2.26.2015

Насыпбек Асанбаев. «Атанын куру»



(жомок)

Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда бир кишинин үч уулу болгон экен. Үч уул эрезеге жетип, аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбой турган убагы келиптир. Албетте, бул убакта алардын атасы да карып үй-бүлөсүн бага албай калат. Ошондо ал үч баласын маңдайына отургузуп алып мындай кеңеш берет.
— Ээ балдарым, мен мурункудай алдуу-күчтүү болгонумда силерди башым менен жер казсам да багат элем. Бирок, минтип алым кетип, төрүмөн көрүм жакын болуп отурам. Апаң экөөбүздө мындан нары силерди тойгузгудай дарман жок. Андан көрө үчөөң үч жакка барып өнөр үйрөнүп келгиле.

Балдары атасынын айтканын туура көрүп жолго камына башташты. Кемпир байкуш үкөктө калган талканын кагып, балдарына азык камдады. Абышка болсо колундагы мал-мүлкүн үч баласына бөлүп берди. Улуу баласы дароо эле короодогу жалгыз эчкини алам деди. Ортоңкусу болсо бакчада турган эки казды кармап, кабына тыкты. Ошону менен абышка-кемпирдин байлыгы түгөндү. Кичүү уулу ак көңүл, боорукер бала болгондуктан ата-энесин кыйнагысы келбей эки жагын каранды. Анан жүктүн кырында илинип турган атасынын эски, кайыш курун көрүп ошону колуна алды.

— Атаке, апаке, мобу курду мага бергиле. Бул силердин мага берген белегиңиздер болсун, – деди.

Абышка-кемпир айла жок ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп үч уулун сапарга чыгарды. Жолдо келетканда эки агасы кичүүсүн шылдыңга алып, какшыктай башташты.

— И, кана иничек, сен бул курду канчага сатасың? Же хандын кызына белек кыласыңбы? – деди улуусу.

— Жоок, сен муну эч кимге көргөзбө. Бул ааламда куну жок кур. Бирөө көрсө башыңды кесип кетет, – деп каткырып күлдү ортоңкусу. Кенже уул болсо аларга эч нерсе деп жооп кайтарган жок. «Кудай берем десе эчкилүүгө да берет, эски курлууга да берет» деп ойлонду ал ичинен.

Көп өтпөй үчөө чаканыраак шаарга келишти. Ал жерден улуусу эчкисин сатып базарда отурган кумарчыларга кошулду. Ортончусу болсо эки казын сатып ашканага кирди. Кичүүсү аларды канча айтса да угушкан жок. Укмак тургай алар ачууланып кубалап жиберишти. Айла жок кичүүсү андан нары жалгыз жолун улады.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, айтор бир күнү ал жол боюнда төө кармап отурган кишиге туш келди. «Мындай ээн талаада бул киши эмне отурат? Же жолунан адашып калганбы?» деп таң калды бала.

— Ассалоому алейкум! Бул жерге эмне болуп отуруп калдыңыз? – деп сурады ал.

— Алекум салам иничек. Эмнеге отурат дейсиң? Жүк арткан жибим үзүлүп, каптарымдын баары ооп калды. Эми буларды таштап кете албай ушул жерде отурам.

Бала тигинин жибин алып караса кичине эле жетпей туруптур. Дароо атасынын курун алды да жипке улай салып экөөлөп каптарды төөгө артышты. Андан кийин жолдо төөнү алмак-салмак минип бир шаарга чейин барышты. Көрсө, ал киши кийим тиккен тикмечи экен. Бала аны менен бат эле тил табышып, андан тикмечиликти үйрөнмөй болду.

Ошону менен арадан айлар өттү. Ар нерсеге зээндүү, элпек бала бат эле кыйын тикмечи болуп чыга келди. Колуна тийген кездемеден түрдүү кийимдерди тиге калганды аябай жакшы үйрөндү. Акыры ишти толук үйрөнгөнүнө көзү жеткенде устаты менен кош айтышып сапарын андан нары улады.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү белгисиз, бир күнү бала токтоп турган арабага туш келди. Арабанын жанында бир киши ат кармап туруптур. «Бул киши эмнеге мында турат? Же бирөөнү күтүп атабы?» деп ойлоду бала. Кишиге жакындай бергенде:

— Ассалоому алейкум абаке! Бул жерде кимди күтүп атасыз? – деп сурады.

— Алекум салам, иничек! Кимди күтөт элем. Араба менен отун тартып келетсам тизгиним үзүлүп калды. Эми ал жок же атты башкара албай, же арабамды калтырып кете албай ушул жерде турам, – деди тигил.

Бала жакшылап караса тизгинди улаганга көп деле кайыштын кереги жок экен. Дароо атасынын курун алып чыгып, тизгинди улай салды. Ошону менен арабачан киши экөө андан нары чогуу жол улашты. Жолдо катар аркы-беркини сүйлөшүп отуруп бат эле ынак болушту. Көрсө бул киши токойдон жыгач алып келип, андан ар түрдүү буюмдарды жасаган жыгач уста экен. Баланын өнөр үйрөнгөнү чыкканын угуп, устачылыкты үйрөтмөй болду.

Ошону менен арадан айлар өттү. Акылдуу бала бат эле устачылык өнөрүн үйрөнүп, чыгаан уста болуп чыга келди. Колуна тийген жыгачтан түрдүү оокаттарды жасаган ага кеп болбой калды. Качан бул кесипти жакшылап үйрөндүм деген күнү устадан уруксат алып андан нары жолун улады.

Аз жүрдүбү көп жүрдүбү айтор бир күнү ал жол жээгинде отурган бир абышкага жолукту. Ал бир ташка отуруп алып кайгырып отуруптур. «Бул кишиге эмне болгон? Же бирдемесин жоготконбу?» деп ойлоду бала.

— Ассаламу алейкум, атаке! Бул жерде эмне отурдуңуз? – деп сурады ал жакындай келгенде.

— Алейкум салам, балам! Кайсы бирин айтайын деги. Алдан-күчтөн тайдырып какшаткан карылыкты айтайынбы, же алты жылда бир табылчу дарыны айтайынбы? – деп кейиди абышка. Анан кебин минтип улады. – Тээ тиги жардын кырында турган көк талкан деген табылбас дары. Бул жалганда ал дарыдан айыкпай турган оору жок. Ошол дарыны көрүп алып же жетип ала албай, же таштап кете албай отурам, балам.

Бала абышка айткан дарыны карап желкесин кашып бир саам ойлонду да атасынын курун алып улам бир ташка байлап көтөрүлүп отуруп көк талканга жетип, алып түштү. Ошондогу абышканын кубанганын айт. Так секирип бийлегидей болсо аскада чуркаган тоо эчкилер жолдо калгыдай. Көрсө ал тамыр кармап кеселди таап, чөптөн дары жасап элди айыктырган дарыгер экен. Экөө бат эле тил табышып ынак болуп кетишти. Ошону менен ал абышкадан дарыгерликти үйрөнмөй болду.

Арадан күндөр өтүп, айлар алмашты. Табыпчылыкты үйрөнүп баштаганына толук бир жыл болот дегенде бала дасыккан дарыгер болуп чыга келди. Анан абышкадан уруксат сурап андан нары жолун улады.

Ошону менен аз жүрдүбү, көп жүрдүбү белгисиз, бир күнү бала чоң шаарга жетип келди. Келсе шаар эли бүтүндөй кара кийинип, кайгыга батып туруптур. Кабагын ачып күлгөн бир жан жок. Элдин баары түнөрүп алда немеге аза күтүп тургандай. Бул көрүнүшкө таң калган бала алдынан чыккан кишиден иштин жайын сурады.

— Абаке, эмне мынча кайгыга батып, кара жамынып алгансыңар? – деди ал.

— Ээ, балам, сен сураба мен айтпайын! Бул биздин хандын буйругу, – деп жооп кайтарды тигил киши. Өз элин мынча кайгыга салган хандын кылыгын түшүнбөй ого бетер такыды. Ошондо жергиликтүү адам ага минтип жооп кайтарды:

— Биздин хандын ай десе аркы жок, күн десе көркү жок айдай сулуу кызы бар. Ошол кызы бир жылдан бери төшөктөн тура албай ооруп жатат. Падышабыз аны айыктырып алыш үчүн канча аракет кылса да болбоду. Акыры ал бардык элди кара кийип, аза күтүүгө жарлык чыгарды. Эгер кызы ушул бойдон айыкпай турган болсо шаардагы кыз аттуунун баарын дарга астырам дейт. Ал эми кимде-ким кызын сактап калса, анда ага кызы менен жарым байлыгымды берем деп жатат.

Бала аны укту да түз эле хандын алдына барды. Алгач падыша анын кебетесин көрүп ишене алган жок.

— Бул жерге неченденген олуялар, чачын ак баскан улукмандар келип эч нерсе кыла албай кетти. А сен болсо ээгиңе бир тал түк чыга элек жапжаш бала экенсиң. Менин каарыма кабыла электе кетип кал, -деди ал. Бирок бала андан коркуп калган жок. «Устатым берген көк талкан турганда бул дүйнөдө айыкпай турган кесел жок» деп өзүнө ишенди. Акыры падыша аны кызына киргизип, дарылоого уруксат берди. Арадан көп деле өткөн жок. Хандын желдеттери алка-шалка түшүп жарыша чуркап келип кыздын айыкканы тууралуу ханга сүйүнчү айтышты. Бечера хан уккан кулагына ишенбей чуркаган бойдон кызына барса чын эле канчадан бери эс-учунан танып жаткан кызы куландан соо болуп ойгонуп отуруптур.

Падыша кызынын айыкканына кубанып бүткүл казынасын ачтырып отуз күн, отуз түн тынымсыз той берди. Бүтүндөй шаарды каптап турган кайгынын илеби тарап, кадимкидей шаңга бөлөндү. Бирок, падыша мурунку берген убадасын унутуп, эч нерсеси жок кедей балага кызын бергиси келбей кыйыла баштады. Акыры ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп бир шылтоо тапты.

— Мен болгон амал-айламды колдонуп кызымды өлүмдөн сактап калдым. Бирок, аны өзү жактырбаган бирөөгө берип, кайрадан азап тартышын каалабайм. Эгер кызымдын көңүлүн таба алсаң алып кет. Эгер таба албасаң жарым байлыгымды берем, бирок кызымды бербейм, – деди хан.

Бала хандын убадасынан кайтып, бербестин амалын кылып атканын түшүнсө да, айласы жок анын шартына макул болуп ханышанын көңүлүн тапмай болду. Кыздын алдына келип жүз аарчыдан укмуштуудай кооз гүл тиге салды. Муну ал тикмечиден үйрөнгөн болчу. Андан кийин камчысынын сабын ары-бери жонуп тыпырайган куурчак жасады. Муну болсо жыгач устадан үйрөнгөн. Ошентип, өз колунан чыккан эки белегин хандын кызына сунду. Баланын мындай өнөрү менен, укмуштуудай кооз белектерине хандын да, кызынын да көңүлү түштү. Ошондо алар мынчалык өнөрдүн баарына кантип жетишкенин сурашты.

— Мунун баарына атам менен апам берген тарбия, боорукердик жана адамгерчилик аркылуу жетиштим, – деп жооп кайтарды бала.

— Башка эч нерсе короткон жоксуңбу? – деп ого бетер таң кала сурады хан.

Бала койнуна катып жүргөн атасынын курун алып чыгып,

— Бул атамдын эски куру. Бир гана ушунун күчүн короттум, – деди.

Падыша баланын акылмандыгына, адамдык сапатына эми чындап суктанып ага кызын берип, өзүнүн ордуна падыша кылып дайындады.

Боорукер бала сүйгөнүнө жетип, такка отурганына үч күн, үч түн той берди. Бул тойго алыста жүргөн атасы менен апасын да алып келди. Андан кийин эки агасын таптырды. Агалары бүткүл акчасын уттуруп, ар кимдин үйүндө малай болуп жүрүшкөн экен. Боорукер бир тууган аларды да жанына алдырып үстүлөрүнө үй берди, астыларына ат берди. Ошентип баары жыргап-куунап бактылуу жашап калышты…

Комментариев нет:

Отправить комментарий