2.21.2015

Сулайман Рысбаев. «Бакыт деген эмне?»




(аңгеме)

Токойго бардык жан-жаныбарлар чогулушуп, бир, маселени талкуулап жатышты.

Чын эле, «бакыт» деген эмне! Дүйнөдө ким бактылуу? Бул суроого адилеттүү жооп табуу баарынан кыйын болду.

– Мен токойдогу бардык жан-жаныбарларды башкарып турам, баары мага баш ийет. Мен баарынан бактылуумун – деп заңкылдады Арстан.

– Мен да баарынан бактылуумун, мен да эч кимге кор болбой жашай алам, — деп Карышкыр төшүн койгулады.

Деги койчу, ар бир жан-жаныбар өзүнүн ким жана кандай экендигин даңазалашып, «мен бактылуумун» деп жатышты. Биринин сөзү бирине жакпай, ар кимиси өзүнүкүн гана туура көрүп жатты.

Ушундай зор жандыктардын баары кумурскага чын эле бактылуудай туюлду. «Алар чоң, алар кандай бактылуу» деп ойлоп жатты. Анан бул жерден тез кеткиси келди, анткени «бирөөнүн бутунун алдында таптандында калып калбайын» деп коркту. Эмнеси болсо да, ал дагы өз оюн айтып калгысы келди.

– Мен бактылуумун деп мактана албайм, — деди ал үнүн чыйылдатып, — күн сайын эртең менен агарып таң атканын, кечинде кызарып күн батканын көрүп, бирөөгө кор болбой, өз эмгегим менен жашап жүргөнүмдүн эле өзү мен үчүн чон бакыт…

Ал ушу бир ооз сөзүн айтты да, чөптүн арасына жөргөлөп кирип кетип, көрүнбөй калды.

– Бул ким? –деди Арстан.

– Бул ким?..–дешип чоң жандыктар бири-биринен сурап жатышты. Себеби, бул сөзгө алар ызаланып калган эле. Аны эч кимиси таппай калышты.




С.Рысбаевдин башка чыгармалары

Комментариев нет:

Отправить комментарий