2.15.2015

Алыкулдун ырлары



ОТУЗ ЖАШ

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!



ЭСКЕРМЕ

Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.

Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.



АТА ЖУРТ

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!



БАР БОЛГУЛА

Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.



КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы.
Алыс сапар кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып «кош» дегенди угузбай,
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел» деп Ата Мекен чакырса,
«Аманбыдан» «кош» деп айткан сөз жакшыю


Алыкул Осмоновдун башка ырларын бул жерден окуй аласыздар.


1 комментарий:

  1. Кыргыз Маданият Борбору: Алыкулдун Ырлары >>>>> Download Now

    >>>>> Download Full

    Кыргыз Маданият Борбору: Алыкулдун Ырлары >>>>> Download LINK

    >>>>> Download Now

    Кыргыз Маданият Борбору: Алыкулдун Ырлары >>>>> Download Full

    >>>>> Download LINK

    ОтветитьУдалить