2.17.2015

Медетбек Сейталиев



Медетбек Сейталиев Талас районунун Үч-Эмчек кыштагында 1935-жылы туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, республикалык «Кыргызстан пионери» гезитинде жана «Жаш Ленинчи» журналында бир топ жылдары иштеген.

М.Сейталиевдин алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөндө эле райондук жана облустук «Жеңиш туусу», «Лениндик туу» гезиттерине жарыяланып, Кийин республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган.

М.Сейталиевдин туңгуч ырлар жыйнагы «Жаштыктын үнү» деген ат менен 1957-жылы жарык көргөн. М.Сейталиев проза жанрында да жемиштүү эмгектенген.

1963 жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1987-жылы дүйнөдөн кайткан.



Медетбек Сейталиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу


Талантка берген ак бата


Ырлар


ЖЕР ШАРЫНЫН КАРТАСЫНДА

Ой чынжырлап олтурамын үйүмдө,
Жайып коюп бүт дүйнөнүн картасын.
Жоого аттанган кыздар көрөм күнүгө,
Ээликтирип салып өтөт аркасын.

Эшикте кыш азууларын бүлөгөн,
Жарак кармап кайтаргансыйт түндөрүн.
Каракчыдай жашырынып сүйрөгөн,
Тоо башына эски кепин сүлдөрүн

Барып токтойм жарым шардан нары өтүп,
Кылаасында акырындап жаз келген.
Көлдөр сүйкүм таш мончоктой көгөрүп,
Суусун татсаң өмүрүңө жаш берген.

Миң түркүн куш үн алышып сайраган,
Бетим жуудум ал көлдөргө киринип.
Беш көкүлдүү бала болуп кайрадан,
Булут кубам багалегим түрүнүп.

Антей окшоп жер деминен кубаттуу,
Атомчуну чеңгээлиме көтөрөм.
Тентек балдар оюнчугу сыяктуу,
Куралдарын океанга чөгөрөм.

Адамзаттын багып келген энесин,
Жерди көрөм кечээгиден жаңыртып.
Жыт аңкыткан гүлгө бөлөп денесин,
Бардык чирик, булганычтан арылтып.

Алгыла деп адамзаттын баарына,
Сансыз кылым байлыктарын чачамын.
Күн суктанып шынаарлаган шаңына,
Колумбдай жаңы дүйнө ачамын.

Фархад окшоп аскаларды уратып,
Өмүр берем чөлгө мончок теримен.
Муз үстүнө шаарларды жаратып,
Согуш түстүү болотторду эритем.

Түмөн доор үгөлөнүп учкандай,
Чимириктей чимирилет дүнүйө.
Күн жолунан кыя басып чыккандай,
Биз келебиз келечектин үйүнө.


ИЗДЕР

Мен өзүмдүн баскан жолум карасам,
Кумда калган, сайда калган издерим.
Циркти көрүп ээрчип кеткен баладай,
Жоголгонду кайра келет издегим.
Ошентсе да жайдак аттай бош келбей,
Бар экен го кубанарым, эстээрим.

Мен өзүмдүн баскан жолум карасам,
Эки өмүрдү жашагандай сезилем.
Биринде мен уяң кыздай жашынган,
Биринде мен жылдыз болуп төгүлөм.

Чыйыр жолдор издеринде миң элем,
Бир өмүрүм түздөрүндө жаңылат.
Бири болсо мөңгүлөргө эмчектеш,
Тоо суусундай октос берип атылат.

Баскан жолго бир кылчайсам көз тигип,
Бир өмүрүм кездик өтпөс болоттой.
Бири болсо жал куйруктуу ат минип,
Кылыч окшоп бороон жирейт тоготпой.

Кыштын кыйгыл кечтериндей түсү жок,
Бир өмүрүм менден качып алыстайт.
Келечекке дилгир жандай ойну шок,
Бири болсо менден кетпей жакындайт.

Чыйрыкканбыз биз да согуш каарына,
Нандын даамын унуткара жаздаган.
Жоокерлердей алымсынган баарына,
Ошондогу өмүрүмө назданам!

Түшкөн үйгө жылуулукту калтырган,
Өткөн күндөр атчан конок салтындай.
Биздин жаштык бошко сиңип акпастан,
Жоокерлердин эрдигинин баркындай.

Даай албай, сүйгөн жарын күткөндөй
Коркок окшоп жалтангандай сүйүүгө.
Бир өмүрүм чагылгандан бүткөндөй,
Отко даяр, чокко даяр күйүүгө!

Мен өзүмдүн баскан жолум карасам,
Кумда калган, сайда калган издерим.
Циркти көрүп ээрчип кеткен баладай,
Жоголгонду кайра келет издегим.
Ошентсе да жайдак аттай бош келбей,
Бар экен го кубанарым, эстээрим.


* * *

Альбомдун эскирген барагынан,
Ай көрүнүп тургандай тамагыңан.
Жал-жал этип тиктеген сени көрдүм,
Жайдын таңы аткандай жамалыңан.

Ойлор учту зымырап миң-миң бөлүк,
Кыял сызды жүрөккө нурун төгүп.
Толо түштү жашоонун бөксөлүгү
Жансыз сүрөт өзүңдү кайра көрүп.

Көпкө чейин кадалдым көздү сүзүп,
Унуткардым бардыгын наарым түшүп.
Аяп кеттим акыры жаш сызылып,
Өмүрүңдү койгондой бирөө үзүп.

Куштар сайрайт кубулжуп жашыл бакта,
Айтчы чынын, жүрөсүң кайсы жакта.
Туталанды кайрадан көңүл оту,
Түштүң экен сүрөткө кандай чакта?!



Комментариев нет:

Отправить комментарий