9.25.2014

КАЛЧОРО КӨКҮЛОВ


Калчоро Көкүлов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Ленин районунун (азыркы Ноокен) Сакалды айылында 1953-жылы 26-февралда туулган.
1970-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, Нарын гидроэнергокурулуш мекемесинде иштеген. 1971–1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, 1970-жылдан ырлары Токтогул райондук «Учкун» гезитине жарыялаган..
1977-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келет.
Алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.
1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ырлар

* * *
Бул дүйнө бир нерсени өңүп турат,
Бул дүйнө бирден-бирди бөлүп турат.
Бир күнү чалкып жаткан мухит болуп,
Бир күнү тамчы суу жок, өлүк турат.
Бирөө бар миң жүйөөгө жеңилбеген,
Бирөө бар миңди жесе семирбеген.
Бирөөнүн бир курсагы тойбой жүрсө,
Бирөөлөр шыбагалаш теңир менен.
Акыры мезгил деген сураары чын,
Акырын «не кылдың» деп тураары чын.
Бирөөлөр, төрт муунуна байлык жыйды,
А менин төрт сап ырым кубанычым.
Атайын амал көрүп кесибимди,
Аларга арта албаймын кесиримди.
Ааламдын ак карасы эгиз бүткөн,
Адамбыз анча-мынча иш кечиримдүү.
Мен деле арык толуп агып турдум,
Мен деле канат күүлөп, кагып турдум.
Пейилиме күүгүм түшүп кетпесин деп,
Пенделик ыйманымды жагып турдум.
Бирөөлөр султан болду, чилтен болду,
Бирөөлөр пайгамбарга бир тең болду.
Энчиме буйрубаптыр андай оомат,
Эсен соо эл ичинде жүрсөм болду!
Бул дүйнө бирде коолап, өнүп турат.
Бул дүйнө бир табылып, төнүп турат.
Бир кезек калдыркандай катып калып,
Бир кезек нөшөр болуп, төгүп турат!
* * *
Менин да эртеңим бар, кечээгим бар,
Менин да жаман-жакшы кезегим бар.
Алда ким сурап калса дайынымды,
Алдына жайып койчу эсебим бар.
Жашоодо ары болдум, бери болдум,
Артыгы, агы болдум, кеми болдум.
Бирөөнү чымчык көрүп, асмандасам,
Бирөөнүн басып жеген жеми болдум.
Жаштыктын жигерин нак туталбадым,
Бирде гүл, бирде тикен тутамдадым.
Жакшыга жаным үйүр жүргөн менен,
Жаманга дүрт деп жанып, тутанбадым.
Карабай жакшы менен жаманыма,
Бирөөлөр ашык болду карааныма.
Бирөөнүн ай чырайын аңыз кылып,
Бирөөнүн күйүп жүрдүм жамалына.
Ал эми абай салып карасаңыз,
Азайып жылдан жылга аласабыз.
Акырын алдан кетип, күүдөн тайып,
Акырын биз улгайып баратабыз.
Тиргилик тирүүлүктүн касабы экен.
Тирүүлүк тиргиликтин мазагы экен.
Күн сайын күйүп жүрүү парз болсо да,
Күн сайын күлүп жүрүү — азап экен.
Менин да бүгүнүм бар, кечээгим бар.
Менин да жаман жакшы дешээрим бар.
Атайлап сурап калса кимдигимди,
Алып чыгып, сунуп турчу эсебим бар.

* * *
Ыраазымын көбү менен азына,
Ыр издедим, ырдан жыйып казына.
Кезеги төп, эсеби төп, дүйнө экен,
Келип турам алтымыштын жазына.
Бирде түтүн, бирде күйгөн жалынмын,
Бирде тапсам, бирде сурап сабылдым.
Мен тилесем ыр тиледим теңирден,
Мен жаңылсам, ыр деп атып жаңылдым.
Ыр санатым ырдан алыс чыга албайм.
Ыр канатым, ырсыз карыш жыла албайм.
Ыр сурап кел, ыр берип кет болбосо,
Ырдан башка алыш-бериш кыла албайм.
Эсеби дүң азы менен көбүнүн.
Эсенчилик, анан ыр бер теңирим.
Ыр деп жүрүп таң агарып, күн батып,
Ыр деп жүрүп өтүп атат өмүрүм…

* * *
Кимдин канча дарманы бар ким билет,
Бирден алып, кайра бирге сүргүлөп.
Дүйнө гана кагып турат эсебин,
Дүйнө зүкүт салып турат дүңгүрөп.
Бирин билсек, бирин билбей шүк болдук,
Бирибизге экинчибиз жүк болдук.
Андан буга, мындан ага жүгүрүп,
Амалы артып, бийлеп турат сүткорлук.
Бирин жыгып, бирин сүрүп тебелеп,
Бирин сөгүп, бирин кагып, жемелеп.
Аалам бүгүн доңшуп турат, көр болуп,
Аалам бүгүн көңсүп турат желелеп…

* * *
Ай асмандын сурап турам жемишин,
Акыл ойдун бийигисиң мен үчүн.
Менин кыйын, сага жетип бармагым.
Сенин кыйын, мага түшүп келишиң.
Алдым күүгүм, артым кара мунарык,
Жараткандан жардам күттүм, суранып.
Ай жылдарым өтүп жатат акырын,
Арман гөйгө, азап, шорго чыланып.
Асылдыктын, абаттыктын төрүсүң,
Адалдыктын, адамдыктын демисиң.
Менин кыйын сага чыгып бармагым,
Сенин кыйын мага түшүп келишиң.
Аалам болуп, аска болуп, турушуң,
Азиз нурсуң, акак, бермет, шурусуң.
Айды карап, күндү карап үшкүрүп,
Аргасы жок көргөн күнүң курусуң.
Сенде сымбат, сенде чырай, келишим.
Сен чүрөксүң, сен ак куусуң, перисиң.
Менин азап, сага чыгып бармагым,
Сенин кыйын, мага түшүп келишиң…

* * *
Бул жарыктан нээни гана көрбөдүм,
Нечен чөктүм, нечен кайра өрдөдүм.
Ата-баба изи болду басканым,
Ата-баба жолу болду өнмөгүм.
Атам кийген ак калпакты кийбесем,
Атам сүйгөн ала-тоону сүйбөсөм.
Амандыгым айткылачы кайсы олжо,
Адалдыкка азиз башты ийбесем.
Кыяматтык иш кетирсе тирүүлөр,
Кылапаты кыйла жылга билинер.
Карындаштар кантип карап жүзүңдү,
Кантип жүрөм араңарда инилер?!
Кара дилим кара желек ыргаса,
Кара жиним каралыгы ырбаса.
Жабыккандын даба болуп дартына,
Жазган ырым жарык чачып турбаса.
Анда менин баскан жолум ала экен.
Анда менин кылган ишим чала экен.
Айткан сөзүм арык аттап суу кечпейт,
Атаң көрү, адамдыгым алешем…
Эч болбосо эртеңкиге өрнөгүм,
Эш болбосо эл-журтума бергеним,
Азирети андай күнүң көрсөтпө,
Анда менин тирүү туруп өлгөнүм!

* * *
Калысы сүйлөп чет жерди,
Карысы сүйлөп бет келди.
Кашайып калып, замана,
Карышкыр болуп кеткенби.
Ажосу сүйлөп жалганды,
Ажысы сүйлөп армандуу.
Алжыган ушул замана,
Ажына болуп калганбы.
Дубаны турбай жаңырып,
Душманы өздөн табылып.
Дуулдап турат кайран журт,
Дубана болуп, ак уруп.
Керүүгө малын жайган бар,
Кеп жебей жүргөн айбан бар.
Келжиреп турган, наалаты,
Келесо балдар пайгамбар.
Акылдын нуру өчкөнбү,
Ар намыс жерде тепсенди.
Аң-дөңдү билбей замана,
Аңгүдүк болуп кеткенби…

* * *
Эзилген кезде эзилип,
Эшилген кезде эшилип.
Эртелеп барып бирине,
Энтеңдеп бирде кечигип.
Кысылган жерде кысылып,
Сызылган жерде сызылып.
Бирөөнү кармап олжолоп,
Бирөөнү колдон учуруп.
Шашылган жерден шашылып,
Ашынган жерден ашынып.
Бирине жетип шап кармап,
Бирине жетпей качырып.
Жанчылган жерден жанчылып,
Тартылган жерден тартылып.
Биринин калып чаңында,
Бирөөнү чаңга калтырып.
Үлгүргөн жерден үлгүрүп,
Үлгүрбөй калсам сүрдүгүп.
Энчилеш болуп мен менен,
Эрмешип келет тиргилик…

* * *
Колуңду кайрып артыңа.
Тебелей берет, тебелей,
Бутуңду матап мамыга.
Тебелей берет, тебелей.
Сүр кетип бүткөн боюңдан,
Сүйлөсөң тилиң келегей.
Жок десең жаагың карышып,
Аптыга калып, аптыга.
Ак десең акка боор тартып,
Аптыга калып, аптыга.
Чарайна чайнап алгансып,
Чагылган түшөт бактыңа.
Эркиңе койбой эсирип,
Төбөлөй берет төбөлөй.
Эзме кул кылып, өчүгүп,
Төбөлөй берет төбөлөй.
Ээрчиме сөзгө түшкүн дейт,
Эсинен танган немедей.
Дулдуюп турсаң үндөбөй.
Душманың күлөт табалап.
Акыйып турсаң аргасыз.
Амалдуу күлөт табалап,
Жабыгып турат курган жан,
Жабышып турат жаман ат.
Өзүңдү кайрап өзүңө.
Өгөлөй берет өгөлөй.
Өмүрдү салып убайга,
Өгөлөй берет, өгөлөй.
Өрт болуп турат душманың,
Өзүнө жанды теңебей.
Карайлап калсаң капилет.
Кашкая карап күлө бил.
Кемисең бир аз катардан,
Кериле басып жүрө бил.
Кайрыгы катуу бул жашоо.
Кайгуулу катуу бул өмүр…

* * *
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Адилет, калыс болсоң,
Бактыга шерик болсоң,
Кайгыдан алыс болсоң.
Сени деп кашкөйлөнүп,
Селпейип жайдак келем.
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Дүңкүйүп калмак белең…
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Март болсоң, кенен болсоң,
Айкашта атам болуп,
Азапта энем болсоң,
Тарта тур тизгиниңди,
Кое тур шашмалыгың.
Биле жүр баш кадырын.
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Сезе жүр ач кадырын.
Дүйнө сен дүйнө болсоң,
Кол тийгис асем болсоң.
Көз жеткис бийик болсоң.
Сөз жеткис көсөм болсоң.
Анда эмне мээнет болуп,
Бүткөнсүң жалаң терден!
Үнүңөн жүрөк үшүп,
Түрүңөн коркот пендең!

* * *
Ар нерсенин келет күнү, ай, жылы,
Ар учурдун болот азап, айдыңы.
Бийди бир күн чалып жыгат бийлиги,
Байды бир күн алып тынат байлыгы.
Арыла албай тээ качанкы дартыман,
Аттай албай акак сүйүү шартынан.
Көөдөн менен, көңүл менен жоолашып,
Көр дүйнөнүн түшө албадым артынан.
Бийлигине, байлыгына барбадым,
Бир өзүңү медер тутуп зарладым.
Кара башка кубат болду, дем болду,
Карегиңен бир кагылып алганым…
Азыр чачты ак аралап кар баскан,
Атаң көрү, карылык бар жармашкан.
Бүгүн бирөө таштайм десин асманын,
Бүт дүйнөнү карааныңа алмашпайм…
Ар нерсенин болот азы, арбыны,
Ар учурдун болот кеңи, тардыгы.
Бекти бир күн чалып жыгат бектиги,
Ханды бир күн алып тынат хандыгы…

* * *
Сүй деди тагдыр, сүйбөдүм,
Күй деди тагдыр, күйбөдүм.
Буладай сырын чубадым,
Булуттай көчкөн дүйнөнүн.
Кемели кетип толкуган,
Келечек күмөн, жол туман.
Кыйырын ченеп кылымдын,
Кыйсыпыр түшүп олтурам.
Мезгилин турат чиренген,
Мээнетиң турат тирелген.
Ар намыс менен айкөлдүк,
Алп Манас менен бир өлгөн.
Айдыңың калып гүл өнгөн,
Асманың калып түнөргөн.
Адилдик,актык,аруулук,
Айтматов өлгөн күнү өлгөн.

Мезгилди жаадай ийбедим,
Мээленген тушка тийбедим.
Атаңдын көрү, замана,
Атаңдын көрү, дүйнө күн !!!

Комментариев нет:

Отправить комментарий