12.09.2014

Жусуп Баласагын



Дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири. Ал изилдөөлөргө караганда, 1018-жылы азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде — өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагында туулган.

Жусуп Баласагын өзүнүн «Кут билим» («Кутадгу билиг») аттуу 13000 саптан турган чыгармасын эски түрк тилинде, 1069—1070-жылдары 18 айдын ичинде жазган. Бул дастан акылмандыкка жол көрсөтөт, адамды, табиятты сыйлоого чакырат. Жусуп Баласагын бул эмгегинде адеп-ахлактын ар бир үлгүсүн, таасирин, коомдук түзүлуштүн мыйзамын, тартип эрежелерин, ал тургай адам өз боюн кантип алып жүрушу керек экендигине чейин баяндап айткан.

Биздин ата-бабаларыбыз дал ушундай куттуу, касиеттуу сөздөрдөн тарбияланып, таалим алган. Ал таалим муундан-муунга уланып биздин күнгө жеткен. Даңктуу дастандын кириш бөлүмүндө ал Баласагын шаарында туулгандыгы, дастанын Кашкарда жазып бүтүрүп, Табгач ханга (Кашгар ханы) тартуулагандыгы, ушул эмгеги үчүн «хасхажит» деген наамга ээ болгондугу айтылган.



Жусуп Баласагын жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны

Жусуп Баласагын менен Баласагын шаары тууралуу

Жусуп Баласагын жана анын «Кутадгу Билиг» дастанынын идеялык-көркөмдүк, индивидуалдык өзгөчөлүктөрү


Ырлар

Теги мыкты адамдарга кандай
мамиле кылуу керектиги айтылат:


Ичинде бекке кызмат кылгандардын,
Жандар бар, сыймык ага таанышканың.
Жакындар бар ичинде пайгамбарга,
Кадырлаган аларды бактылуу да.
Аларды чын көңүлдөн кадырлагын,
Жөнөткөн белек-бечкек, олжо дагын.
Алар жакын пайгамбар үммөтүнө,
Урматта кудай үчүн болбойт күнөө.
Сыйлагын, түпкү тегин сураштырба,
Жаман сөздү айтса да каршы турба!

12.07.2014

Жолочу Рысбаев



Акын. Сатирик. Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.

1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.

1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жолочу Рысбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жолочу Рысбаев: «Эркектердин сүйлөшкөнү — токол алуу»


Ырлар

КАР

Апамдын элегиндей,
Ун элеген.
Аппак кар түшүп жатат себелеген.
Сулуунун жоолугундай үлпүлдөгү ай!
Суктанып карап турам тереземен.

Элди билбейм,
Менде мындай түшүнүк.
Ак булуттар үстүбүзгө үзүлүп.
Калкыбызга жаткандай,
Калпактардын кийиздерин түшүрүп.
Тоо да таза,
Ой да таза бу күнү.
Бантик байлап,
Бак-дарактар үкүлүү.
Аттаттырбай эшик алдын толтурду.
Асманыңдын бизге берген түшүмү.

Эргитип көңүлдү,
Эч жерде жок каралык.
Тумшугуң да сүйүнөт,
Тумчукпастан тазарып,
Балдарга окшоп кетет ушу мүнөзү,
Бараткандай сүйүнчүлөп кат алып.

Кызга уйкаш,
Кыш деп атын атаптыр.
Жаап атса аппак кар,
Жакшылыкка башаттыр.
Калсак экен,
Калсак экен,
Кар сыяктуу ак бойдон,
Кара бойдон калган күндөр азаптыр.