9.25.2014

АЛАЧЫК


«Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги»
(макал).
Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. 

КАЛЧОРО КӨКҮЛОВ


Калчоро Көкүлов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Ленин районунун (азыркы Ноокен) Сакалды айылында 1953-жылы 26-февралда туулган.
1970-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, Нарын гидроэнергокурулуш мекемесинде иштеген. 1971–1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, 1970-жылдан ырлары Токтогул райондук «Учкун» гезитине жарыялаган..
1977-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келет.
Алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.
1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ырлар

* * *
Бул дүйнө бир нерсени өңүп турат,
Бул дүйнө бирден-бирди бөлүп турат.
Бир күнү чалкып жаткан мухит болуп,
Бир күнү тамчы суу жок, өлүк турат.
Бирөө бар миң жүйөөгө жеңилбеген,
Бирөө бар миңди жесе семирбеген.
Бирөөнүн бир курсагы тойбой жүрсө,
Бирөөлөр шыбагалаш теңир менен.
Акыры мезгил деген сураары чын,
Акырын «не кылдың» деп тураары чын.
Бирөөлөр, төрт муунуна байлык жыйды,
А менин төрт сап ырым кубанычым.
Атайын амал көрүп кесибимди,
Аларга арта албаймын кесиримди.
Ааламдын ак карасы эгиз бүткөн,
Адамбыз анча-мынча иш кечиримдүү.
Мен деле арык толуп агып турдум,
Мен деле канат күүлөп, кагып турдум.
Пейилиме күүгүм түшүп кетпесин деп,
Пенделик ыйманымды жагып турдум.
Бирөөлөр султан болду, чилтен болду,
Бирөөлөр пайгамбарга бир тең болду.
Энчиме буйрубаптыр андай оомат,
Эсен соо эл ичинде жүрсөм болду!
Бул дүйнө бирде коолап, өнүп турат.
Бул дүйнө бир табылып, төнүп турат.
Бир кезек калдыркандай катып калып,
Бир кезек нөшөр болуп, төгүп турат!

9.17.2014

Замир Эралиев: Cүймөнкул Чокморов адамдын асылы эле


Союз учурунда дөө-шаа актерлор менен иштешип калган белгилүү режиссер Замир Эралиев менен белгилүү адамдардын кызыктуу тагдырлары тууралуу маек куруп келебиз. Бүгүн кыргыздын дагы бир залкары Сүймөнкул Чокморов тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Сγймѳнкул менен алгачкы жолугушуу

1970-жылдар эле мен Москвадан жаңы кайтып келгем. Ошол учурда «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильми тартылып жаткан учур экен. Бул фильмге менин жеңем Гүлсүн Мамашева да роль жараткан. Тайкем Бообек Ибраев фильмдин режиссеру Болот Шамшиев менен тааныштырды. Ал мени жардамчы катары дароо эле 2-3 күндөн кийин жумушка алды. Сүймөнкул байке менен алгач ошондо тааныштым. Менин таңгалганым: байке мени өмүр бою таанып жүргөн адамындай кабыл алып, жанына алып алды. Съемка 8-9 айга созулду. Биз алты ай «Жууку» деген жайлоодо чогуу бир үйдө жашадык. Съемка болбогон бош күндөрүн Сүймөнкул байке табигаттын кучагында сүрөт тартуу менен өткөрчү. Бир күнү «Жаш режиссер» деп менин да портретимди тартты. Ошондо качандыр бир сиз тууралуу фильм тартам десем ишенбегендей күлүмсүрөгөн. Тагдыр экен. Арадан 16 жыл өткөндөн кийин 1986-жылы «Сүймөнкул Чокморов» деген документалдуу фильм тарттым. Ал 50 минуталык фильмди тартуу, баш-аягы бир жылдай убакытка созулду. Мунун баарына кайран кыргыздын чыгаанынын айыкпас дартка кабылып калганы себепкер эле.

Тургуналы: «Атам Жусуп Мамай суткалап Манас айткан»


Тургуналы кадимки эле Кытайдагы алп манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү. Жусуптан Абдыкасы, Абдыкасыдан Турсуналы, Турсуналынын уулу болуп калат. Бишкекте билим алып, атасынын манасын жана Кытай жергесиндеги кыргыздардын бийин өркүндөтүп аткан кези.
-Тургуналы, бизде «Жусуп Мамайдын чөбөрөсү экен» десе эле салттуу суроо туулат, «алп манасчынын урпагы болуп аткандан кийин бу да Манас айтат бекен?» деген, бу жагын өзүң тыңдасаң?
-Кат таанып, 7 жашка чыкканда биз жакта Кара-Булак деген жерде чоң маареке болду. Ошондо Жусуп атам эл алдына алып чыгып манас айттырган. Биринчи жолу болуп аткандан кийин бир аз айтып келип чалкаман кеттим, ыйлап. Өзүм деле билбейм, эмнеге ыйлаганымды, эмнеге чалкаман кеткенимди. Мүмкүн элдин сүрүдүр же эреркедим бекен?.. Кийин мектепте билим ала баштаганда кыйла-кыйла такшалдым. 13 жашка келгенде сахнада атамдын вариантынан чоң-чоң үзүндүлөрдү айтып чыктым. Андан бери Манас оозуман түшө элек.

«Ак булутка» айланган Асанкалый


Кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаевдин жүрөктү дирилдеткен обондорун сөз менен жеткирип айтып берүүгө мүмкүн эместей. Анын ыргактарында бирде жээкке урунууга келаткан деңиз толкуну элестесе, бирде өзүнө татыктуу аруу дүйнөнү издеп, кайдадыр учуп бараткан ак булут элестейт.
Быйыл анын акын Омор Султановдун сөзүнө жазган “Ак булуттар” деген ыры ырдалып келатканына кырк жылдан ашыптыр.

9.13.2014

Тарыхтан чыккан табылга!

Адам баласы бул дүйнөдөгү маалыматтын 80 пайызын көз менен алат экен. Тилекке каршы, кыргыз эли өз тарыхына, өз тагдырына, өз келечегине башканын эмес, өзүнүн көзү менен караган учурлар чанда эле кездешет. Айрыкча өлкөбүз өз алдынча жолго түшкөндөн бери кыргызды кимиси каякка гана сүйрөгөн жок? Тарыхчыларыбыздын айрымдары “40 кыздан тараган экенбиз” деп араб илимпоздорунун атайын жазып кеткен идеологиясын кадимкидей актаса – балдарыбыз боз үйдөн чыккан көчмөндөр терс каарманга айланып, орустун жалгыз баатырынан боо түшүп кырылган мультфильмдерди көрүп чоңоюуда. Улут кызыкчылыгынан дин догмасын жогору койгондор өлкөнүн кызыл туусун жерип, кара туунун алдында кимди болбосун курман кылууга даяр турса – дагы бир жагынан ашынган либералдардын түрткүсү менен “жан элим, ишенем сага, жан жерим, ишенем сага” деп, жөнөкөй эле сөздүн төркүнүн түшүнбөгөн массалык маданияттын кокуйлары далай жаштардын аң-сезимин ээлеп калды.

Кыргыздардын IX-X кк. тарых булактарында чагылдырылышы


Бул макала Бишкек шаарында өткөн Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.
Араб адабиятындагы байыркы кыргыз уруулары жөнүндөгү эң алгачкы эскертүүлөрдү биз географ Ибн Хордадбехтен (IХ к.) кездештиребиз, анда алар тууралуу тогуз-гуздардын кошуналарын санап жатканда, болгондо да «хырхыздардын жанында түргөштөр, азкиштер, кыпчактар да айтылат».
Ал-Истахри боюнча («Китаб масалик ал-мамалик») кыргыздар «тогуз-гуздардын, кимактардын, хазлажилердин океандары менен жерлеринин аралыгында» жашаган. Анын эле башка жеринен биз Итил (сыягы Иртыш) дарыясы «мага маалим болгондой хырхыздардан (жеринен) агып баштайт» деген сөздү кезиктиребиз. Фарсы котормосуна ылайык «Ал эми Итил дарыясы кыргыз чектеринен агып чыгып, андан ары булгарларга жетип, буртастар ченде деңизге куят» деп айтылат.

Оң тескери таасирлерге жыш заманда жашап атабыз





Эл башчыларынан баштап ар бирибиз ойлоно турган маселе көп. Бай тарыхыбыз, байыркылыгыбыз, салттуу, тектүү, сөз кадырын туу туткан элдик нарк дөөлөттөр, кыргыз элдик түбү түптүү баалуулуктар гана өз нугубузда өнүгүүбүзгө өзөк болуп, азыркы атайылап жасалып аткан айла – амал азгырык таасирлерге турмуштук берүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
“Мыйзам менен башкарылса эл сестенчээк болот, салт менен башкарылса ыймандуулук калыптанат” (Конфуций). Мыйзам жана мыйзамдуулук канчалык зарыл болсо, салт жана салттуулук да ошончолук зарыл.