10.07.2014

БЕРДИБЕК ЖАМГЫРЧИЕВ


Ырлар

ТАЖАДЫМ БУ ШААРЫҢДАН…
Бишкектен эмне таптым..Ылайга теңдеш актым.
Балалык аруулуктун, Баардыгын жерге чаптым…
Тажадым бу шаарыңдан, Күмөнмүн учаарымдан.
Көрүнөө уттурганым, Көп болду утаарымдан.
Чаңында куру жолдун, Чачылган шуру болдум.
Жасалма сезимдердин, Бир топ жыл кулу болдум…
Жалганга эленбеген, Жан элем элеңдеген.
Эңсөөлөр таза болчу, Көөдөндө тереңдеген.
Кыйнадым кылдай жанды,Кыялдар жылбай калды.
Үйрөндүм кара күчкө, Жасалма жылмайганды.
Үйрөндүм кас болгонду, Жибибей таш болгонду.
Ары жок махабатка, Темтейип мас болгонду.
Үйрөндүм алдаганды, Моюнга албаганды.
Түңүлгөн жүрөгүмө, Үмүттү жалдаганды.
Үйрөндүм арамдыкты, Чүрүшкөн сараңдыкты.
Көөдөнүм жукаргыча, Уюттум жалаң кытты.
Күйүткө чөккөндү да, Ичкенди, чеккенди да.
Үйрөттү ушул шаарың, Чындыкты тепкенди да..
Тешилип баш калканым, Жешилип жаткан чагым.
Табигый жан-дүйнөмдүн, Чыгардым таш-талканын.
Бири көк, бири жерде, Шаар жагат кимиңерге?..
Жанчылып тачка түрткөн, Агамын инилерге.
Дүйнөмдүн кулап туусу, Кетпеди кулак чуусу.
Көлчүккө айланды бүт, Көңүлдүн булак суусу.
Ээн-эркин талтактайбыз, Чолоосуз шалтактайбыз.
Соодалап жан-дүйнөнү, Намыс же ар таппайбыз.
Ичкеним берекесиз, Багытым көлөкөсүз.
Кепичин сүйрөп жүрөт, Келечек кебетесиз.
Каректи кара чалып, Кайдадыр барат алып.
Жарыкты издеп келгем, Айылдан аласалып.
Көралбай асманымды, Көө кылдым жаш жанымды.
Ошондо сезсем эмне, Жарыктан качканымды…
Бу шаардын саратаны, Куйкалайт жараканы.
Кан какшап сурайм тагдыр, Кайрып бер аласаны.
Ал:
Тоолордун ыйык жели, Апамдын алаканы…!


БУУЛУККАНДА
Түйүлгөн кабагымдан күн коркуп түнөрчүдөй,
Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй.
Толкундай артка кайтпас жалтанткан анык сүрүм,
Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй.
Жандуунун баары калды артымда балакайлап,
Жапжалгыз мага таандык катуу күч барат айдап.
Жонумда арстандар…жол улап кете бердим,
Жолумдан чыккан ташты жөн өтпөй жара чайнап.
Өрт баскан токой өңдүү качырап колу-бутум,
Өзөктөн сууруп салдым өмүрдүн болумушун.
Көздөрүм чарт үзүлүп чыкчудай чанагынан,
Каалабайм ушундайда душмандын жолугушун..
Ажалдын уусун ичип душмандын каны тургай,
Тукуму Кан Манастын буулугат дал ушундай..!

ЭРГИГЕНДЕ…
Сени ойлосом кыялдар келет түркүн,
Сезимимде ачылган демек гүлсүң.
Караңгыдан жарыкты бөлүп турган
Карачачтай көрөгөч кеңешчимсиң.
Сени ойлосом капалык качат менден,
Сенсиз билбейм кантип мен жашап келгем.
Жамалыңдан жаркыган ак таң келип,
Жарык күнүм айланып батат сенден.
Жаштык менен чыгарчу бүтүм көптүр,
Жан адамың келчү жол күтүлбөстүр…
Жадырашып далайлар жүргөн менен,
Жан-дүйнөмдү сенчелик түшүнбөстүр.
Мен бир жанмын сүйүүгө бат эргиме,
Мага болуп келесиң а сен күбө.
Кудай сени энчилеп берген окшойт,
Караан бол деп ыр жандуу апендиге…

БАШКА ЧЫКПА ЭМИТЕН…
(тамашалуу ыр)
Жокко чыгып сүйүүдөгү антыбыз,
Жоголууда күндөн күнгө баркыбыз.
Алгач жаңы сөз беришкен күндөрдө,
Ар убакта сый болот деп калчубуз…
Чамасы жок ишеничтин коргону,
Чачыратты сезим деген ордону.
Ажылдашчу аял менен эр эмес,
Азыр жаным кыз жигитпиз болгону…
Ашыкча чыр махабатка чек коёт,
Андайларды майда адамдар деп коёт.
Билесиңби эркектердин көп жашын,
Билдирбестен аялдары жеп коёт.
Сен бүркөлсөң менде кайдан жан тынмак,
Сендикмин деп турсан кана жаркылдап.
Кичи пейил мамилеңди көргөзчү,
Кийин деле жетишээрсиң аңкылдап.

СЕН АДАМСЫҢ
Сен адамсың, жарты эмес бир бүтүн,
Сезгин, тапкын бар бакыттын үлгүсүн.
Тумандан да көрсөк болот жарык нур,
Туура кармап бу турмуштун дүрбүсүн.
Калп дүйнөгө казык болуп не керек,
Калса калаар жакшы сөзүң бир күкүм.
Сен адамсың, акыл-эстүү жансың да,
Сенек болуп тирүүлүккө жанчылба.
Аздыр-көптүр кайгы үчүн кайыгып,
АДАМ деген дарегиңе камчы урба.
Үйүп алып көөдөнүңө боштукту,
Үмүтүңдү таштандыга калтырба.
Сен адамсың, жапыз болуп тепселбе,
Сезим өлүп калбаш керек эч сенде.
Таңгалдырып басып кеткин кулабай,
Тагдыр келип так жүрөккө тепкенде.
Көзүң барда ак дил менен жан үрө,
Көөдөнүңө “АДАМ” данын сепкенге.
Сен адамсың, кенен атта, тушалба,
Сен адамсың, так жебедей уч алга.
Келечегиң жатпаш керек оролуп,
Келечексиз кайгы, санаа, кусаңда.
Каалайм сага нур жолдорду адамзат,
Кана эмесе тагдырыңдан ут анда!!!

ҮМҮТ ЖАНА КЫЯЛ
Эңгиреген боштукту туяр менен,
Эбак эле үмүттү тыяр белем..
Жалган дүйнө жарыгын токтоткуча,
Жашайт тура адамдар кыял менен.
Кыял деген ушунча күлүк белем,
Кылым доорун заматта сүрүп келем.
Жетеги жок өмүрүн көп учурда,
Жеңет тура адамдар үмүт менен.
Күн табына жанымды кумарлантып,
Күндөрүмдү үмүткө куралдантып.
Кыска жолдон максатка жетүүчүдөй,
Кыялдардын күүсүндө турам балкып.

Комментариев нет:

Отправить комментарий