10.08.2014

ЭНЕ ТИЛ СЫРЛАРЫ


“Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт!”
Байдылда Сарногоев
Кыргыз тили — кудуреттүү, кереметтүү, сырдүйнөлүү тил эле. Кыргыз тили — тирүү, жандуу, ажайып тил болчу. Атаганат! Эне тилибиз, ушу сапат-сыпаттарын жоготуп баратат. Кыргыздар эне тилин жарытылуу билбей жансыз, супсак, кунарсыз сөздөрдү колдонуп, сүйлөп калдык. Өзгөчө, соңку муун жаштары! Көркөм кыргыз сөздөрү көөнө сөздөргө айланды. Ушу кенемтени азын-оолак болсо да толтуруу мүдөөсүндө, окурмандарга “Эне тил сырларын” байма-бай тартуулап турмакчыбыз!

  • Жаа бою качты – жанына жакын жолобой, көргүсү келбей качты маанисинде айтылат.
  • Сийдиги булут айланды – денеси дүркүрөп, аябай коркту деген сөздүн көркөм айтылышы.
  • Тоодой-таштай киши – эл арасында кадыр-баркы зор адамга карата айтылат
  • Күлгө чапкан көтөндөй болду – өтө уят болду, же шылдың болду, ыза-кордук көрдү дегендей маанини камтыган сөз.
  • Ардыккандан айттым – ардангандан, намыстангандан айттым маанисин билдирет.
  • Согончогу канабайт – балалуу болбогон, төрөбөгөн аялга карата айтылат.
  • Чамгарактап турат – көөп, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жанкишини тоготой турат маанисинде сүйлөнгөн сөз. Кээде, көңүлү көтөрүлүп, өтө кубанып дегенди да туюндурат.
  • Чакырып урган иттей кылдың – алдап чакырып алып жемелөө, ыза кылуу маанисин туюндурат.
Даярдаган Эрен САЯКТЕГИН, “Асман пресс”, 21-ноябрь 2013-ж.

Комментариев нет:

Отправить комментарий