жаткырып калган. Бала колу-бутун чоюп кенен жатышы керек. Бул баланын тез өсүүсүнө жакшы жардам берет. Наристени бешикке бөлөөдө күлтүгү болот. Ошол жактан ымыркайдын жыныстык мүчөлөрүнө суук тийип, цистит болот же инфекция кирип калышы ыктымал. Мындан сырткары, баланы бош жаткырып коюу менен эне анын бардык кыймылын көзөмөлдөй алат. Ал эми бешиктен баланын бети жабык болуп аны тез-тезден карабайсың. Баланы бөлөп коюу эне үчүн эле ыңгайлуу болбосо, наристе үчүн эч кандай пайдасы деле жок", —деди балдар дарыгери.

 

Бешиктин баркы кете элек


Бишкек шаарынын тургуну Турганбүбү Океева учурдагы бала уктатуучу буюмдарга алым сынбайт. Беш баласын бешикке бөлөп чоңойткон эне келиндерине да бешикти сунуштап, неберелерин ага уктатып көндүрүүгө аракет кылат.

"Мен беш баламды тең бешикке багып чоңойттум. Азыр да ондон ашык неберем бар, менин кеңешим менен алардын баарын келиндерим бешикке бөлөп чоңойтушту. Бешикке көп бөлөсө баланын башы жалпайып калат деп жүрүшөт, мен буга кошулбайм, андай болсо кыргыздын баарынын башы жалпак болуп калмак да. Бешикке бөлөө баланы 7-8 саат бешикке таңып коюу эмес. Аны ар бир үч саат сайын чечип алып, денесине ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап, эмизип, кайра жылуу бөлөп коюу. Муну менен бала тынч, таза, көп убакыт уктаганга үйрөнөт ", — деди Океева.

30 жаштагы жаш эне Гүлзат Өмүрзакова бешиксиз бала багууну элестете албайт.

"Мага үйдө жардамдаша турган эч ким жок болгондуктан, балдарымды бешикке бөлөп коюу абдан ыңгайлуу. Үчөө тең удаа болгондуктан бешиктин жардамы абдан эле тийди деп ойлойм. Мен чүрпөлөрүмдү түштө бир маалдан бөлөчүмүн, анан жуунтканда бешикке жылуу бөлөп койсоң жылуу жакшы жатышат. Уйкусун бузуп улам жалаягын алмаштырбай, бешикке жылуу бөлөп койсоң бала үчүн да жакшы да", — деди Гүлзат Өмүрзакова.

 

Бешиктин ордун баскан манеж, керебеттер


Жаш эне Элиза Аскарова баланы бешикке бөлөөнүн учурда зарылчылыгы деле жок деп эсептейт. Анткени баланы бош, эркин жаткырууну биринчиден медицина сунуштаса, экинчиден азыр заман талабына жараша түрдүү керебеттер, манеждер чыкканын айтат.

"Мен баламды бешикке салуудан өзүм эле баш тарттым. Анткени, биринчиден, баламды колу-бутун таңып уктатып койгум келген жок. Экинчиден, азыр түрдүү манеждер чыкты, кааласаң селкинчек манеждер бар. Ошол заманбап керебеттерде деле бала жылуу, тынч жатат", — деди ал.

Дагы бир жаш эне Накинай Исраилова эки баласын тең бешиксиз эле чоңойтуп, ага муктаж деле болбогонун айтты.

"Менин ата-энем атайын бешик деле алып берген эмес, дароо эле манеж алып келишкендиктен, эки баламды тең бешикке бөлөбөй эле чоңойттум. Мындан сырткары, бешикке көнгөн бала эки жакка чыгып калса бешиксиз уктабайт, анысына да карадым. Ошондой эле баланы бешикке колу-бутун таңып коюу мен үчүн өөн көрүнүш", — деди Исраилова.

 

Баланы бешикке бөлөөнүн оң жактары


  1. Бешик баланы ар түрдүү терс энергиядан коргойт.

  2. Ымыркайдын дене түзүлүшү, буту түз өсөт.

  3. Наристе көп убакытка чейин тынч уктайт. Жаңы төрөлгөн ымыркай бош жатса колу менен өзүн чочутуп бат ойгоно берет. Бешик баланы эки-үч саат уктаганганга көнүктүрөт.

  4. Бала жылуу жатат. Ымыркай эки жакка тоголонуп ачынып калышы ыктымал. Ал эми бешикте кыштын күнү же жуунткандан кийин бөлөп койсо жылуу жатат.

  5. Таза уктайт. Бала памперс кийип уктаса анын булганганын билүү үчүн уктап жаткан жеринен ойготуу керек.

 

Бешикке бөлөөнүн терс жактары


  1. Ымыркайдын эркин уктоосуна жолтоо болот. Балдар кененирээк кыймылдап, колу-буту бош укташы керек. Бала бир калыпта эмес, тоголонуп, колу-бутун чоюп укташы зарыл.

  2. Кычкылтек жетпей калат. Бешикти колдонгон күндө да үстүн жеңил жабуу сунушталат. Болбосо балага кычкылтек жетпей калат да, ал узакка уктап жата берет.

  3. Денеси талып, далысы жабышып калышы ыктымал. Бешикте денеси толук таңылып жаткан баланын денеси талып, кан айлануусу жайлап калат.

  4. Тамак сиңирүүгө терс таасир этет. Энелер бешиктеги баланы жаткан калыбында эмизип коёт. Жыйынтыгында баланын тамак сиңирүүсү жай болуп, айрым учурда бала кусат.

  5. Бешикте күлтүк койгон жери ачык болгондуктан ымыркайдын жыныстык органдарына суук тийип же инфекция кирип кетиши ыктымал.

Таалайгүл Усенбаева, “Sputnik-Кыргызстан”, 14.02.2017-ж.,
© Фото \ Зульфия Тургунова

Таалай Нуркемел

ЖОГОЛГОН МУУНДАР

* * *

Караңгыдан жол издеген адаммын,
Күндүз колго кармап алган чырагым.
Сени узатып үйдөн жолго чыкканда,
Карап турдум үзүлгөнчө карааның.
Kарап турдум бактыбызды жолдогу,
Оор өңдөнөт кара сумкаң колдогу.
Турмуш кандай, сүйүү кандай деп,
Сенде да бар нечен санаа, толгонуу.

 

* * *

...Бир өмүрдө күткөн жалгыз тагдырды,
Жолуктурду кармап алтын балыкты.
Көз жаштарың мончок болуп төгүлүп.
Ошондо бир баркың билбей калыпмын.
Толкун урган аңтарылган кайыкмын.
Эми биздин чексиз махабаттар деп,
Чексиз терең сырлар мемен алыштым.

 

* * *

Дал ушундий жылдыздуу түн кечте мен,
Нечен ирет сен деп, сени эскерем.
Кечир мени, кошулбаган тагдырга,
Нелер болбойт алтын башты тепсеген.
Алтын башты кылыч болбойт чаппаган.
Дайра болбойт сырын ичке катпаган
Сүйүү сырдуу ылайдагы алтындай,
Сөз берметин курап акын даңтаган.

 

СЫРЛАРЫ АЧЫЛБАГАН СУРДУУ КЕЧТЕР

Кызыл от. Ак мөңгүдөн ашып барат,
Тоолорду, ай талааны муңкандырып.
Чыйрыгып турат айдың, кечки талаа,
Кемирген ооздугун тулпар тынып.

Көөдөй түн, койнундагы тиричилик,
Жашоонун кызыгына үмүт арбын.
Арбактар эркин жүрөт түшкө кирип,
Мүрзөлөр челегиндей аарылардын.

Күркүрөп коктудагы сайдын суусу,
Күтүрөп төө чайнаган тикенектер.
Короодо койдун сүрдүү бышкырыгы,
Үргөнү же болбосо жаалып иттер.

Кадамың - терең чуңкур аңга окшойт,
Буттарды жипсиз байлап ойду козгойт.
Тарыхта жексен болуп талкаланган,
Кыямат-кайымдардан элди жоктойт.

Ураган күмбөздөрдүн арасынан,
Энедей инген боздойт, буура боздойт.
Аралап салаалаган жылдыздарды,
Жер Эне кайдан учкан, кайдан токтойт?
Сырлары ачылбаган сүрдүү кечтер,
Чыйрыгат мендик окшойт, сендик окшойт.

 

ПОЭЗИЯ

Жан жолдошум, сүйүүм дагы ыр болуп
Куткардың сен канча азап кайгыдан.
Тагдырымдын түшкөн жолу кыр болуп,
Түнөк таптым поэзия айлынан.

Жуткан аба, поэзия ичкен суум,
Жашоомдогу жакшы өткөргөн өмүрүм.
Жер каратпай көтөрүлгөн ыйык туум,
Ырларымда - эң бир кымбат көңүлүм.

Сыйдан кетсем бирок ырдан кетпедим,
Кайгымды да, жашымды да аарчыды - ыр.
Оттой кылган бир акындын көздөрүн,
Поэзия мага келген бактыдыр!

Курч канжардай поэзия сырлары,
Бөксөртпөдү, сындырбады шагымды.
Менин жашоом, менин бактым бул дагы,
Ыр бар жерде жашоо кандай жагымдуу.

Жан жолдошум, сүйүүм дагы ыр болуп,
Көңүлүмдү чөктүрбөдүң, көтөрдүң.
Адамдарга ачылбаган сыр болуп,
Атыр жели мага согот көчөңдүң!

 

ТОЛКУН ЖИРЕЙ БЕРИШСИН

Кайгырыптыр деп айтпасын акын деп,
жаздым бир топ шайыр, шаңдуу ырларды.
Кыйналган оор күндү эми эскербейт,
адам деле болот экен ит жандуу.

Кыйналдым деп арыз, муңду айтканда,
капа болот жакшы адамдар жанымда.
Турмушка алар жаңы күлкү чачканда,
өрттү козгоп салгым келбейт жалынга.

Эч санаа жок, күлкү-шаттык чачылып,
жакшы адамдар жарык маанай төгүшсүн,
Жакшы ырлар жатыптыр деп жазылып,
кемеге окшоп толкун жирей беришсин.

 

ТЕҢИР ТОО ЖӨНҮНДӨГҮ ЫРЫМ

Сен аскасың, биз бүркүтпүз шаңшыган,
бир өзүңдөң көккө учканы талпынам.
Канат талса кайра өзүңө кономун,
ырымды да сага жазып калтырам.

Тазалык бар ак мөңгүдөй жүрөктө,
дастандар бар сага арналчу тилекте.
Баатырдык бар бир өзүңө шерденип,
кайра сага кайтып жаткан күрөштө.

 

* * *

Жолугуу бар биз турмуштан күтпөгөн,
Ыр шилтедим башын баштап бүтпөгөн.
Поэзия – казан болсо калдайган,
Мен түбүндө түпкүч болуп бүктөлөм...

 

АТА-ЖУРТКА ТААЗИМ

Жол тартканда Ата Журтка кайрылып,
Борошо уруп, бороон-чапкын сайбулут.

Асман «гүлдүр», алай-дүлөй чагылган,
Көк жаркылдап, көл нөшөрдү жамынган.

О, бул, менин бактыма окшоп төгүлгөн,
Мени күтүп сагынган бейм өмүрдөн.

Жаркылдаган чагылганга коштолуп,
Бир жарк этип жануу кыйын от болуп.

Ата Журтка «жарк» деп жарык чачкандай,
Нөшөр болсок, терең болсок асмандай.

Бороон болсок боройлогон талаада,
Сүйүү арнап салбай муңга, санаага.

Мөңгү болсок Ата-Журтка нур берген,
Чексиз кылым жашоо өткөргөн бул жерден.

Асман болсок кучак жайып караган.
Түн түгөлдөп жылдыздарын санаган.

Мекен үчүн мээрим төккөн бабалар,
Кубат болуп калкка сансыз кылымдар.

Ташкындаган дайра болсок алкынган,
Таң нур болсок жашоосуна жаркыган.

Ата Журтка арман болбой түбөлүк,
Таазим кылып Мекенди, элди сүйөлүк.

Ушул бакыт кызмат кылуу калкыңа,
Таазим кылуу Ата-Журттун шартына.

 

КӨЛ ЖАНА КАШКА-СУУ

Толкундун жыты тоолорду каптап аркырап,
Эриген мөңгү ээгинен суусу тамчылап.
Муздаган жылга койнунда жатат Кашка-Суу
Атылып таштан, кыпчылып ташка шаркырап.
Чыйрыгат үшүп, өзөн, тоо турат жаңырып,
Салаңдап турган аскалар сүрдүү багынып,
Жылаңач айды булуттар соруп, жытташып,
Жылдыздар көзү чок болуп күйөт балбылдап.
Айлуу түн ичи, азыр мен Кашка-Суу жээктеп,
Келемин көлгө чачылган оюм ирээттеп.
Касиет сенде караймын түнкү көл түбүн,
Үшүбөс чыйрак балалык – ысык өттү күн.
Бабалар мында жайлашкан жылдап, кылымдап,
Кулундай күлүк күндөрүм калган өспүрүм.
Кусалык бүгүн көөдөндү жара тепчүдөй,
Жылдыздай болуп чачылып дүйнөм кетчүдөй.
Көздөрүм өтүп, көл сени тартат карегим,
Бакытым тоодон балбылдап келет өксүбөй.
Сагындым көлүм, желиңди муздак, Кашка-Суум,
Жандүйнө нуру жабышат сени өпкүлөй!

 

ТУУЛГАН АЙЫЛ

Мединадан ыйык туулган айылым,
Арча-кайың, аяйм суунун балырын.
Өрттөй кызыл гүл каптаган тоолорго,
Мен тагдырдын байлап койгом жарымын.

Сен бар үчүн ыраазымын тагдырга,
Өзүң аскар сүйүүмө да, жакшы ырга.
Тулпар туйлап чаң ойноткон көчөлөр,
Өз айылым менин таалай-бактым да.

Арып-ачып түндө келсем капалуу,
Баладаймын аскар-зоодой аталуу.
Итчиликти кечиресиң сүйөсүң,
Жөнөтөсүң оңдоп-түздөп катаны.

Башка жерден аш жесем да, баш жесем,
Бир сен үчүн бардык дүйнө башка экен.
Бүркүт көктү самап турган сыңары,
Мен талпынып уча каччу аска экен.

Мөңгү этектеп Кара-Кече суулары,
Шарпылдаган Соң-Көлүмдүн куулары.
Така урулган төрт туягы тыбырап,
Күтсө керек атакемдин бууданы.

Солкулдаган жар боорунда ышкындар,
Кымыздыгың бүт сезимди туткундаар.
Капчыгайда карагатка киргенде,
Кайсалактап ташты кошо жуткуң бар.

Кырк шейит кыз Кыз-Коргондун керемет,
Алп тарыхтын жашы тамат себелеп.
Керек болсо мен кечирип калганда,
Көөдөнүмдө көңүл дартым көбөйөт.

Теңир тоолуу Баш-Кууганды айылым,
Алп толкунга көөдөн тоскон кайыгым.
Күн асмандан жарык чачып турганда,
Күндөй мага чачып турган жарыгым.
Менин туулган Баш-Кууганды айылым.

 

КЫШ

Ак кар басты жер бетин,
Короо, үй, тоо, аңызды.
Көк муз каптап көл четин,
Жээк көмкөрдү кайыкты.

Кар алдында гүл бүрү,
Жерге сүңгүп качууда.
Жаз чыкканда бир күнү,
Чанак жарып ачууга.

Кышкы жылуу үй – жородон,
Бакылдап эл тарабайт.
Үшүп чыкпай короодон,
Иттер гана абалайт.

Зыңылдаган аяздын,
Сыйкыры бар түгөнбөс.
Дөңдөн кулап топ балдар,
Ырдап күйөт темир меш.

Кулак-мурдун кызартып,
Балдар муз тээп жарышкан.
Бутактардын кырына,
Карлар жатып алышкан.

Чийнелерге чөп басып,
Атка чегип кар жирейм.
Тердегенде Буурул ат,
Каардуу бороон калды дейм.

Күркүрөгөн күбүргө,
Турат балдар кезекте.
Суудан келет челекти,
Артып алып эшекке.

Шатыраган күлүктүн,
Таноосуна муз тоңот.
Күрткү карлар үшүгөн,
Кыш жылаңач – натюрморт.

 

ГОМЕР

Жолуга албай жолун тосуп убайым,
Тарткан акын жолунда мен турамын.
Гомер өзү ташпы, адамбы ким билет,
Мен андыктан кандай арга кыламын.
Сокур дешет сойгон дастан терисин.
Ташта отуруп дастан жазган дегим ким?
Болгону таш сокур адам кейпинде.
Кудайларын даңктайт грек жеринин,
Сулуулук бар, сүйүү да бар, каргыш бар.
Жаралуу, өлүү, оту да бар жана ызгаар,
Уурдоо, тоноо, жалын учкан согуштар.
Жамандык бар, жакшылык бар, жеңиш бар,
Баласынын башын жуткан кудайлар.
Кылыч сүйрөп кеткен баатыр жолдор бар,
Ууну сунган укмуш сулуу колдор бар.
Асыл Мекен деп жүрөгүн арнаган,
Арман иште өлгөн каардуу баатырлар.
Маскарапоз мас күчүнө куусу анда,
Арам ташын катып алган коюнга.
Чокутушкан боорун итке, куштарга
Канын төккөн, жанын сайган кыздарга.
Жараткандын жанын катуу оорутуп,
Жалындаган айланышкан муз карга.
Крон өңдүү ач көз, канкор адам бар,
Каны бузук, дили бузук маскара.
Аны айтсаң арман айтуу чак келбейт,
Ааламда бүт акын даңкы бап келбейт.
«Иллиада», «Одиссея» көз болгон,
Бүт дүйнөнү көрүш үчүн төп бойдон.
Хиостогу ташка бул чын белгилүү,
Алп Гомердин акындыгы, эрдиги.
Ахиланын, Одиссейдин, Гектордун,
Менелайдын, Еленанын, Паристин,
Троянын он жыл күйгөн өрт күнү.
Жаркыраган тунук көз жок чырактай,
Чын турмушта жашап өткөн изи жок.
Сөөгү да жок, алтын башы, каты жок,
Сүйгөнү жок, катар жүргөн досу жок.
Гомер – кудай, балким, Гомер өзү жок.

 

ЭЛЕС

(Мыскал Өмүркановага)

Жаралып жакшы обон жаны менен,
Туптунук Жумгалымдын таңы деген.
Ырдаган шаңдуу ырың эске түштү,
Жаңырткан залдын ичин шаңы менен.

Жаш элем тарабаган кумар жакшы,
Артисттер биздин үйдө ырдап жатты.
Эт кайнап, арак ичип, той топурап,
Бир укмуш ыр дүйнөгө аралашты.

Коңшулар, элдер келип туш-тараптан,
Ыр угуп терезеден акмалашкан.
Эжеке! Мыскал эже!.. – деп кыйкырып,
Куданы сыйлагандай сыйлап жаткан.

Жаш элем бүгүн катуу өкүнөмүн,
Сизди аңдып мен тактага бекинемин.
Ошондо элестериң аз-аз калган,
«Мыскал» – деп көп шыбырап көкүрөктөн.

 

СУЛУУ ӨМҮР

(Таттыбүбү Турсунбаевага)

Күндө ырбатып жандүйнөнүн жарасын,
Ээндеттиң сулуу-өмүр арасын.
Таланттарды уурдай берсең сен ажал,
Саяктарга колго түшүп каласың.

Эжем барда гүлдөп кино, сахна,
Табияттын так өзүнө жарашып.
Таң каламын кең Жумгалдын кызына,
Адам тургай ажалдын да жаны ашык.

Мезгил чогуу калыстыкка келели,
Болуу керек ажыроонун ченеми.
Чексиз берип сулуулукту, талантты,
Колдон айрып алдың Татты эжемди.

Гүлгө жетпей, Күнгө жетпей самаган,
Калат тура кара жерде ар адам.
Бир өлүмдүн барлыгына ишенип,
Мен кайратты андан күчтүү кыла алам.

Тагдыр мага, балким, таалай бересиң,
А эжемди кандай кайрып келесиң.
Адам ата, Обо эненин балдары,
Күн алдында күчтүү ажалды жең өзүң.

2.22.2017

Арслан Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс ханы” (аудио)


Амирбек Азам уулу, "Азаттык", 18.02.2017-ж.

Мукай Элебаевдин күндөлүгүнөн. 76 жыл илгери жазылган ички сырлар

Жазуучу Мукай Элебаевдин 1940-жылдары жазган күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуз. Баса, күндөлүктүн тексти, үтүр, тамгалары өзгөртүлбөй берилди.

Элебаев өз күндөлүгүндө чыгармачылыгы, башка жазуучуларга болгон пикири жана күнүмдүк турмушу тууралуу жазган. Алардын айрымдарын назарыңыздарга сунуштайбыз.

Көп жамандан аз жакшы артык. 28/VII, 1941

Бирөөлөрдүн айыпталышы күнөөдөн эмес да, акталышы менен макталышы жазыксыздыгынан эмес. 28/VII, 1941

Адам кыйынчылыктан көрө электе гана коркот. 30/VII, 1941

…днын бир сотрудниги мени бир айдан бери кыйноого алып жүрөт. Кечөө көңлүмдү бузгандыгы ошончолук, таң аткыча бир көз ирмебей, кайнаган ачуу менен алышып чыктым. Акты каралап, караны актап жүргөндөр көп эмесби. 30/VII, 1941

Уйкусуздук, акмактардын жанды кашайтканы, жок жерден чыккан талаш-тартыш, күндөлүк сансыз забота, дагы толуп жаткан ушундайлар мени далай асыл чыгармалардан каңтарды. 30/VII, 1941

Бир колхозчу мага мындай дейт:

— Сталиндин сөзүн уккандан кийин журт ушундай бир толкуду дейсиз… Же өлүм, же өмүр, "Эгер тигилер алчу болсо, биз баягы кулдукка кайра барат турбайбызбы?". "Аскерге жаз" деп жүргөндөр мындан көп. Ай, анын сөздү келтирип жазган экен. Эл ошондой толкуган эместир… 1/VIII, 1941


Дагы бир колхозчу:

— Ушу мен көптөн бери күтөм — аскерге чакырбай койду. Бир жолу мынамуну чакырды эле, кинишкаңды мага бер десем болбой койду. 1/VIII, 1941

Совет өкмөтүнүн адылдыгына өлгөнчө ишенем. Ал, айрым кишилердин барына ишене бербеймин. (Кайра кээ бирөөнөн корком да) Анткени мени далайлардын ичинен бөйдөсүнөн өлтүрүп коё тургандар да бар. 1/VIII, 1941

Согуш башталгандан бери жумуштан көңүлүм тынып отурган бир минута да болгон жок. 9/VIII, 41

Түгөлбай — барып турган кошоматчыл, арамзаа. 9/VIII, 41

Катасы болбогон кишиде акыл, ой да болбойт. 16/VIII, 41

Эгер мен кайнаган ысык, кумдуу чөл, кыртышсыз жерди көрбөсөм Ысык-Көлдүн баркын билбес элем. Бирок менин өмүрүмдүн көбү Ысык-Көлдөн бөтөн жерде өттү. 16/VIII, 41

Айыптуу, сөз кыла турган, күлө турган өздөрү туруп, өзгөлөрдү айыптап, сөккөндөр, күлгөндөр көп. 31/VIII, 1941

Аялдын жакшы жаманын барыдан мурун үй тутушу менен балдарынын тарбиясынан баамдаш керек. Жаман катындардын үйү бозокордукундай тартипсиз божурап жатат да, балдары сууга сийген тентек болот. Жакшыда бул экөөнүн бири да болбойт. 4/IX 1941

Бүгүн военный занятыяга Жоомарт мас болуп келди. Тантыды. 4/IX 1941

Кыргызстанда Адабият майданы түгүл, теги жер үстүнө залалдан бөлөгү жок жазуучуларды шыпырып айда деген укук мага берчү болсо бир чоң списка түзөр элем! Өкмөткө, жер үстүнө залалдан өзгөсү жок жазуучуларга!.. Амал жок, бизде кайта ошондойлордун чыгармалары биринчи баа менен көтөрүңкү коюлуп, акчаны чеңгелдеп алдыңкы даражада жүрөт. 9/IX, 41

Ичимдиктин эч нерсеге теңебей турган бир "касиети": жөнөкөйдө жылдап, айлап жетпей турган кишилер менен заматта тааныштырат. 12/IX 1941

Биздин кишилер ким ичинде жок болсо ошону жамандайт. 12/IX 1941

Союзда отурабыз.
— Сен өлүп көрсөңчү, мен бир жазып көрөйүн, кандай чыгар экен?— деди мага Токомбаев А.

Ириген ооздон чириген сөз, деп ойлодум да:
— Тирүүнү жазып бүтүп, кыйрата элегиң өлгөн кишилер калдыбы? Бул эмне деген дөөрүгөн кебиң?— дедим. 16/IX 1941

Аалы өзү жактырган бир ырын бүгүн барлык басмага, радиого таратты. Аты: Пионер Мурат кантип баатыр болду. Ырды баштап окуган эле жерден "көркөм образдар" учурайт":

Сымаптай суусу туйлаган,Район аты Ленин,Селсоветим Алтынсай,Колхоздун аты Калинин.

Кыргыздын орто мектебиНомери анын он сегизКеле берет катыңызАсанов Мурат десеңиз…

Эң соңку, 1941-жыл, сентябрь айында, адабиятка жедеп "даанышман" болгон кезде жазып отурганы ушул! Эгер ушундай ырлар меники болсо күн көрсөтпөс эле. 16/IX 1941

Көркөм сөздүн күчү мысльда гана. 18/IX 1941

Жолдошко жагыш үчүн дүйнөң болуш керек эмес, жигит болуш керек. 2/X 1941

Тагдырды качан эле болсо чындык менен адилеттик чече бербейт. Кайта көп убактарда куулар менен митаамдар өтүп кетет. 2/X 1941

Мен жар деген нерсени журттан кем сүйбөймүн. Бирок, канчалык сүйгөн жарың болбосун, жигиттин кадырына чыга турган жигит гана. Ошентсе да бул сөз барлык заманга бирдей тийиш болбосу мүмкүн. 2/X 1941

"Корол Лирдин котормосун күйбөс ящикке салалы, бер деп сурап жатат" дейт Эшмамбетов. Менин ичимден күлкүм келди 9/X 1941

Бизде бир жаралып калган адамзаттар бар. Атак-наамга, мамлекет чөнтөгүнөн бекер тойлоого калганда жанга жеткирбейт да, оорурак мейнетке жадаса жумурай журт моюндап отурган жалпы кыйынчылыкка, милдетке келгенде тырмак учун тийгизгиси келбейт. Ушундайлардын элге берилген, адал кызматкер болушунан көрө, анык душмандын өзү болуп бериши журтка жүз эсе пайдалуу болор эле. 11/X 1941


Чоочун ишке даанышман да караңгы. 11/X 1941

Жүз жол уккан нерседен бир жол өзүң көргөн артык. Жүз жол уккан нерседен бир жол өзүң көргөн ишенимдүү. 13/X 1941

Турмуштун күчтүүлүгү шончолук нечен бир кайран жигиттер кор болот. Ушунда качып келген бир украйындык жигит үй таппай кор болуп жүрөт. Аттиң, дүнйө колумдан келсе… 13/X 1941

Кишиден турмуш акылдуу 15/X 1941

Сөгө турган өздөрү турса жазыксыз өзгөнү сөгүүдөн кайгылуу нерсе жок. 15/X 1941

Киши деген бирөө менен аңгемелешкенде кумардан чыгарып, үлгү көрсөтүп, акыл-азат берер эле. Биздин акмак халтуршиктердин ченине барганда менин бүткөн боюм дүркүрөп, чочуркап турат. Булар менен учурашканда кандай "асыл" кеп чыгары мага күн мурун белгилүү: жапайы мамиле, наадан тил, арсыз акыл, түккө тургус балалык пикир. Аягында, киши менен сүйлөшкөндөй болбой каның кайнап, жаның кашайып, көңүлүң бузулуп, ошолордун ичине жолукканга өкүнүп чыгасың. Муну бир эмес миң ирет тажрийпадан кечирдик. 15/X 1941

Бизде ким атактуу болсо ошол халтурщик. (Мындайча айтканда халтурщиктер атактуу). 15/X 1941

Адам баласынын канчалык акыл-эси, кубаты текке чыгым болот! Ошонун барын оорду менен сарпкылса адамга дагы жарым өмүр кошулар эле. 15/X 1941

Мен ушу күнгө чейин жазуучу эмес, адабияттын тегерегинде жан багып жүргөн, искусствонун көлөкөсүнө келбеген кишилерди жазуучу деп атаандашып, ачуум келип, кур арам тер болуп жүрүпмүн. Бирок, ошолор өзүн да чын маанисинде жазуучумун деп келишти. Али да ошондой. Муну мен бүгүн түшүндүм. 15/X 1941

Мен аял жагынан өзүмдү кармай албаймын. Мындан бөлөк өмүрдүн кай жагына болсо чыдаймын. (Артыкча жокчулукка). 15/X 1941

Алар менин "гениальный" чыгармаларыма көзү жетип турса да жакшылык жагын бир оозангысы келбейт. Башкалар бирдемени будалай салса, ошол сагат журтка жар салып, айтарга сөз таппай аптыгып калышат. Мындан өткөн кыянат болбос! 17/X 1941

Бу күндө бирөөнү бирөөлөр мактайбы, боктойбу — мага бары бир айырмасы жок. Анткени бизде калыстык, адилеттик, көркөм чыгарманы туура талдаган чындыктын өзү жок. Адабиятты сүйгөн, түшүнгөн адамдар жок. Көбү күн тийген жердин чоросу. Жазуучунун атын сатып, арзан күн көрүп жүргөн жан бактылар. 18/X 1941

Согуш башталганына төрт ай. Тарых билбеген, адам айткыс окуя… Ушул заманда коомго кол кабыш кылбаган, жүрөгү сокпогон, ачынбаган, кенебеген жазуучулардыкы журт алдында кечилбей турган улуу кылмыш! Бетине сүрткөн кара көө. Бизде мындай адамдар барбы? Көп! 18/X 1941

Шаардан тойгонум ошончолук, кыштакка бир орноп алсам, экинчи өмүрүмдө кайра келбес элем. 21/X 1941

Түгөлбай, Аалылардын "жазуучу" болуп жүргөндүгү биздин адабиятчылар коомунун караңгылыгын, кала берсе искусство деген нерсени кордогондук, кыянаттык, мейли деп карагандыкты далилдейт. 23/X 1941

Бая күнү Токомбаев докладында журналдардан мисал алып, бир тобубузга сынтагып кеткен. Так ошол номурлардагы өзүнүн "чыгармаларын" бүгүн окуп отуруп мен жанымдан түңүлдүм.

…Не керек, жазуучулардын жоругуна менин ичим казанактай болду. Ошондо да кесибимден алагды болбоюн деп, бу күнгө чейин тиштенип чыдап келдим. 24/X 1941

Эркек асылы ар жерден, аял асылы элден (айылдан) табылат. 29/X 1941

Илгери Хорковдо адам өмүрүн узарта турган бир окумуштуу бар экен. Күндөрдүн биринде буга бир жаш жигит келет. Анда окумуштуу киши туруп:

— Сен абдан убагында келдиң. Жашың улгайып кеткен кезде келгениңде кечикмексиз. Жакшы болду. Эми буга киришүүнү алдында сенден бир аз сөз сурайын, — дейт экен.— Сураңыз, — дейт жигит.

— Бопороз тартасыңбы?— Жок.

— Жакшылык кыласыңбы?— Жок.

— Ичимдик ичесиңби?— Жок.

Ойлонуп туруп-туруп:

— Анда өмүр сүрүп эмне кереги бар?— дейт берки киши. Бу жерге күрөш менен эмгекти кошсо болмок. 4/X 1941

Арактан дүнйө мастыгы жаман. 5/XI 1941

Буту-колу майып бир кайырчыны көрүп, боорум ачып, иштеп отурган ишим көңүлүмдөн чыгып кетти. 7/XI 1941

"4 айдын ичиндеги согуштун жүрүшү" ("К.К." газетасы). "4 ай ичиндеги согуштун жүрүшү" десек, ыкчам айтылгандан башка, кыйшайып, кемип кала турганы жок. 10/XI 1941

Бирөөнүн сага кылган мамилесинен эмес, өзүнүн адат, мүнөзүнөн алып чечиш керек. 11/XI 1941

Биздин белсендүүлөр ЦКга, жогорку жайларга барса, өзгөлөр эмес, өз максаттары үчүн барып, өңгөнү жамандап, "материял" берип кайтат. 11/XI 1941

Басмадан ушунча болуп техника жагынан көңүлгө толгондой болуп бир да китебим чыгып көргөн эмес. Артыкча "Салам кат" купулга толбой калды. Мунун кээ бирин техника жагын өзүм ошондой жиберип коюп, соңунан өкүнүп калдым. "Карындашка" деген ыр мындай басылуу керек:

Эчтемеден жалтанба да кайгырба.Мына заман,Биз жасаган, бет алган.Кайтпаган кайран абаң.

Нечен жолуКүчтүү колуЖоо сайып багындырган… (Калган бары ушундай болуп басылыш керек).

***

Жакшы чыгарма деген – окугандан тойбоо деген сөз. (Улуу, жакшы кишилердин өзгөдөн чоң айырмасы – алардын чыгармасын окугандан киши тойбойт. Сан ирет кайталап окуйт. 21/XII 1941

Көп адамдар жарды кезинде жакшы жазып, короосуна биртике "мал" бүтө баштагандан кийин семирип сала берет да жазганы жаман болуп чыгат — ал эмнеси? 19/XI 1941

Бизде моюн күчкө сала турган жерде Жоомарт кыйын, айтыша турган жерде Кубанычбектен өтөрүбүз жок. Урусунда бул чындыгы бар сөз. Жеке бул эки киши эмес, бизде кай-кайсысы болбосун, бирөөгө акысын жедирбейт да, теңдигин жибербейт. Бирок ошол күчтү, ошол сөздү, ошол акыл айланы, жанталашты, намызды көркөм чыгармага салганың барбы? 19/XI 1941

Белгилүү жазуучунун күндөлүгү менен Илимдер академиясынын сайтынан таанышсаңыз болот. Ал күндөлүгүн кириллица, латын жана араб арибдери менен жазган.

Бул кол жазмалар фонду Кыргызстандын ачык билим булактарын өнүктүрүү программасынын алкагында Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунун демилгеси менен түзүлүп, "Биздин Мурас" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.

Расул Үсөналиев, “Sputnik-Кыргызстан”, 28.01-04.02.2017-ж.,
© flickr.com / Nicola Sap De Mitri