2.23.2015

Карта чучук



Карта чучукка 30-40 сантиметрдей карта, 200 грамм ич май, 200 грамм сулп эт, 50-100 грамм пияз, сарымсак, белгилүү өлчөмдө туз-калемпир керектелет. Жылкынын картасы көпчүлүк учурда жөн эле сууга бышырылат. Ал чучук ордуна жүрөт. Кээде таза жуулган картаны туздап, калемпир-мурч сээп, думбалай турат да, андан кийин эт, тууралган пияз, сарымсак кошуп, картанын ичине салат. Анан эки башын бек бууп, бышканча кайнатат. 

Картанын даамы, ич майы менен этке коруштун даамы кошулуп, кош даам болуп бышат. Аны муздак жана ысык бойдон берсе болот. Жашылча салатын кошуп берсе, андан да сонун.

Эля Муратбек кызы, Шоокум Журналы, 01.01.2008-ж.



Улуттук тамактын башка түрлөрү

Комментариев нет:

Отправить комментарий